Кыргыз баланын сөөгүн тик учакка жүктөп. Афганистандан Кувейтке кеткен Берметтин баяны

© AFP / GREG BAKERСитуация в Китае из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Китае из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Жазылуу
Мекендешибиз Бермет Карагулова бир нече жылдан бери Кувейт мамлекетинде жашап, иштеп келет. Ага чейин согуштук аракеттер жүргөн Афганистандын Кандагар шаарына жакын жердеги америкалык аскер базада эмгектенип калган.
Учурда араб өлкөлөрүнүн биринде кыргыз диаспорасын жетектеген Бермет Карагулова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду. 
© Фото / предоставлено Бермет КарагуловойКувейттеги кыргыз диаспорасынын жетекчиси Бермет Карагулова: 2009-жылы "Ганси" авиабазасындагы ашканада, дүкөндө иштедим. Чет өлкөгө чыгып иштесем деген каалоом күч эле. Ошол маалда Афганистанга жумушчулар кабыл алынып жатканын уктум. Ата-энемен тил кат алып, өзүмдү даярдадым. Үй-бүлөдө да кыйынчылыктар болуп жаткандыктан эч нерсеге карабай кеткем.
Глава кыргызской диаспору в Кувейте Бермет Карагулова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кувейттеги кыргыз диаспорасынын жетекчиси Бермет Карагулова: 2009-жылы "Ганси" авиабазасындагы ашканада, дүкөндө иштедим. Чет өлкөгө чыгып иштесем деген каалоом күч эле. Ошол маалда Афганистанга жумушчулар кабыл алынып жатканын уктум. Ата-энемен тил кат алып, өзүмдү даярдадым. Үй-бүлөдө да кыйынчылыктар болуп жаткандыктан эч нерсеге карабай кеткем.
— Кыргызстанда окуп иштеп жүрүп, чет өлкөгө алгачкы сапарыңыз Афганистанга болгон экен. Согуш жүргөн мамлекетке эмне болуп барып калдыңыз эле?
— Өзүм Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин бүтүргөм. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин кыска убакыт мектепте мугалимдик кесипти аркалап калдым. 2009-жылы "Манас" аэропортунун жанындагы Американын "Ганси" авиабазасына кирип, эки жылдай ашканада, дүкөндө иштедим. Бирок чет өлкөгө чыгып иштесем деген каалоом күч эле. Дал ошол маалда Афганистанга жумушчулар кабыл алынып жатканын айтып калышты. Ата-энемен тил кат алып, кооптуу аймакка бара жаткандыктан өзүмдү психологиялык жактан аябай даярдадым. Ал кезде үй-бүлөдө да кыйынчылыктар болуп жаткандыктан эч нерсеге карабай эле кеткем. Бизге алгач каска, ок өткөрбөс чарайнаны тез кийип, кайра чечкенди үйрөтүштү, кээде эртең менен аскер кызматкерлери менен чуркап турчубуз. Базанын ичинен спирт ичимдиктерин ичкенге, телефон колдонгонго, сүрөткө тартканга толук тыюу салынган. Себепсиз жумуштан калганга уруксат берилбейт эле, ооруганга дагы болчу эмес. Аскер базасынын ичинде дүкөндө иштеп калдым. Анын ичи чакан шаардай эле болчу, чачтарачкана, дүкөндөр бар. Жүргүнчү ташыган узун автобустар да каттап турчу. Ал жакта менден башка бирин-экин кыргыз балдар-кыздар дагы эмгектенчү, алар мага көп нерсе үйрөтүштү.
— Афганистанда узак убакыттан бери согуштук аракеттер токтобой келет. Кандагарда сиздин өмүрүңүзгө, ден соолугуңузга коркунуч жараткан учурлар болбой койбосо керек?
20 жаштагы ишкер Ырыс Нурланова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Кирпик жасоодон баштаган бизнесим миллионер кылды. 20 жаштагы Ырыс менен маек
— Ооба. Бир жолу Жаңы жыл майрамынын алдында аскер базанын ичине бомба түшүп бир кыргыз бала каза болуп калганын угуп калдык. Мекендешимдин сөөгүн тик учак менен алып кеткенин өз көзүм менен көргөм. Ашканага тамак ичкени барганда колу-бутунан айрылган жоокерлерди да кездештирип калчубуз. Базага бомба түшүп келе жатканда имараттан атайын сигнал чыкчу, биз шак эле бункерге качып кирчүбүз. Ошондой кооптуу учурда коркуп "өзүм өлүп калсам, балам кантет?" деп ойлонуп калчумун. Анткени апам менен балам Бишкекте калган. Аларды сагынып, бир жыл иштеп Кыргызстанга кайра келип алдым. Кандагардан көп тажрыйба топтоп, чет тилди жакшы өздөштүрдүм, болочоктогу жолдошум менен таанышып, түрдүү себептер менен байланыша албай жүрүп тогуз жылдан кийин Кувейттен кезигип калдым. Тагдыр деген ушул экен, 2017-жылы Кыргызстандан баш коштук. Күйөөм АКШнын жараны, кесиби боюнча учкуч, аскердик учактарды оңдоп, аларды техникалык кароодон өткөрөт.
— Анан азыр кайсы өлкөнүн жаранысыз?
— Аскер кызматкеринин аялы болгондуктан Американын жарандыгын алууга мага жеңил болот экен. Бирок  өлкөмдү сүйгөндүктөн мага мындай чечим кабыл алуу өтө кыйын болду. Ага чейин Кыргызстандан кетпейм, бул жакта иштеп, жок дегенде төрт-беш балалуу болом деп кыялданып калчумун. Кийин уулумду чоңойтуп эрезеге жеткирем деп чет мамлекеттерде көп жүрүп калдым. Бирок баламдын келечегин ойлоп, азыр жарандыгымды алмаштырууга мажбур болуп жатам. Анткени бул чечимдин аркасында 16 жаштагы балама жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ал АКШда биз менен чогуу болуп, билим алып, коомдо өз ордун тапса деген эле тилегим бар. 
© Фото / предоставлено Бермет КарагуловойБермет Карагулова: Кувейтте Кыргызстандын 132 жараны бар, диаспоранын башында турганыма бир-эки жылдай эле болду. Кайрымдуулук иш-чараларды уюштуруп, мекендештерди чогултуп мааракелерди өткөрүп, элчилик менен тыгыз байланышып турам.
Глава кыргызской диаспору в Кувейте Бермет Карагулова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бермет Карагулова: Кувейтте Кыргызстандын 132 жараны бар, диаспоранын башында турганыма бир-эки жылдай эле болду. Кайрымдуулук иш-чараларды уюштуруп, мекендештерди чогултуп мааракелерди өткөрүп, элчилик менен тыгыз байланышып турам.
— Ал эми Кувейтке качан бардыңыз эле?
— Кувейтке 2013-жылы кетип Jumeirah деген беш жылдыздуу отелде төрт жылдай иштедим. Андан соң соода тармагында, аэропортто да эмгектенип калдым. Учурда Кувейттин борборундагы чоң соода борборлордун биринде супервайзермин.
— Азыр сиз өзүңүздүн негизги жумушуңуздан сырткары кыргыз диаспорасын да жетектейт экенсиз. Негизи Кувейтте эмгек мигранттары арбын экенин билебиз, кыргызстандыктар кандай жумуштарда иштешет?
— Бул жакта Кыргызстандын 132 жараны бар, диаспоранын башында турганыма бир-эки жылдай эле болду. Кайрымдуулук иш-чараларды уюштуруп, мекендештерди чогултуп мааракелерди өткөрүп, элчилик менен тыгыз байланышып турам. Ошондой эле жаңы келген кыргызстандыктарга кеп-кеңеш, жардам берүүгө аракет кылабыз. Акыркы жылдары арабдар Кыргызстанга көп барууда, биз колдон келишинче өзүбүздүн мамлекетти жарнамалап калабыз. Анан уялбай эле жергиликтүү байлардан Кыргызстанга кайрымдуулук жөнөтүү үчүн акча сурай беребиз. Пандемия маалында 3000 доллардай акча салдык.
Каскадер Эдиль Молдалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Төөчөн салгылашып, атчан дубалды жарып кирип... Каскадёр Эдил Молдалиевдин маеги
Кувейт өзү чакан мамлекет, элинин саны төрт миллиондон ашык болсо, эки миллиондун тегерегиндегиси сырттан келгендер. Мисалы, Индия, Бангладеш, Шри-Ланка, Филиппин, Африка мамлекеттеринен көп. Алардын көпчүлүгү үй кызматкери, айдоочу болуп иштешет. Эми элестеткиле, бир үйдө эле эркектин өзүнчө айдоочусу, анын аялынын өзүнүн кызматкери, бала баккан жардамчысы болот. Кыргызстандыктар чет элдик мигранттардын арасында ортоңку катмарга кирет, мусулманчылыкты кармангандыктан бизди жакшы кабыл алышат. Мекендештерибиздин 60 пайызы соода-сатыкта, 30 пайызы сулуулук салондордо, калгандары аэропортто жана учакта стюардесса болуп иштешет. Андан сырткары, ишкерлик менен алектенген кыргыз балдар да бар. Алар Кыргызстандан продукцияларды алып келип сатышат, жергиликтүүлөр биздин балды жакшы баалайт.
— Ошондо төрт миллиондой кувейттикти эки миллиондой чет элдик тейлейт экен да.
— Ооба. Кызмат көрсөтүү жагында көбүнчө индиялык жана филиппиндиктер 90 динарга деле иштей берет экен. Алар үчүн ошол акча көп окшойт, ал 100 долларга дагы жетпей калат. Кувейттиктер чет өлкөгө чыгып эс алууну жакшы көрүшөт. Эс алганы кеткенде сөзсүз бирден кызматкерин жанына алып алышат. Кызматчылар өзү каалаган кийимди кие албайт. Жумушчулар үчүн атайын форма бар. Көчөдө же дүкөндө кимиси байдын аялы, кимиси жардамчысы экенин шак эле байкайсың. 
© Фото / предоставлено Бермет КарагуловойБермет Карагулова: Кыргызстандыктар чет элдик мигранттардын арасында ортоңку катмарга кирет, мусулман болгон үчүн бизди жакшы кабыл алышат. Мекендештерибиздин 60 пайызы соода-сатыкта, 30 пайызы сулуулук салондордо, калгандары аэропортто жана учакта стюардесса болуп иштешет.
Глава кыргызской диаспору в Кувейте Бермет Карагулова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бермет Карагулова: Кыргызстандыктар чет элдик мигранттардын арасында ортоңку катмарга кирет, мусулман болгон үчүн бизди жакшы кабыл алышат. Мекендештерибиздин 60 пайызы соода-сатыкта, 30 пайызы сулуулук салондордо, калгандары аэропортто жана учакта стюардесса болуп иштешет.
— Ар бир мамлекеттин, улуттун өзүнүн өзгөчөлүгү, тартиби, үрп-адаты бар. Кувейтке жаңы барган мекендештер көбүнчө эмнеден кыйналышат?
— Кыргызстан сыяктуу салкын мамлекеттен келгендер көпкө чейин ысыгына көнө албайбыз. Себеби бул жакта жайкысын 62 градуска чейин ысыйт. Ошондой эле булактан таза суу ичип жүргөндүктөн крандан аккан суусун такыр иче албайсың. Дүкөндөн кичинекей бөтөлкөдөгү суу 70-100 сомго сатылат, ага караганда күйүүчү май бир топ арзан. Андан сырткары, көңүл ачуучу жайлары жок, спирт ичимдиктери сатылбагандыктан чыдабай кетип калгандар дагы болот. Негизи бул жакка иштейм дегендер эле келиши керек.
— Башка мамлекеттердин жарандарына салыштырмалуу укук коргоо кызматкерлери менен көйгөй жаралып, сот жоопкерчилигине тартылган мекендештерибиз аз болсо керек?
Съемки нового фильма Алексея Попогребского «Последний день» - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2020
Улуу көчтү улагандар чыгаттыр. Кино өнөрүн четтен окуп жаткан жаштар кеп салганда
— Бул жак өтө тынч, коопсуздук жагы жолго салынган, мыйзамдар катуу иштейт, арак-шарап такыр сатылбаган мамлекет. Кылмыш жасасаң сөзсүз эки жылга түрмөгө камалып, миңдеген доллар айып пул төлөтөт. Ошондон кийин гана депортация кылып жиберет. Кудайга шүгүр, кыргыздар арасында андай учурлар боло элек. Негизи индиялыктар, филиппиндиктер арасында үйдө спирт ичимдигин жасап сатып камалып кеткендер бар.
— Менимче, Кувейтте билим алуу акысы өтө жогору, билим алуудан башка кыргызстандыктар үчүн ал жакта кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
— Бул жакта четтен келгендерге көп мүмкүнчүлүк бере беришпейт. Оңой менен жарандык ала албайсың, мигранттарга ишкерлик менен алектенүүгө да шарт жок. Мамлекеттин ичинен кайсы гана товар болбосун, жөн эле алып чыгып кетүүгө мүмкүн эмес. Жергиликтүү ар бир шейхтин үйдөгү аялынын сулуулук салону, дүкөндөрү толтура. Кувейт бийлиги кыргызстандык жогорку окуу жайлардын дипломдорун таанып жумушка ала берет. Акыркы учурларда мугалим, программист, инженерлерге суроо-талап көп болуп жатат, аларга жакшы айлык акы төлөнөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0