БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунун чет жакаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн 17 ооруканада 656 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалымат бүгүн, 28-июль, саат 10:00гө карата берилди:
- Улуттук хирургия борбору — 4;
- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 52;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 1;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 52;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 16;
- Чүй облустук бириктирилген оорукана — 19;
- Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 47;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 28;
- Улуттук госпиталь. Урология корпусу — 13;
- Улуттук госпиталь (мобилдик госпиталь) — 25;
- Наркология боюнча улуттук борбор — 30;
- Аскердик госпиталь — 15;
- Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 188;
- Улуттук госпиталь (Нейрокорпус) — 28;
- Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 123;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 14;
- КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 2.