Бир авиабилет көп адамга сатылып, жүргүнчүлөр ара жолдо калган. ЖКдагы талкуу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" аэропорттогу кишилер. Архив
Манас аэропорттогу кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
"Манас" аба майданынын директорунун орун басары Абдималик Бусурманкуловдун айтымында, учак ичи толбой калышы мүмкүн деген божомолдон улам бир эле билетти бир нече адамга сатуу практикасы колдонулуп келет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Төрт авиакомпания сатылган билеттерди кайра сатып, жүргүнчүлөрдү ара жолдо калтырганы боюнча маселе Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында көтөрүлдү.

Депутат Махабат Мавлянова Бишкек — Алматы багыты боюнча учканы жатканда өзү дагы жагымсыз окуяга кабылганын айтты.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Махабат Мавлянова
Бир авиабилет көп адамга сатылып, жүргүнчүлөр ара жолдо калган. ЖКдагы талкуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Депутат Махабат Мавлянова
"Каттоодон өтүп, "Эйр Астана" компаниясынын учагына отурганымда учак кызматкерлери жаныма басып келип "орун жок, кийинки рейс менен кетесиз" дешти. Бирок мен баары бир ошол каттам менен кеттим. Башка ондогон жүргүнчүлөр ара жолдо калды. Алардын арасында энелер, балдар бар. Баарынын планы бузулду да. Бири дарыланууга, экинчиси маанилүү жолугушууга бараткандыр", — деди Мавлянова.

Ал эми "Манас" эл аралык аэропортунун директорунун орун басары Абдималик Бусурманкулов авиакомпаниялар билеттерди 110 пайызга кайра сатуу практикасын колдонуп келерин айтты.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" эл аралык аэропортунун директорунун орун басары Абдималик Бусурманкулов
Бир авиабилет көп адамга сатылып, жүргүнчүлөр ара жолдо калган. ЖКдагы талкуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
"Манас" эл аралык аэропортунун директорунун орун басары Абдималик Бусурманкулов
"Муну маркетингдик саясат десек болот. Учак ичи толбой калышы мүмкүн деген божомолдон улам ушундай кадамга барат. Мисалы, кээ бирлер келбей калат же каттоодон өтүүгө жетишпей калгандар болот. Ал эми аэропорттун буга чектөө киргизүүгө укугу жок", — деди ал.

Эл өкүлү мындай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн өкмөт жетиштүү чара көрбөй жатканын белгиледи.

"Дүйнөнүн бир дагы жеринде мындай нерсе жок. Чет элдик авиакомпаниялар кайсы укук жана кайсы критерийлер боюнча кимди алып, кимди калтырып кетерин чечет экен? Авиациялык бийлик абийирсиз эл ташуучуларга каршы санкция жарыялашы керек", — деди Мавлянова.

Транспорт министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев мындай практиканы көбүнчө "Эйр Астана", "Аэрофлот", "Урал авиалиниялары", "Сибирь" компаниялары колдонорун айтты.

"Негизи мындайга жол берилбеши керек. Бул практика өзгөчө пандемия учурунда колдонула баштады. Биз Казакстан менен Россиянын авиация кызматтарына кат жолдогонбуз. "Урал авиалинияларына" кышкы сезондо учууга уруксат берилбей калышы ыктымалдыгы боюнча эскертүү дагы берилген", — деди Настаев.

Ал ошондой эле жабыркаган жүргүнчүлөр чыгымды төлөттүрүп алууга укуктуу экенин кошумчалады.

Депутат Шералы Абдылдаев тийиштүү мамлекеттик структуралардын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо керектигин айтса, Улугбек Ормонов авиаташуучуларга чара көрүү үчүн укугу бузулган жүргүнчүлөрдүн санын тактоо керектигин белгиледи.

© Фото / пресс-служба ЦИК КРЦентральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики в связи с наличием вакантного мандата депутата Жогорку Кенеша постановила признать Абдылдаева Шералы Итибаевича избранным депутатом Жогорку Кенеша Кыргызской Республики.
Депутат Шералы Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
1/2
Депутат Шералы Абдылдаев
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша от фракции "Бир бол" Улукбек Ормонов на заседании
Депутат Улукбек Ормонов - Sputnik Кыргызстан
2/2
Депутат Улукбек Ормонов
1/2
Депутат Шералы Абдылдаев
2/2
Депутат Улукбек Ормонов

Талкуунун соңунда комитеттин мүчөлөрү өкмөткө көйгөйдү бир жуманын ичинде чечүү жолдорун иштеп чыгуу сунушун берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0