Азыркы муун үчүн көчмөн кыргыз элинин жашоосу, ата-бабалардын басып өткөн жолу, билген өнөрү тууралуу маалыматтар ар дайым керек болот. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги жана "Кийиз дүйнө" коомдук фонду элибиздин эзелки жашоосун эске салып, жай турмушун, анын ичинде аял менен эркектердин кандай өнөргө эгедер болгонун сүрөт аркылуу баяндап берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековСүрөттөгү келин өрмөк менен таар согуп жатат. Байыркылардан калган бул өнөр орто жолдо баркталбай калып, бирок соңку жылдары кайрадан колго алына баштады.
Сүрөттөгү келин өрмөк менен таар согуп жатат. Байыркылардан калган бул өнөр орто жолдо баркталбай калып, бирок соңку жылдары кайрадан колго алына баштады.
© Sputnik / Табылды КадырбековКомуз чаап жаткан уста. Мурдагы кыргыздардын тиричилигинде жыгачтан жасалган буюм-тайымдар басымдуулук кылган.
Комуз чаап жаткан уста. Мурдагы кыргыздардын тиричилигинде жыгачтан жасалган буюм-тайымдар басымдуулук кылган.
© Sputnik / Табылды КадырбековИйик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — жүндөн же кебезден жип ийире турган атайын аспап. Бул күндөрү мурдагыдай ар бир үйдө кезикпесе да кол өнөрчүлүк менен алектенген уздардын маанилүү буюмдарынын бири.
Ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — жүндөн же кебезден жип ийире турган атайын аспап. Бул күндөрү мурдагыдай ар бир үйдө кезикпесе да кол өнөрчүлүк менен алектенген уздардын маанилүү буюмдарынын бири.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыл аркан эшип жаткан учурдун бир көрүнүшү. Адатта арканга аттын куйругу менен жалын кошуп эшкенде жип бышык болуп, күбө жебей, көпкө кызмат кылган.
Кыл аркан эшип жаткан учурдун бир көрүнүшү. Адатта арканга аттын куйругу менен жалын кошуп эшкенде жип бышык болуп, күбө жебей, көпкө кызмат кылган.
© Sputnik / Табылды КадырбековУстачылык көп эл сыяктуу эле кыргыздарда да атадан балага өтүп келе жаткан өнөр. Ал эми ат жабдыктарын жасоо өзүнчө бир чеберчиликти талап кылган. Көчмөн элдин турмушунда күмүш бастырылып, аздектеп жасалган ээр-токумду бир жылкыга баалап, сатып алган учурлар да болгон. Сүрөттө уста көмөлдүрүк жасап жатат.
Устачылык көп эл сыяктуу эле кыргыздарда да атадан балага өтүп келе жаткан өнөр. Ал эми ат жабдыктарын жасоо өзүнчө бир чеберчиликти талап кылган. Көчмөн элдин турмушунда күмүш бастырылып, аздектеп жасалган ээр-токумду бир жылкыга баалап, сатып алган учурлар да болгон. Сүрөттө уста көмөлдүрүк жасап жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековБоз үйдүн түбүндө жаргылчак тартып жаткан апалар. Кезинде арпа, буудай дал ушул буюмдун жардамы менен майдаланып ун, талканга айланган. Ал эми жаргылчактын алдындагы супара да кыргыз аялдары үчүн өтө керектүү буюмдардын бири болгон.
Боз үйдүн түбүндө жаргылчак тартып жаткан апалар. Кезинде арпа, буудай дал ушул буюмдун жардамы менен майдаланып ун, талканга айланган. Ал эми жаргылчактын алдындагы супара да кыргыз аялдары үчүн өтө керектүү буюмдардын бири болгон.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖайлоо. Казанда кайнаган эт, шорпо.
Жайлоо. Казанда кайнаган эт, шорпо.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖүн сабап жаткан аял
Жүн сабап жаткан аял
© Sputnik / Табылды КадырбековЭэр ушинтип чабылат. Ал тал-теректен, карагайдан, кайыңдан жасалат.
Ээр ушинтип чабылат. Ал тал-теректен, карагайдан, кайыңдан жасалат.
© Sputnik / Табылды КадырбековБээни ушинтип тизелеп отуруп, колун жылкынын арткы бутунан, тагыраагы, санынан алып келип саайт
Бээни ушинтип тизелеп отуруп, колун жылкынын арткы бутунан, тагыраагы, санынан алып келип саайт
© Sputnik / Табылды КадырбековЖигит боз үйдүн түбүндө камчы өрүп жатат
Жигит боз үйдүн түбүндө камчы өрүп жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековБоорсок бышырып жаткан аял. Анын сол колундагы буюм — жыгачтан чабылган табак.
Боорсок бышырып жаткан аял. Анын сол колундагы буюм — жыгачтан чабылган табак.
© Sputnik / Табылды КадырбековТокулган таарды жээктеп жаткан уз
Токулган таарды жээктеп жаткан уз