Кувейтте стюардесса болуп иштеген Мээрим: каттам сайын суроо берип текшеришет

© Фото / из личного архива Мээрим Калкамановой Kuwait Airways улуттук авиакомпаниясында стюардесса болуп эмгектенген Мээрим Калкаманова
 Kuwait Airways улуттук авиакомпаниясында стюардесса болуп эмгектенген Мээрим Калкаманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
Ысык-көлдүк Мээрим Калкаманова борбор калаадагы университеттердин бирин кызыл диплом менен аяктап, андан соң аспирантурада окуп, илим менен кетүүгө аракет кылган. Бирок лингвист чет өлкөдө башка кесипти аркалаганга аргасыз болгон.
Ал азыр дүйнө кезип Kuwait Airways улуттук авиакомпаниясында стюардесса болуп иштеп келет. Өзгөчө кесип ээси менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маектешти.
— Кыргызстанда жогорку окуу жайдан кайсы кесипке ээ болдуңуз эле жана кантип Кувейттин авиация тармагында иштеп калдыңыз?
— Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин лингвистика факультетин кызыл диплом менен бүтүргөм. Өзүм чет тилдерге аябай жакынмын, мектепти аяктаганда эле англис тилин жакшы деңгээлде билчүмүн. Жогорку окуу жайда кытай тилин окуп, курстарга барып түркчө, немисче, французча үйрөндүм. Азыр Кувейтте араб тилин өздөштүрүп жатам. ЖОЖду бүтүп Улуттук илимдер академиясында аспирантурада окуп, студенттерге сабак берип иштеп калгам. Ага чейин түрдүү себептерден улам Кытайдан акысыз билим алууга барбай калдым. Негизи өзүм адистигим боюнча илим менен кетүүнү пландагам, бирок чет өлкөдөн иш издөөгө мажбур болдум. Алгач Дубайга барсамбы деп жүргөм. Мейманканадан жумуш чыккан, бирок негедир ал жерде иштегим келген жок. Көп өтпөй Кувейтке чакырып калышты. Жаңы келгенде жергиликтүү араб ишкеринин кофейнясына орношком. Ал жерде бир жылдай жүрдүм. Дагы бир жылдай кийим-кече саткан дүкөнгө сатуучу болдум. Андан кийин сынак аркылуу Kuwait Airways компаниясына жумушка алынып, беш жылдан бери эмгектенип жатам.
© Фото / из личного архива Мээрим КалкамановойКалкаманова: чет тилдерге аябай жакынмын, мектепти аяктаганда эле англис тилин жакшы деңгээлде билчүмүн
Стюардесса в Кувейтской авиакомпании Мээрим Калкаманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Калкаманова: чет тилдерге аябай жакынмын, мектепти аяктаганда эле англис тилин жакшы деңгээлде билчүмүн
— Стюардессалардын иши көпчүлүк үчүн абдан кызыктуу сезилет, өзүңүзгө жумушуңуз жагабы?
— Жумушумдун эң чоң артыкчылыгы — саякаттоо. Командировкалык каттамдар менен көп мамлекеттерде болом. Бара турган өлкөдө бош убактымда эмне менен алектенеримди алдын ала пландайм. Бир өлкөгө учуп баргандан кийин ден соолукту климатка көндүрүү үчүн бир күн эс алабыз жана эреже боюнча бир айда сөзсүз сегиз күн дем алыш болот. Каттамдарды тандай албайбыз, диспетчер каякка десе ошол жакка кете беребиз. Учуп барган жердин өзгөчөлүгүн, элин, тамак-ашын жакшы билип каласың. Биздин компания Түркия, Индия, Бангладеш, Араб өлкөлөрүнө, Европа, Түштүк Азия мамлекеттерине жана Американын Нью-Йорк шаарына каттайт.
— Узакка созулган каттамдарда абада канча саатка чейин жүрүп каласыздар?
— Кувейттен Нью-Йоркко 12-13 саатта жетебиз, кайра кайтып келе жатканда 14 саатка чейин созулуп кетет. Мындай узак жолдуу каттамдарга чыкканда АКШда же Кувейтте эс алып калабыз. Азыр коронавируска байланыштуу эч жакка калбай, эки команда жана эки экипаж менен көздөгөн жерге барып кайра эле келебиз.
© Фото / из личного архива Мээрим КалкамановойКалкаманова: жумушумдун эң чоң артыкчылыгы — саякаттоо
Стюардесса в Кувейтской авиакомпании Мээрим Калкаманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Калкаманова: жумушумдун эң чоң артыкчылыгы — саякаттоо
— Учакты пилоттор башкарса, стюардессалар салондун ичиндеги абалга толук жооп берет. Кооптуу учурларда кандай аракеттерди көрөсүздөр?
— Самолёт асманда учуп бара жатканда катуу силкинүүлөр болот. Биз алдын ала жүргүнчүлөрдүн коопсуздук курун тагынган-тагынбаганын текшерип чыгабыз, анан гана ордубузга отурабыз. Ошол учурда борттогулар катуу коркуп, айрымдарынын балдары ыйлашы мүмкүн. Ошондо борт коштоочулар элди тынчтандырып, абалды болушунча жеткиликтүү түшүндүрүүгө аракет кылабыз. Кулагы укпаган, көзү көрбөгөндөргө коопсуздук эрежелерин инструкция боюнча түшүндүрөбүз. Анан ата-энесинин коштоосу жок жалгыз учкан балдар дагы биздин жоопкерчилигибизде болот.
— Биринчи медициналык жардам көрсөтө билүү дагы керек эмеспи. Иште атайын даярдыктан өтүп турасызбы?
— Медициналык жардам көрсөтүү боюнча экзамен тапшырабыз. Анда авариялык учурда жүргүнчүгө жардам берүүгө басым жасалат. Авиакомпания жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун биринчи орунга коет, учакка киргенден кийин алардын өмүрү биздин жоопкерчилигибизде. Сөзсүз ар кандай кырдаалдар боюнча сабактардан өтүп турабыз.
© Фото / из личного архива Мээрим КалкамановойКалкаманова: Кувейттен Нью-Йоркко 12-13 саатта жетебиз кайра кайтып келе жатканда 14 саатка чейин созулуп кетет
Стюардесса в Кувейтской авиакомпании Мээрим Калкаманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Калкаманова: Кувейттен Нью-Йоркко 12-13 саатта жетебиз кайра кайтып келе жатканда 14 саатка чейин созулуп кетет
— Өткөн жылы дүйнө жүзүн COVID-19 каптап, көпчүлүк тармак андан жапа чекти. Сиздерде да кыйынчылыктар болдубу?
— Бул жакта коронавирус март айында эле катуу башталып, аэропорттор жабылып калган. Жайында чет мамлекетте калып калган кувейттиктерди алып келген каттамдарды аткарып турдук. Ошол учурда деле айлык алып жаттык, бирок кызматкерлерди кыскартуу болду. Кувейттин авиациясында азыр кыргызстандык төрт жаран иштейт.
© Фото / из личного архива Мээрим КалкамановойКалкаманова: бул жакта коронавирус март айында эле катуу башталып, аэропорттор жабылып калган. Жайында чет мамлекетте калып калган кувейттиктерди алып келген каттамдарды аткарып турдук
Стюардесса в Кувейтской авиакомпании Мээрим Калкаманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Калкаманова: бул жакта коронавирус март айында эле катуу башталып, аэропорттор жабылып калган. Жайында чет мамлекетте калып калган кувейттиктерди алып келген каттамдарды аткарып турдук
— Сиздин кесибиңизде кызматкердин өң-келбети, кийим-кечесине катуу көңүл бурула турганын билебиз. Авиакомпания сиздерге кандай талаптарды койгон?
— Ар бир авиакомпаниянын өзүнүн стандарттары бар. Макияж, маникюр, кийим-кечеден баштап эл менен баарлашып, учакта баскан-турганга чейинки талаптар каралган. Мисалы, чач артка байланып, кулакта узун эмес, кичинекей сөйкө тагылып, кийим таза, үтүктөлгөн болушу керек. Балдардын чачы анча узун эмес, сөзсүз сакал-мурут алынган болушу абзел. Эгер көрүнүшүбүз туура эмес болуп калса, эскертүү берилет. Анткени биз компаниянын жүзү, кардар менен түзмө-түз карым-катнашта болобуз. Эң башкысы дайым жылмайып жүрүү зарыл, ага өзүбүз дагы көнүп калдык. Анан ар бир каттамдын алдында чогулуш болуп, атайын суроолорго жооп беребиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0