https://sputnik.kg/20210506/25-zhashtagy-kyz-uurdaldy-1052403259.html
Лебединовкада уурдалган 25 жаштагы кызды милиция издөөдө. Видео
Лебединовкада уурдалган 25 жаштагы кызды милиция издөөдө. Видео
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы уурдалган кыздын жакындарынын бири менен байланышты. Алардын айтымында, К.И. азыркыга чейин табыла элек. 06.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-06T12:08+0600
2021-05-06T12:08+0600
2021-12-16T13:59+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
окуялар
адам уурдоо
лебединовка
оииб
видео
https://sputnik.kg/img/07e5/04/10/1052152102_0:0:3045:1713_1920x0_80_0_0_f3b823422af17a6a1abfeff799d8b2d2.jpg
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Аламүдүн районунун Лебединовка айылында 25 жаштагы кыз уурдалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.Кызды уурдап бараткан учурдун видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.Аталган факт бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейин териштирүү иштери башталган. Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кызды уурдаган баланын ким экени такталган. Азыркы тапта милиция ал кишинин жашаган жерине чыгып кеткени айтылды.Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы уурдалган кыздын жакындарынын бири менен байланышты. Алардын айтымында, К.И. азыркыга чейин табыла элек."Кызыбыз кайсы жакта экенин билбейбиз. Бирок баланын туугандары келип "кызыңар отурат" деп жатат. Ага ата-энеси көнбөй, кызы менен байланыштырууну суранышууда. Уурдаган бала менен кызыбыз кайсы жакта экени бизге белгисиз", — деди кыздын жакыны.Милиция кийинчерээк кошумча маалымат бере турганын белгиледи.
https://sputnik.kg/20210430/ajzada-kanatbekovanyn-ishi-sotko-zhiberildi-1052334980.html
лебединовка
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/10/1052152102_72:0:2803:2048_1920x0_80_0_0_031f23da3c61eb6d922124f074d17555.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, адам уурдоо, лебединовка, оииб, видео
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, адам уурдоо, лебединовка, оииб, видео
Лебединовкада уурдалган 25 жаштагы кызды милиция издөөдө. Видео
12:08 06.05.2021 (Жаңыртылды: 13:59 16.12.2021) Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы уурдалган кыздын жакындарынын бири менен байланышты. Алардын айтымында, К.И. азыркыга чейин табыла элек.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Аламүдүн районунун Лебединовка айылында 25 жаштагы кыз уурдалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Кызды уурдап бараткан учурдун видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.
"6-май күнү түнкү саат 02:00дө Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 19 жаштагы кыздын арызы келип түшкөн. Анын айтымында, 5-май күнү 23:00дө Лебединовка айылындагы супермаркеттердин биринин жанынан белгисиз адамдар 25 жаштагы эжесин уурдап, Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейин териштирүү иштери башталган. Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кызды уурдаган баланын ким экени такталган. Азыркы тапта милиция ал кишинин жашаган жерине чыгып кеткени айтылды.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы уурдалган кыздын жакындарынын бири менен байланышты. Алардын айтымында, К.И. азыркыга чейин табыла элек.
"Кызыбыз кайсы жакта экенин билбейбиз. Бирок баланын туугандары келип "кызыңар отурат" деп жатат. Ага ата-энеси көнбөй, кызы менен байланыштырууну суранышууда. Уурдаган бала менен кызыбыз кайсы жакта экени бизге белгисиз", — деди кыздын жакыны.
Милиция кийинчерээк кошумча маалымат бере турганын белгиледи.