00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Из экзотики в классику: как орхидеи прижились в городских квартирах
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
20:06
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чалагыз Исабаев жубайы Самара Токтакунова, уулу Актан менен. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Төрдө отурган "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин негиздөөчүсү, белгилүү музыкант Чалагыз Исабаев, анын сол жагында жубайы, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана уулу Актан Исабаевдин сүрөтү 1987-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ал кезеңди Актан Исабаев мындайча эскерет:

"Бул сүрөт жакында эле колума тийди. Мен үчүн атам менен түшкөн ар бир сүрөтүм өтө баалуу, менин жашоомдогу эң кадыр-барктуу, сүйүктүү адамым болуп кала берет. Ал кезде мен 15 жашта болчумун. Атам менен апам көп гастролдогондуктан аларды чыдамсыздык менен күтчүмүн, чет мамлекетке кеткенде айылдагы тайларымдыкына же шаарда өкүл балдарыныкына калтырып кетишчү эле. Дайыма жалгызсырап, ата-энемди сагынып жашачумун. "Эмне үчүн башка балдардай дайыма ата-энем менен бирге жашай албайм" деп ойлоно берер элем. Арадан жети-сегиз күн өтүп келип калышат. Сүйүнүп отурсак экөө кайра эле бир айга башка мамлекетке гастролго кетчү. Ал эми алардын ортодогу мамилесине, эки ак куудай өмүр сүргөнүнө көптөр суктанчу. Экөөнүн ортосу сегиз жаш айырма да. Атабыз каза болгондон кийин апам деле кусалыктан, кайгыдан артынан кетип калышы ыктымал эле. Сезими ушунчалык күчтүү болгон. Бирок үй-бүлөсүн, балдарын ойлоп, белин бекем бууп, жашоого бел байлады өңдөнөт", — деди Исабаев.

Эске сала кетсек, "Камбаркан" фольклордук тобунун түптөөчүсү Чалагыз Исабаев 1991-жылы Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 53 жашында көз жумган. Жубайлар 26 жыл бирге өмүр сүрүп, чыгармачылыкта бири-бирине жөлөк болуп, эки уулду татыктуу тарбиялаган. Улуу баласы Аслан АКШда скрипка боюнча сабак берип эмгектенсе, экинчи баласы Актан Исабаев Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн ырчы-аткаруучу.

Жаңылыктар түрмөгү
0