ОшМУнун ректору Кожобеков: профессорлорубуз 800 доллардан өйдө маяна алат
17:07 07.10.2021 (Жаңыртылды: 22:33 16.12.2021)
© Фото / пресс-служба ОшГУОш мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков
© Фото / пресс-служба ОшГУ
Жазылуу
Илим-билим, технология өнүккөн сайын билим берүү системасы да өзгөрүп, шарттар жакшырышы керек. Бул заман талабы.
Билим берүү тармагын илгерилетүү мамлекеттин пайдубалын бекемдегенге барабар. Республикадагы мыкты окуу жайлардын бири Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда болуп, окуу жайдын өзү, аталган тармактагы саамалыктар тууралуу кенен маек курду.
— Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын арасында сиздердин университет алдыңкы орунда турарын айтышат, алгач эле ушул окуу жайдагы акыркы жаңылыктар тууралуу кеп салсаңыз?
— ОшМУ классикалык университет катары бардык багыттагы адистерди даярдайт. Муну акыркы 3-4 жылдан берки жетишкендик десек болот. Окуткан адистиктерибиз боюнча көз карандысыз тандоо рейтингдерине катышып, дайыма биринчи орунду алып келе жатабыз. Быйылкы 2021-жылдын жыйынтыгы менен өзүбүздүн министрликтин сынагынан тышкары ЕврАзЭС уюштурган сурамжылоого катышып, эң алдыңкы 10 университеттин катарына кирдик. Ал эми Орто Азия боюнча беш мыкты жогорку окуу жайдын бирибиз. Бул жамаатыбыздын эмгеги. Азыркы дүйнөлүк тажрыйба боюнча биздин ишмердүүлүк көз карандысыз уюмдар тарабынан бааланышы керек болуп турат. Келечекте дүйнөлүк сынактарга катышуу менен профессордук жамаатты да ошол рейтинги жогору окумуштуулардын тизмесине киргизүү максатыбыз бар. Муну менен катар Кыргызстанда университеттердин билим берүү системасын жакшыртуу боюнча да бир топ демилгелерди көтөрүп жатабыз.
Президенттин мыйзам ченемдик актыларды инвентаризациялоо боюнча да жарлыгы чыккан. Ошонун негизинде билим берүү системасына тийиштүү мыйзамдарды кайра карап чыгуу боюнча жумушчу топту көзөмөлдөө ишин министрлик ОшМУга жүктөгөн. Бир жылга жакын иштеп, мыйзам долбоорлору министрликтин кароосунан өтүп, жалпы коомдук талкуу үчүн сайтка коюлду. Анда мектептен баштап жогорку окуу жайларына чейинки билим берүүгө тийиштүү беш мыйзам бар экен, баарын бириктирип бир мыйзам долбоор сунуштадык.
Азыр окуу жайдын ички-тышкы маселелеринин баарын санариптештирүүгө өткөрүп алдык. Платформалардын баары өзүбүздүн адистер тарабынан даярдалып, ошол эле убакта республикага жайылтылды.
© Фото / пресс-служба ОшГУОш мамлекеттик университети 2021-жылдын жыйынтыгы менен ЕврАзЭС уюштурган сурамжылоого катышып, эң алдыңкы 10 университеттин катарына кирди
Ош мамлекеттик университети 2021-жылдын жыйынтыгы менен ЕврАзЭС уюштурган сурамжылоого катышып, эң алдыңкы 10 университеттин катарына кирди
© Фото / пресс-служба ОшГУ
— Чет өлкөлүк окуу жайлар менен тажрыйба алмашуу жагы кандай?
— Акыркы кезде Россиянын бир катар университеттери кыргызстандык студенттерди алып окутушууда. Ушундан улам Россиядагы партнер университеттерибиз менен студенттер "эки жыл бизде, эки жыл силерде окуп, жыйынтыгында эки жактын дипломун алсын" деген келишим түзүп жатабыз. Айылдан келген балдар ушул эки жылда бизден орус тилин өздөштүрүп, ата-энеден алыс, өз алдынча жашаганды үйрөнүп, шаар турмушуна көнүп кетүүгө мүмкүнчүлүк болот. Учурда Приволжье мамлекеттик медициналык университети менен биргелешкен программанын негизинде стоматология жана дарылоо факультетине, ошондой эле Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин баштапкы билим берүү жана англис тили факультетине абитуриенттер кабыл алынат. Муну менен катар Түштүк Урал университети менен да филология, аймак таануу жана компьютер адистиктери боюнча келишим түздүк. Балдар жатакана менен камсыздалып, окуу акысы ОшМУнун төлөмүнөн ашпайт.
— Россияда окуй турган студенттердин санына чек барбы?
— Россия тараптан чек деле жок. Бирок үч этаптан турган тест, экзамен алынып, абдан катуу сынак жүргүзүп жатышат. Тилекке каршы, көбү сыноодон өтпөй калууда. Россиялык делегацияга биздин бюджеттик бөлүмдөгү студенттерди да эки жылдык окууга чакыруу сунушун айттым. Бул жагынан РФ министрлиги менен макулдаша турган жагдайлары бар экен, эгер ишке ашып калса толук долбоор болор эле.
Россиялык университеттердин окутуучулары биздин студенттер менен мугалимдерге лекция да окуп беришет. Кайсы темада муктаждыгыбыз болсо, алар ошону өтүп берүүгө даяр. Ал эми илим изилдөөлөр, макала чыгаруу чогуу ишке ашырылып, медицина багытында PHD программаларын жактоодо да бир жетекчи өзүбүздөн, бири Россиядан болууда. Ушинтип тыгыз кызматташып жатабыз.
© Sputnik / Асель СыдыковаОш мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков: Россиянын бир катар университеттери кыргызстандык студенттерди алып окутушууда. Ушундан улам Россиядагы өнөктөш университеттер менен студенттер "эки жыл бизде, эки жыл силерде окуп, жыйынтыгында эки жактын дипломун алсын" деген келишим түзүп жатабыз.
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков: Россиянын бир катар университеттери кыргызстандык студенттерди алып окутушууда. Ушундан улам Россиядагы өнөктөш университеттер менен студенттер "эки жыл бизде, эки жыл силерде окуп, жыйынтыгында эки жактын дипломун алсын" деген келишим түзүп жатабыз.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Окутуучулардын кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн кандай кадамдар жасалып келет?
— Бүгүнкү күндө биздеги 20 факультетте бардык багытта адистиктер даярдалат, илгертен калыптанган мыкты профессордук курам бар. Бүгүн окутуучулардын потенциалын арттыруу үчүн тажрыйба алмашууга тынымсыз жиберип, квалификациясын жогорулатып жатабыз. Андан тышкары, эл аралык стандарттагы илимий журналдарга макалаларын чыгарууга аракет жасоодобуз. Онлайн окутууда студенттердин өздүк карточкаларын аралыктан толтурууга мүмкүн болгудай платформа жасап койдук. Бул иштер так аткарылып, карточкалары толсо аларга автоматтык түрдө балл топтолот. Баллы 200гө жеткен мугалимдин айлыгына дагы 10 миң сом акча кошуп беребиз. Эл аралык деңгээлдеги таанымал илимий журналга студенттин макаласы чыкса, мугалимине автоматтык түрдө жогорку балл берилет. Ушундай жолдор менен окутуучуларга мотивация берип отуруп, профессордук курамда атаандаштык жараттык.
Эл аралык рейтингде деле окуу жайда канча чет өлкөлүк мугалим иштээри же чет өлкөдөн тажрыйба алып келгендиги каралат. Ошол себептен россиялык профессорлорду кафедраларга көп эмес саат менен ишке алып, сабактарды онлайн өтүүсүнө мүмкүнчүлүк алдык. Мунун чыгымы да аз, эффективдүү да болот экен.
— Россиядан бөлөк дагы кайсы өлкөлөр менен иштешесиздер?
— Кытай республикасы менен биргеликте атайын долбоордун негизинде ачылган кыргыз-кытай факультети бар. Тилдин ар бир деңгээлин тапшырсаң кайсы бир семестрде Кытайда окуп келүүгө мүмкүнчүлүк берген программалары иштейт. Ошондой эле магистратураны толугу менен бюджеттик негизде Кытайдан окуп келүүгө болот. Ал эми Түркия, Испаниянын Кадис университети жана Европанын Батыш Чех университети (University of West Bohemia) менен да ушундай келишим түзүлгөн. Жакында эле Европанын жогорку экономикалык университетинин ректору келип, бир топ кагаздарга кол коюлду. Муну менен мугалимдерге да Европага баруу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат. Ал эми коңшу Казакстан жана Өзбекстан менен тынымсыз иштешебиз. Мугалимдер менен катар студенттерибиздин 15 пайызы дайыма сырттан билим алып турушу керек деген планыбыз бар.
© Фото / пресс-служба ОшГУКожобеков: Россиялык университеттердин окутуучулары биздин студенттер менен мугалимдерге лекция да окуп беришет. Кайсы темада муктаждыгыбыз болсо, алар ошону өтүп берүүгө даяр.
Кожобеков: Россиялык университеттердин окутуучулары биздин студенттер менен мугалимдерге лекция да окуп беришет. Кайсы темада муктаждыгыбыз болсо, алар ошону өтүп берүүгө даяр.
© Фото / пресс-служба ОшГУ
— Келишим менен окуган студенттердин окуудагы жетишкендиктерине карап, алардын төлөм акысын кыскартуу өңдүү программалар жакшы мотивация берет эмеспи. Сиздерде бул жагы кандай?
— Жылына университеттеги мыкты 10 студентти аныктап, аларга айына 100 доллардан стипендия берип турабыз. Ошондо бир студент жылына 1200 доллар акча алат. Бул өмүр бою биздин университетте иштеп, ардактуу эс алууга чыгуу алдында турган агайыбыз берип жаткан акча. Тамашалап "Нобелдик сыйлык" деп коёбуз. Ал киши илгертен чогулткан акчасынын баарын банкка салып, анын пайыздык бөлүгүн балдарга берүүдө.
Мындан тышкары, бир жолку стипендияларыбыз бар. Жашоо шарты начар, ата-энесинин бири жок же тоголок жетимдерге жыл сайын жалпысынан 10 миллион сомго жакын жардам берилет. Келишимдик негизде окуган балдардын баллы кайсы бир көрсөткүчтөн жогору болсо, окуу акысынан жеңилдик берилет деген норманы киргизүү боюнча жогору жакка сунуш берип жатабыз. Бюджеттеги студенттин жылдык көрсөткүчү начар болсо, ордун келишимдик негизде мыкты окуган балага өткөрүп бериши керек. ЖОЖдорго ушундай механизмдерди киргизүү туурасында демилге көтөрдүк. Бул студенттердин билим сапатына да абдан жакшы таасир калтырар эле. Ал эми спорттук, маданий же дагы башка мелдеш, сынактарда орунга илинип, ийгиликке жеткендер келишимдик негизде окуса сөзсүз жеңилдик берүү шарттарын карайбыз.
— ОшМУнун окутуучулары республикада эң көп маяна алган мугалимдердин катарында экенин айттыңыз.
— Бир ставка менен иштеген профессордун айлыгы 800 доллардын тегерегинде. Бирок баары тең эле жок дегенде 1,5 ставка менен иштешет да. Биздин мугалимдердин орточо айлыгы 40-50 миң сомду түзөт. Анан ставкасына жараша көбөйүп кете берет. Мисалы жөнөкөй мугалимдер деле 30 миң сомдон кем албайт. Инфляцияны эске алып, былтыр эле профессорлорго 6 миң сом кошконбуз, быйыл да кошобуз. Студенттердин жеке иш аткаруу баракчаларынын толтурулушуна карап да каражат кошуп беребиз. Мисалы, 100 балл топтосо 5 миң сомдон айлыгына кошуу мүмкүнчүлүгүн түздүк. Андан тышкары он үчүнчү айлык бар.
© Фото / пресс-служба ОшГУОш мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков: 20 факультетте бардык багытта адистиктер даярдалат, илгертен калыптанган мыкты профессордук курам бар. Бүгүн окутуучулардын потенциалын арттыруу үчүн тажрыйба алмашууга тынымсыз жиберип, квалификациясын жогорулатып жатабыз.
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков: 20 факультетте бардык багытта адистиктер даярдалат, илгертен калыптанган мыкты профессордук курам бар. Бүгүн окутуучулардын потенциалын арттыруу үчүн тажрыйба алмашууга тынымсыз жиберип, квалификациясын жогорулатып жатабыз.
© Фото / пресс-служба ОшГУ
— ОшМУнун техникалык базасы да мыкты дешет.
— Буга мага чейинки ар бир жетекчи өз салымын кошуп отурду. Азыр "ОшМУ мыкты билим берүү мекемеси болушу керек" деген максат менен инфраструктураны жакшыртууну колго алып жатабыз. Бүгүнкү күндө да эки-үч курулуш иши жүрүп жатат. Жакында эле министрлер кабинетинин төрагасы окуу жайыбыздын медицина факультетинде виртуалдык аудиторияларды ачууга катышты. Азыр университеттин алдында билим лицейи менен спорт комплекстеринин курулушу жүрүп жатат. Беш кабаттуу окуу корпусун ачуунун алдында турабыз. Талапка ылайык, студенттер мурунку 60-70-жылдары курулган имараттарда эмес, заманбап аудиторияларда окушу керек.
— Пандемия маалында көп окуу жайлар аралыктан окутууда алгач абдан кыйналды. Сиздердечи?
— Биз беш жыл мурун эле санариптештирүүнү баштаганбыз. Бул аралыкта университеттин ички окуу процессин автоматташтырып бүткөнбүз.
Университеттин алдындагы кесиптик колледждин студенттерине тигүү цехин ачтык. Медициналык факультеттердин клиникасы бар. IT академиябыз да окуу жайдан тышкары буюртмаларды алып иштөөгө ыңгайлашып жатат. Окутуунун электрондук формасын да мыйзамга киргизүүдөбүз.
Биздин университеттин алдында бала бакчадан баштап PHD докторантурага чейин бар. Колледждерге мектеп жашындагы балдарды алып келип, робот техникасы багытында билим берип, андан кийин IT академиясына киргизүү маселеси каралат. Бизде университеттеги бардык IT иштерин жасай турган мыкты команда бар. Кыйын адистерди атайын топтогонбуз.