Суши-дүкөн ачып, кайра кыргызча үйрөндүм. Москвадагы алып баруучу Исмаиловдун маеги

© Фото / Артем ГромаковПианист, алып баруучу жана ишкер Сардар Исмаилов
Пианист, алып баруучу жана ишкер Сардар Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сардар Исмаилов — пианист, алып баруучу жана ишкер. Москва шаарында жашайт. Бирок ал жакка миңдеген кыргызстандыктардай жумуш издеп эмес, билим алууга барган.

Алгач Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуп, 1995-жылы билимин тереңдетүү үчүн Петр Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы музыкалык мектепке окууга өткөн. Кийин ошол эле окуу жайда аспирантура бөлүмүн бүтүргөн.

— Сардар мырза, бала кезден музыка дүйнөсүнө жакын жүрүптүрсүз. Кийин алып баруучулукка, андан соң бизнеске кантип өтүп кеттиңиз? Дегеним чыгармачыл адамдар сезимтал келет эмеспи. Чөйрө алмаштыруу оор болгон жокпу?

— Мен окууну бүткөн кезде замандын талабы ошондой болуп калды. 2005-жылы ар кандай иш-чара, салтанаттарды уюштурган ивент-агенттикке жумушка кирдим. Анда деле музыкалык аспапта ойноп, ырдап жүрүп, бара-бара алып баруучулукка өттүм. Албетте, оңой болгон жок. Ага актердук чеберчилик, дикция, сахналык образ керек эле да. Баарын кайрадан кыскача курстардан үйрөнүүгө туура келди. 

© Фото / Артем ГромаковПианист, ведущий и конферансье Сардар Исмаилов
Суши-дүкөн ачып, кайра кыргызча үйрөндүм. Москвадагы алып баруучу Исмаиловдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Пианист, ведущий и конферансье Сардар Исмаилов

— Азият түспөлүндө экениңиз ишиңизге тоскоол болгон жокпу?

— Улутум менен кебетем эч кимди бушайман кылган жок. Шаңдуу алып барганым, орусча таза сүйлөгөнүм жетиштүү болчу. Бир эле мисал, Москвадагы эң кадыр-барктуу ишканалардын бири болгон швейцариялык Credit Suisse банкынын жетекчиси мени менен бир нече жыл иштешти. Бардык корпоративдик кечелерин, жадакалса жубайынын юбилейин дагы мен алып баргам.

Супруги, актеры Эмил Токтомышев и Назгуль Мыйтанова - Sputnik Кыргызстан
Мигрант болуп келип актерго айландык. Москвадагы жубайлар менен маек
Бирок атымды өзгөртүүгө туура келди. 2005-2006-жылдыры Чечен согушу болуп жаткан кез эле. Ошол учурда Исмаилов деген террорист чыгып, бул фамилия көптөрдүн үрөйүн учуруп калган. Ошондо жумуш берүүчүлөрдүн кеңеши менен атымды Руслан деп өзгөрттүк. Анан эле өзүнөн-өзү Айтматов деген фамилия пайда болду. Айматовду баары тааныйт, окуган, ишеним бар, эч ким коркпойт дегендей. Өзүм да жаш экенмин да, ошол ат менен жүрө берип, акырында ал мага такыр эле жабышып калган. Бирок азыр өз ысымым менен эле чыгып жүрөм.

— Социалдык тармактагы баракчаңызды карап чыктым. Мекендештер өткөргөн иш-чараларды дагы алып барат окшойсуз?

— Ооба, соңку жылдары Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бир топ иш-чараларга чакыра баштады. Ал жакка атуулдук милдетимди аткарайын деп сыймык менен барам. Андан тышкары, "Ысык-Көл ынтымагы", "Кыргыз биримдиги" сыяктуу коомдорубуз бар. Ал жактарга дагы көп чакырышат. Айтор, мекендештерге аралашып, баарлашып, убакытты жагымдуу өткөрөм. 

© Фото / Юрий БоярченкоПианист, ведущий и конферансье Сардар Исмаилов
Суши-дүкөн ачып, кайра кыргызча үйрөндүм. Москвадагы алып баруучу Исмаиловдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Пианист, ведущий и конферансье Сардар Исмаилов

— Бир нече жыл мурда Бишкекке Россиянын классикалык музыкасынын жылдыздарын алып келип, концерттерди уюштуруп жүрдүңүз эле. Кийин эмнеге токтотуп койдуңуз?

— Анын дагы өзүнчө тарыхы бар. Бир туугандарым менен "Ренессанс-Арт" деген коомдук фонд түзүп, ал аркылуу филармониянын чоң залында бир топ концерттерди ийгиликтүү өткөрдүк. Россиядан Сергей, Татьяна Никитиндер, Вероника Долина, Дмитрий Харатьян сыяктуу чоң-чоң артисттерди алып барып жүрдүк. Башында эл аябай жакшы келип, аншлаг менен өтчү. Бирок бара-бара коом, интеллигенция өзгөрдү. Классикалык концертке келчүлөрдүн саны азайып, акыркы жолкусунда жарым миллион сомдой чыгым болдук. Ошондо Бишкекке мындай концерттердин кереги жок экенин түшүнүп, токтотолу деп чечтик.

— Сиз алып келген артисттер Бишкек жөнүндө кандай пикирде калчу эле?

— Жактырышчу. Айрымдарын Ысык-Көлгө алып барып келгем. Азыр жолуккан жерден "Бишкекке качан барабыз?" деп сурап калышат. 

© Фото / Артем ГромаковПианист, ведущий и конферансье Сардар Исмаилов
Суши-дүкөн ачып, кайра кыргызча үйрөндүм. Москвадагы алып баруучу Исмаиловдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Пианист, ведущий и конферансье Сардар Исмаилов

— Москвада тамак-аш бизнесиңиз бар экенин дагы уктум эле. Аны концерттер бүткөндөн кийин баштаган окшойсуз, ээ?

— Бир учурда экономикалык кризис болбодубу. Анда чыгармачылык менен гана жан багуу татаал болуп калган. Ошондо элге аба менен суудай керек бир иш баштайын деп чечтим. Анализдеп көрсөм Москвадай ири шаарда үйгө тамак жеткирип берүү абдан актуалдуу экен. Анткени көпчүлүк иштен колу бошобосо, жаштар такыр эле тамак жасагысы келбейт. Ошентип дүкөн-ашкана ачтым, тагыраагы, эл бул жактан тамак жебейт. Биз даярдап жеткирип беребиз. Негизинен суши, пицца, бургер сыяктуу тамактар.

Доктор химических наук в одном из университетов в США Кайрат Сабыров - Sputnik Кыргызстан
АКШга барып окумуштуу болгон айылдык жигит. Илимпоз Сабыров менен маек
Учурда дагы бир бизнеске кириштим. "МозгоБойня" деген оюнду уктуңар беле? Бишкекте 2-3 айдан бери ойноло баштады. Интеллектуалдык викторина сыяктуу. Көбүнчө кеңсе кызматкерлери жумуштан кийин бар же пабда чогулуп, бир нече команда түзүлөт. Андан чоң суроолорго жооп берип, күч сынашат. Бул эс алуунун дагы бир түрү. Өзү Белоруссияда башталган. Мен франшиза кылып брендди сатып алып, Россиянын эки шаарында иштете баштадым.

— Кирешелүү бизнес болсо керек?

— Эбин тапсаң жакшы эле. Менин уюштуруучулук жөндөмүмдүн пайдасы тийип жатат. Кызыккандар көп, Россияда популярдуу, эки шаарда тең командам иштөөдө. Азыр убактым, оюм, энергиямдын баарын ошого жумшап жатам.

— Жакшы экен. Баса, суши дүкөнүңүздө жалаң кыргызстандыктар иштейт деп жаттыңыз эле...

— Ооба, Москва шаары жана Москва облусу боюнча суши жасаган ашпозчулардын 90 пайызы кыргызстандыктар. Өзүмдүн тажрыйбасы мол мекендештерим турса, башка жактан ашпозчу издеп эмне кылам?

— Россияга иштегени барып, кыргыз жигиттин колуна түшүп калуу биздин улан-кыздар үчүн деле жакшы болсо керек?

— Балким. Мен кызматкердин кайсы жерден экенине карабай, жоопкерчиликтүү болушун талап кылам. Жумушка кечикпеген, ишин так аткарган, ак эмгегим менен акча табам деген принцип менен келсе, мен ага бардык жактан колдоо көрсөтүүгө даярмын.

Негизи эле Россиядагы кыргыздар кандай нерсе болбосун бат өздөштүрүп алышат. Ишке тың жана жоопкерчиликтүү. Андыктан мен эле эмес, бул жактагы жергиликтүү ишкерлер деле кыргызстандык кыз-жигиттерди жумушка көп алышат. 2000-жылдардын башында биздикилер жаңы келип жалаң кара жумуш кылса, азыр өздөрү бизнес баштап, башкаларды жумуш менен камсыз кыла баштады. 

© Фото / Артем ГромаковПианист, ведущий и конферансье Сардар Исмаилов
Суши-дүкөн ачып, кайра кыргызча үйрөндүм. Москвадагы алып баруучу Исмаиловдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Пианист, ведущий и конферансье Сардар Исмаилов

— Мисалы, кайсы тармактарда?

— Медициналык борбор, сулуулук салонун, унаа оңдоочу жайларды ачкандар көп. Бирок такси кызматы жагынан биздикилер алдына киши салбаса керек. Болжол менен эсептеп көрсөк, Москва облусу жана Москва шаары боюнча такси бизнесинин 20 пайызына ээлик кылат. Москванын масштабында алганда бул абдан көп.

— Кыргызстанга канча убакытта бир келип турасыз?

— Бишкектеги концерттерди уюштуруп жүргөндө ай сайын барчумун. Азыр ата-энеме жылына эки ирет барып кеткенге аракет кылам.

— Сиз жашаган Кыргызстан менен азыркы Кыргызстандын кандай айырмасы бар?

Кыргызстанец работающий режиссером и продюсером в Кувейте Алтынбек Касымбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жаңы нерсе үйрөнбөсөң ишсиз каласың! Кувейттеги кыргыз режиссёру менен маек
— Ишенесизби, мекеним жөнүндө эң жаркын элестер — бул балалыгым. Анда Бишкек жомоктогудай шаар болчу. Көп улуттуу, бирок эл азыркыдай көп эмес, көчөлөрү таптаза жана бош турчу эле. Филармонияга жакын жерде жашачубуз. Жайында борбордогу фонтандын баары биздики болчу. Мисалы, Ак үйдүкүнө түшүп алып, жылаңайлак бойдон ЦУМдун фонтанына чуркайбыз. Ата-энебизде азыркыдай "кокуй, баланы кара, уурдайт же машина коюп кетет" деген санаа жок, бейкапар жашоо эле. Мисалы, үйдөн эртең менен чыксаң, күн батканда чамбылала болуп жетип барчубуз. Ары-бери өтүп баратып, шагы ийилип бышып турган алма, өрүк, алчаларга кызыгып, ууруга киребиз. Кайтарып отурган кемпирлер көрүп калса, чыбык алып артыбыздан кууйт.

Баса, кимдин тобу болсо, ал көчөнүн "жылдызы" эле. Эсимде жакшы топтор 10 рубль 20 тыйын турчу. Биз аны сатып алыш үчүн ата-энебизге билдирбей, байкелердин машинасын жууп берип, акча тапчубуз. Мисалы, сууга жакын жерге жаш балдар тряпка, самынын көтөрүп алып турат. Айдоочулар келип кардар болот. 2-3 күн жакшы иштеп койсоң бир топтун акчасын чогултуп аласың. Мага ошол Бишкек жакчу... 

© Фото / Артем ГромаковПианист, ведущий и конферансье Сардар Исмаилов
Суши-дүкөн ачып, кайра кыргызча үйрөндүм. Москвадагы алып баруучу Исмаиловдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Пианист, ведущий и конферансье Сардар Исмаилов

— Балалыкты сагынган экенсиз...

— Чын эле Бишкектеги эң жаркын күндөр ошолор болчу. Кийин улам келген сайын өзгөрүп отуруп, аягында мен туулуп-өскөн шаар "жок" болуп кетти.

— Өзүңүз канча балалуу болдуңуз?

— Бир кыз, эки уулубуз бар.

— Кыргыз кызына үйлөндүңүз беле?

— Жок, келинчегимдин атасы грек улутунда, апасы украиналык. Экөөбүз музыкалык мектепте чогуу окуганбыз. Алгач кыз-жигит болуп жүрүп, мен консерваторияны аяктаарда баш коштук.

— Ата-энеңиз аны кандай кабыл алды?

— Советтер Союзу учурунда кыргыз жигиттердин башка улуттагы кыздарга баш кошушу көнүмүш нерсе болчу. Аткаминерлер арасында деле башка улутка күйөө бала болгондор көп эле. Анүстүнө ата-энем интеллигенттер, атам  - учкуч, апам - англис тили мугалими. Эч кимде каршылык болгон жок. Болгону атам "бул сенин жашооң, жакшылап ойлонуп иш кыл" деп кеңеш берген. Анын ата-энеси дагы мени жакшы кабыл алды. Кайненем негизи эле алтын адам, анүстүнө менин жакшы үй-бүлөдөн болгонум, консерваторияда окуганым анын жүрөгүн тынчытты окшойт. 

© Фото / Артем ГромаковПианист, ведущий и конферансье Сардар Исмаилов
Суши-дүкөн ачып, кайра кыргызча үйрөндүм. Москвадагы алып баруучу Исмаиловдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Пианист, ведущий и конферансье Сардар Исмаилов

— 25 жылдан бери Москвада жашап, орус тилдүү келинчегиңиз менен жашап жүргөнүңүзгө карабай, эне тилде көркөмдөп сүйлөйт экенсиз...

Оператор телеканала ТНТ из Кыргызстана Эмил Раев - Sputnik Кыргызстан
Өзгө жердин өнөр дүйнөсүн багынткан кыргызстандыктар
— Биринчи ошону сурабайт белеңиз (күлүп). Мектепте кыргызча окугандыктан, пайдубалым жакшы болчу. Бирок Москвага келгенде кыргызча сүйлөшө турган киши болгон жок. Андыктан Бишкекке барган сайын тилди унутуп калбайын деп 2-3төн кыргызча китеп ала келчүмүн. Бара-бара кээ бир сөздөрдү түшүнбөй бара жатканымды байкап, "ай сен кыргызсыңбы?" деп өзүмдү-өзүм жемелеп, тырышып китеп окуп жүрдүм. Анткен менен турмуш көп нерсени жеңет экен да, бир кезде такыр эле орус болуп калгам. Кийин суши бизнести ачканда кайра кыргызча үйрөндүм. Ал жердеги балдардын кээ бири такыр орусча билбейт. Алар менен тил табышайын деп жүрүп, кайра таза кыргыз болдум.

Жаңылыктар түрмөгү
0