Президенттин иш башкармалыгы 40 унааны кимдер үчүн алып жатканын айтты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖаңы автоунаалар. Архив
Жаңы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Райондордун акимдери үчүн кызматтык унаалар акыркы жолу мындан 13-15 жыл мурун сатып алынганы белгиленди.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгы 60 миллион сомго жаңы 40 машина сатып алууга жарыяланган тендер тууралуу түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, автоунаалар материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, акимдердин ишинин ыкчамдуулугун жогорулатуу максатында алынып жатат.

"Райондордун акимдери үчүн кызматтык унаалар акыркы жолу 13-15 жыл мурун сатып алынганын белгилеп кетүү зарыл. Алар моралдык жана техникалык жактан эскилиги жеткенине көп болду. Бүгүнкү күндө алардын басымдуусу тынымсыз оңдоп турууну жана республикалык бюджеттен чыгымды талап кылууда. Бийликтин вертикалын чыңдоо, акимдердин статусун жогорулатуу максатында автопаркты жаңылоо чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Райондук администрациялардын материалдык-техникалык базасын жаңылоо жаңы дайындалган акимдердин эффективдүү иштөөсү үчүн шарт түзүп берүүгө багытталганы белгиленди.

Каракол шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына берилген Toyota Land Cruiser Prado  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2021
Ысык-Көл: медиктерге берилген жолтандабас президенттин иш башкармалыгында жүрөт 
Эске салсак, президенттин иш башкармалыгы кечээ, 11-августта, республикалык бюджеттин эсебинен 60 миллион сомго 40 автоунаа сатып алууга тендер жарыялаган.

Анда машиналар ак түстө, заводдон жаңы чыккан (бир дагы жүрө элек) болушу керек деген талап коюлган. Ошондой эле төрт дөңгөлөгү тең тарткан, жогорку маневру бар болушу шарт. Президенттин иш башкармалыгы бул автокөлүктөр бардык типтеги жолдорго, анын ичинде шагыл жолдорго да колдонуларын белгилеген. Бирок кыймылдаткычынын көлөмү 2 500 куб сантиметрден ашпашы зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0