Катар авиакомпаниясынын стюардессасы Перизат: эркектер бул жумушка чыдабайт
16:44 03.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / из личного архива Перизат РыспаевойQatar Airways авиакомпаниясынын борт кызматкери Перизат Рыспаева
© Фото / из личного архива Перизат Рыспаевой
Жазылуу
Караколдук Перизат Рыспаеванын Qatar Airways авиакомпаниясынын борт кызматкери болуп иштегенине алты жылдан ашты. Саякаттоону кыялданган кыз учурда 72 мамлекетке барып келген.
Рыспаеванын айтымында, стюардесса болууну эңсегендер биринчи кезекте англис жана башка тилдерди мыкты билиши керек. Анан, албетте, ден соолугуң чың болушу зарыл. Алгач Дубайга жөн гана сатуучу болуп иштегени барган Перизат кантип стюардесса болуп калганы, борт кызматкерлеринин милдеттери, аталган кесиптин ысык-суугу тууралуу Sputnik Kyrgyzstan радиосуна берген маегинде кененирээк айтып берди.
— Алгач өзүңүз тууралуу маалымат берсеңиз? Каякта чоңойдуңуз, кайсы жерден билим алдыңыз?
— Караколдо төрөлүп, өстүм. Ошол жердеги Ленин мектебинде билим алып, Бишкектеги жогорку окуу жайда экономика жана менеджмент бөлүмүндө окудум. Ал эми журналистикага Караколдо жүргөн кезимде аралашып калгам. Кастинг аркылуу өтүп, телеканалда музыкалык көңүл ачуучу программаны алып барып калдым. Кийинчерээк мени Бишкектеги журналистика боюнча мектепке жиберишип, билим алгандан кийин жаңылык, дебаттарды алып барып, бул тармакка олуттуу кириштим. Ошентип 2009-жылдан баштап 2013-жылга чейин телевидениеде эмгектендим. Башында Караколдогу Антен ТВда, андан соң 5-каналдын Ысык-Көлдөгү аймактык кабарчы, Бишкекте жүргөндө таңкы программанын редактору, жаңылыктардын кабарчысы болчумун.
— Анан кантип авиация тармагына келип калдыңыз?
— Мектепте окуп жүргөндө эле 1-класстан баштап англис тилин жакшы окутушту. Каракол туристтик шаар болгондуктан, чет элдиктер келсе эле шаар жөнүндө маалымат берип, сүйлөшө калчумун. Андан тышкары, ар кандай чет элдик долбоорлордо ыктыярчы болуп иштедим. Бул аракеттер англис тилин дагы да терең өздөштүрүүгө жардамын берди. Бирок тилди унутуп калбаш үчүн дайыма сүйлөшүп туруу зарыл эмеспи. Бишкекте иштеп жүргөндө 21 жашта элем, англис тилин жакшылап үйрөнүп келейин деп чет мамлекетке чыгууну пландагам. Ал кезде байкем Дубайда жашачу. Бир күнү Дубайдагы аэропорттогу дьюти фриде (Duty Free) жакшы шарты менен жумуш табылып калды. Анын үстүнө ошол кезде Дубай дүңгүрөп катуу чыгып жаткан. Ошентип эки жылдык контракт менен кетип калдым. Иш үстүндө дүйнөнүн булуң-бурчунан келген экипаждарды көрдүм. Алар дүйнөдөгү гигант авиакомпаниялардын кызматкерлери эле. Жүргүнчүлөр борт кызматкери болбойсуңбу, бардык критерийлерге жооп бересиң деп ойлонтуп коюшчу. Көрсө, муну авиакомпаниянын кызматкерлери эле айтып жүрчү экен. Андан соң интернеттен компаниялар тууралуу маалымат жыйнай баштадым. 2013-2014-жылдары авиакомпаниялар чоң мейманканаларда ачык эшик өткөрүп калышты. Ал жерге резюмесин таштап калыш үчүн 3-4 миңдей улан-кыз келет. Мен да бир күнү чыгынып эртең менен барып, түштөн кийин 3-4төрдө араң анкетамды бергенге жетиштим. Алар улутум, канча тил билеримди, буга чейин кайда иштегенимди сурашты. Анан колуңду өйдө көтөргөндө манжаңдын учуна чейин боюң 212 сантиметрге жетсе аталган кызматка жарактуу болот экенсиң. Ошентип сыртка чыгып таксиге отурарым менен экинчи турга өттүң деп чалышты. Мына ушундай турлардан кийин авиакомпания өзү эки ай окутат. Жыйынтыгында экзаменден өткөндөн кийин лицензия берилет да, анан учуп баштайсың.
© Фото / из личного архива Перизат РыспаевойСтюардесса: эң узун рейс Жаңы Зеландияга болду. Ошол учурда дүйнөдөгү эң узак учуу деп рекорддук көрсөткүч болгон. Дохадан Окланд шаарына 18 саат учканбыз
Стюардесса: эң узун рейс Жаңы Зеландияга болду. Ошол учурда дүйнөдөгү эң узак учуу деп рекорддук көрсөткүч болгон. Дохадан Окланд шаарына 18 саат учканбыз
© Фото / из личного архива Перизат Рыспаевой
— Эки айдын ичинде эмнелерди үйрөтөт?
— Биздин компаниянын 10 миңге жакын борт кызматкери бар. Бизнес кеңейген сайын жаңы самолёттор келе берет, ал эми ошого жараша кызматкерлер талап кылынат. Ошондуктан компаниянын адистерди даярдоо боюнча өзүнүн окутуу системасы болот. Теория, практика бирдей үйрөтүлөт. Ал үчүн атайын жасалма учак, симуляторлор бар. Ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү да окутулат. Биринчи жардамдан дагы олуттуу жардам керек болуп, жакынкы аэропорттон алыс болсок, дарыгерлердин кызматына чалып алардын инструкциясы менен бейтапка жардам беребиз. Бул жаатта жылына бир жолу аттестациядан өтөбүз.
— Стюардесса болуп иштеген алты жылдын ичинде канча саат, канча рейс учуп, канча өлкөгө бардыңыз?
— Былтыр санаганымда ушул жылдар аралыгында 72 мамлекетке барыптырмын. Бир айда 90-100 саат учам. Болгону былтыр коронавирустан улам каттамдардын саны кыскарып, азыраак учтук. Ал эми канча шаарга барып жана канча рейс жасаганымды санай элекмин. Өтө көп. Борт кызматкерлери ар кандай багытта уча берет. Мисалы, бир жолу учкан экипажың менен кийин таптакыр көрүшпөй калышың мүмкүн. Дайыма эле кайсы бир мамлекетке учкан учурлар болбойт деле. Алты континентке бирдей кете беребиз.
— Стюардесса кайда учарын ким жана кантип тандайт?
— Автоматташтырылган системага ылайык бир ай мурда учуу расписаниесин алабыз. Кызматкерлер көп болгондуктан муну адамдар бөлүштүрбөйт.
— Кызматкерлерди кандай өзгөчөлүктөрүнө карап алышат? Моделдик агенттиктерден тандашабы деген да суроо туулат. Укканым боюнча боюнан баштап тырмагынын түзүлүшүнө чейин карайт экен. Чындыгында эле сырткы келбет боюнча талап катуубу?
— Туура айтасыз. Борт кызматкери боло турган адамдын денесинин ачык жеринде татуировка, тырык болбошу керек. Жогоруда айтып өткөндөй, 212 сантиметрге колуң жетсе анда жарактуусуң. Анан жумушка орношкондон кийин ар бир авиакомпаниянын өзүнүн талаптары болот. Алсак, башка компаниялар стюардессанын чачынын жасалгасы, макияж, маникюруна олуттуу талап койбойт. Жакшынакай көрүнүп турсаң болду деши мүмкүн. Ал эми мен иштеп жаткан Qatar Airways дүйнөдөгү алдыңкы беш авиакомпаниянын бири. Талап өтө жогору. Бирдей униформа, теринин өңүндөй колготки киебиз. Макияж, тырмактын түсүнө да чектөө бар. Ачык өңдөр колдонулбайт. Кыска иймек тагынабыз, майда чачтар чыгып калбашы зарыл. Айтор, өтө тыкан болушуң керек. Ар бир рейстин алдында чогулуш болуп турат. Анда имидж бөлүмү келип башыбыздан бутубуздун учуна чейин карап, текшерет. Эгер кайсы бир кызматкердин бетине безетки же учук чыгып калган болсо, рейстен алып коюшат.
— Борт кызматкерлердин ичинде кыздар басымдуулук кылса керек? Мырзалар бул жумушка чыдамдуу келишеби?
— Авиакомпаниянын жүзү бул борт кызматкерлери эмеспи. Компаниянын атын укканда дароо жүргүнчүлөрдү тейлеген стюардессаларды элестетебиз. Сырткы келбетке жана ишибизге талаптын жогору болгону мына ушундан. Бул талаптарга көбүнчө мырзалар чыдай албай кетишет. Россия, Араб өлкөлөрүндө аскердик кызматын өтөгөн кесиптештерим бул жерге караганда армияда тартип, талап жеңилирээк деп айтып калышат. Чыдабагандар көп учурда биринчи контракт бүткөндөн кийин кетишет. Кызматкерлер көп, менимче, алардын 80-85 пайызын кыздар түзөт.
— Ишке киришип жатып кандай үмүт арттыңыз эле, акталдыбы?
— Стюардесса болууну кыялданган эмесмин. Себеби өтө оор жумуш, иштей албасам керек деп ойлочумун. Бирок алардын жумушу тууралуу укканда менин деле колуман келерине ишенип жаткам. Жумушка орношууга барганда да, тимеле укмуш, бойлору узун, татынакай талапкерлерди көрүп ичимен мени алышпаса керек деген ой болду. Эмнегедир жактырып, өтүп кеттим. Бирок мен саякаттоону көп кыялдангам. Баргым келген мамлекеттердин тизмеси бар эле. Улам көрүп келген сайын чийип коём. Мурда көрбөгөн мамлекетке бара турган болсом, алдын ала даярданып, эс албастан дароо шаар айланып көрүп чыгам.
© Sputnik / Асель СыдыковаРыспаева: чоң мамлекеттердин министрлери, падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү, бизнесмендер, тескерисинче, таптакыр жөнөкөй, айтканыңды ашыкча сүйлөбөй аткарышат. Анткени биздин иш-аракеттин себеби бар экенин билишет
Рыспаева: чоң мамлекеттердин министрлери, падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү, бизнесмендер, тескерисинче, таптакыр жөнөкөй, айтканыңды ашыкча сүйлөбөй аткарышат. Анткени биздин иш-аракеттин себеби бар экенин билишет
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Тасмаларда жумуш өтө оор деле көрүнбөйт. Татаал бөлүгү кайсы?
— Адамдар менен иштегендиктен ар биринин көңүлүн таап, алардын психологиясын түшүнө билүү чындыгында кыйын эле. Узак сапарларда жүргүнчүлөрдүн тамагын берип, суранычтарын аткарып, суроолоруна жооп беребиз. Айрым адамдардын "силердин жумушуңар чай, кофе ташуу менен чектелет, борт кызматкерлери асмандагы официанттар" деген пикирлерин көп эле угуп калам. Ушул индустрияга аралашып иштеп баштагандан бери менин көз карашым өзгөрдү. Себеби учактын ичине 200 адам кирсе алардын коопсуздугун карап аман-эсен жеткирүү биздин башкы максатыбыз. Анткени учакка биринчи отургандар болот, ооруп калышат же өнөкөт дарты кармап калат. Ар бир жүргүнчүнүн саламаттыгына көз салып, керек болсо биринчи жардам көрсөтөбүз. Учак эң коопсуз транспорт деп эсептелет. Ошентсе да экипаждын мойнунда чоң жоопкерчилик болот. Албетте, абада жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн абдан чоң команда иштейт. Бул пилоттор, жердеги техникалык инженер, диспетчер, учактын ичин тазалагандар жана башка адистер. Ал эми борт коштоочулардын жумушу психологиялык жактан оор деп айтат элем. Баарыбыз эле жүргүнчү катары кетип баратканда учак кармалса, аба ырайынан улам учпай калса дароо борт коштоочуларга кыйкырабыз. Анан чарчабай ар бирине кичинекей балага түшүндүргөндөй чоо-жайын айтып беребиз. Кандай гана абал болбосун жылмайып, эмоцияңды көрсөтпөйсүң.
— Стюардессаларга жаш боюнча чектөө барбы?
— 21 жаштан баштап стюардесса болуп иштесе болот. Ал эми Америка, Британиянын авиакомпанияларында улгайган стюардесса апалар бар. Биринчиден, ал жакта жаш боюнча чектөө жок, экинчиден, биз сыяктуу айына 90-100 саат учушпайт. Алар кыска сапарларды тейлейт. Кадимки жумушка барып келгендей эле иштешет. Борт коштоочулук алардын негизги кесиби. Ал эми Ортоңку Чыгыштагы компанияда иштеген менин кесиптештеримдин 99 пайызынын кесиби башка. Саякаттоо же тажрыйба топтоо максатында келип, кетишет.
© Фото / из личного архива Перизат РыспаевойСтюардесса: инструкцияны аткарбаган адамдар кыжырды келтирет
Стюардесса: инструкцияны аткарбаган адамдар кыжырды келтирет
© Фото / из личного архива Перизат Рыспаевой
— Өзгөчө кырдаалдарга кандай даярдык көрөсүздөр?
— Учак сууга же жерге шашылыш конушу мүмкүн. Эгер өзгөчө кырдаал болуп, самолёт аман-эсен жерге конуп алса, экипаждын чыныгы жумушу мына ошондо башталат. Авариялык эшиктерди ачып, жүргүнчүлөр чыгарылат. Авиация эбак өнүккөн Европа өлкөлөрүндө экипаждын мүчөлөрүнө көз караш башкача. Алардын айтканын так аткарбаса туура эмес бир нерсе болуп кетерин, эгер авариялык абал болсо, борт коштоочулар өмүрүн сактап каларын билишет. Ошондуктан аларды урматтап, сыйлашат. Ал эми анча өнүгө элек өлкөлөрдө адамдардын түшүнүгү, аң-сезими ошол нерсеге жете элек. Алдыңкы өлкөлөргө учканда жүргүнчүлөр минтсем, тигинтсем болобу деп сурашат, ал эми өнүгүү жолундагы мамлекеттин адамдары көбүнчө өзүм билемдикке салышат.
— Сиздин тажрыйбаңызда өзгөчө кырдаалдар болду беле? Абалдан кантип чыктыңыз?
— Биздин авиакомпания эң акыркы үлгүдөгү жаңы чыккан учактарды алат. Ошондуктан өзгөчө кырдаалдарга туш болгон жокмун. Болгону бир жолу учактын дөңгөлөгү чыкпай калышы мүмкүндүгүн, жерге катуу конорубузду айтып калышты. Жүргүнчүлөргө билдирбей кабинаны даярдап турдук. Мында самолёт курсагы менен жерге сүрүлүп, өрт чыгып же шосседен чыгып кетиши мүмкүн эле. Бирок кудай жалгап андай болгон жок.
— Экипаждын ортосунда кандайдыр сүйлөшүү тили барбы, балким "сленг" колдоносуздар?
— Авиацияга байланыштуу техникалык сөздөр менен гана сүйлөшөбүз.
© Фото / из личного архива Перизат РыспаевойСтюардесса: учуунун алдында авиакомпаниянын имидж бөлүмү бизди башыбыздан бутубуздун учуна чейин карап, текшеришет. Эгер кайсы бир кызматкердин бетине безетки же учук чыгып калган болсо, рейстен алып коюшат
Стюардесса: учуунун алдында авиакомпаниянын имидж бөлүмү бизди башыбыздан бутубуздун учуна чейин карап, текшеришет. Эгер кайсы бир кызматкердин бетине безетки же учук чыгып калган болсо, рейстен алып коюшат
© Фото / из личного архива Перизат Рыспаевой
— Ал эми тамак-аш жөнүндө эмне айтууга болот. Учактын тамагын жейсизби? Кызматкерлердин менюсу өзгөчөлөнөбү же жүргүнчүлөрдүкүндөй элеби?
— Экипаждын тамагы жүргүнчүлөрдүкүндөй эле. Жер-жемиш берилет. Учактын тамагын кээде жейм, айрым учурда үйдөн атайын тамак даярдап алам.
— "Көйгөйлүү" жүргүнчүлөр көп кездешеби?
— Ооба, алгач мен үчүн адамдар менен сүйлөшүү оор болду. Бирок мурда журналистикада жүргөнүмдүн пайдасы ошол жерден тийди. Кээ бир жүргүнчүлөр бир нерсени жарылып кетчүдөй болуп сурай албай, айта албай отурган болот. Мен ачык адаммын. Андыктан адамдардан эмне жакпай жатат, эмне болду, баары жакшы элеби деп сурап турам. Айрымдары ашыкча чай же суу сурагандан уялышат. Бул адамдарды түшүнүү менен карап, тилин тапканга аракет кылам.
— Жүргүнчүлөр кандай кылыктары менен кыжырыңызды келтирет?
— Инструкцияны аткарбаган адамдар болот. "Учканы жатабыз курду тагыныңыз, столду жабыңыз" деп суранганда эмнеге, эмне үчүн же өзүм билем дегендер болот. Кээде турбуленттуулук болуп жатканда баспай, отуруңуз деп айтсаң, "а сен неге отурбай басып жүрөсүң" деп талашып-тартышат. Бул эми билимдин жетишсиздиги, маданиятсыздыктын белгиси деп айтат элем. Менин байкаганым боюнча айтсам, чоң кызматтагы адамдар, чоң мамлекеттердин министрлери, падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү, бизнесмендер, тескерисинче, таптакыр жөнөкөй, айтканыңды ашыкча сүйлөбөй аткарышат. Анткени биздин иш-аракеттин себеби бар экенин билишет. Кылар ишиң жок, тийишип, курулай айтып жаткан жериң жок да. Адамдар ушул нерсени түшүнсө. Бирок маданиятсыз адамдарды дароо ордуна коёбуз. Бара-бара адамдар жүргүнчү болуунун этикасын үйрөнүп жатышат.
© Sputnik / Асель СыдыковаРыспаева: алгач мен үчүн адамдар менен сүйлөшүү оор болду. Бирок мурда журналистикада жүргөнүмдүн пайдасы ошол жерден тийди
Рыспаева: алгач мен үчүн адамдар менен сүйлөшүү оор болду. Бирок мурда журналистикада жүргөнүмдүн пайдасы ошол жерден тийди
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Биздин жүргүнчүлөр менен чет элдиктер ортосунда жүрүм-турум жагынан айырмаланышабы?
— Биздин жарандар менен жүргүнчү болуп эле учпасам, экипаждын мүчөсү катары уча элекмин. Байкаганым учак конору менен уруксат бериле электе эле курду чечип тура калып, чыгууга шашышат. Курду тагын деген белги өчмөйүнчө турууга болбойт. Себеби учак толук токтошу зарыл. Багажды ачып жүктөрүн алышат, экипаждын отургула деген сөзүн кулакка илишпейт. Кежирликти коюп, коопсуздукту да ойлой жүрүшүбүз керек деп айтат элем. Ал эми Казакстан, Өзбекстандын жүргүнчүлөрүн коштоп учтум. Таң калып карашат. Россиялыктар да орус тилин кайдан билесиз деп көп сурашат. Биздин компанияда Орто Азиядан кызматкерлер аябай аз болчу. Орусча сүйлөгөн адамды жолуктурсам, бир тууганымды көргөндөй эле сүйүнчүмүн. Азыр азиаттар көбөйүп калды.
— Учак жарым-жартылай толуп же бир эле жүргүнчү менен учкан учурлар болобу?
— Ооба, өзгөчө былтыр пандемия учурунда жүк, дары-дармек, ошону менен бирге үч-төрт жүргүнчү менен учуп калдык. Өткөн жылы чоң компаниялар гана учуп жатты. Мындай көрүнүш гигант компанияларда болчу эмес.
© Фото / из личного архива Перизат РыспаевойРыспаева: учак сууга же жерге шашылыш конушу мүмкүн. Эгер өзгөчө кырдаал болуп, самолёт аман-эсен жерге конуп алса, экипаждын чыныгы жумушу мына ошондо башталат
Рыспаева: учак сууга же жерге шашылыш конушу мүмкүн. Эгер өзгөчө кырдаал болуп, самолёт аман-эсен жерге конуп алса, экипаждын чыныгы жумушу мына ошондо башталат
© Фото / из личного архива Перизат Рыспаевой
— Кандайдыр бир бонус, премия берилеби? Виза жагы кандай болот?
— Премия берилбейт. Бирок башка авиакомпанияларга салыштырмалуу айлык акы көбүрөөк. Себеби биз мамлекетке салык төкпөйбүз. Маянаны толук алабыз. Визага келе турган болсок, башында айрым мамлекеттерге, мисалы, Сингапур, Австралияга биринчи жолу кирип жатканда каттоодон өтөбүз, ал эми Америкага дипломат, экипажга атайын виза берилет. Калган башка мамлекеттерге лицензия менен кире беребиз. Жаныбызда дайыма паспорт, экипаждын мүчөсү деген сертификат болот. Паспортко ар бир учууда мөөр басылбайт.
— Тажрыйбаңызда эң узак жана эң татаал сапар болдубу?
— Татаал деп айтпайм. Эң узун рейс Жаңы Зеландияга болду. Ошол учурда дүйнөдөгү эң узак сапар деп рекорддук көрсөткүч болгон. Мындан тышкары, Дохадан Окланд шаарына 18 саат учканбыз.