Кыргыз Республикасы 1991-жылы 31-августта көз карандысыздык жөнүндө декларациясын кабыл алып, өз алдынча республика болгонго жетишет.
Өлкө 30 жылда башынан далай окуяларды өткөрдү. 1990-жылдардын башында эл курсак тойгузуунун жолун издеп, тиричилигин өз алдынча улантты. Анткени убагында зүкүлдөп иштеп турган далай ишканалар жабылып, дүкөндөрдүн текчелеринде эч нерсе калбай калган. Аймактарда азык-түлүк тартыштыгы жаралып, калк пенсия, жөлөк пулдарын өз убагында ала албай кыйналган.

1/13
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов
Бишкектин четинде үй салууга аракет кылган жубайлар, 1990-жыл

2/13
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов
Легендарлуу парламенттин кезектеги жыйынындагы эл өкүлдөрү

3/13
© Фото / предоставлено Марией Исановой
Тоодо чөп чапкан тунгуч президент Аскар Акаев менен премьер-министр Насирдин Исанов

4/13
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов
Ош облусунун тургундары суу алуу үчүн кезекте турат

"Голдстар" фирмасынын президенти өлкө башчысы Аскар Акаевге телевизор белек кылууда, 1993-жыл

6/13
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов
Бишкек шаарындагы "Ош" базарда араба сүйрөгөн эркек киши, 1992-жыл

7/13
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов
Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу. Аскар Акаев, Сапармурат Ниязов жана Нурсултан Назарбаев. Ашхабад шаары, 1991-жыл

8/13
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов
Уул-кыздарынын бут кийимин тиккен көп балалуу ата

Борбордук аянтка митингге чыккан пенсионерлер, 1994-жыл

10/13
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов
Бишкектеги ишканалардын биринин ишмердүүлүгү менен таанышкан спикер Медеткан Шеримкулов менен өкмөт башчы Турсунбек Чынгышев

11/13
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов
Борбордо батирден батирге көчкөн үй-бүлөнүн оокат-жайы

12/13
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов
Өзбекстандын талаасында пахта терген Акаев, 1992-жылы

Кыргызстандын улуттук валютасы. Анда бир сом 200 рубль турган
