Беш жыл болду. Тарых музейи качан ачылары дагы деле белгисиз

© Sputnik / Эмиль СадыровАла-Тоо аянтынданы тарых музейи. Архив
Ала-Тоо аянтынданы тарых музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Тарых музейин реконструкциялоо иштери беш жыл мурда башталганы менен али күнгө чейин ачыла элек.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Мамлекеттик тарых музейинин жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүков сот иштери аягына чыгып, карыз төлөнмөйүн маданий жай ачылбай турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
Директор 2020-жылы да музей ушул эки себептен улам ачылбай калганын айтып, азыр ошол боюнча жылыш жок экенин белгиледи.
"Жылыш жок, баягыдай эле. Тарых музейи боюнча козголгон кылмыш иши Жогорку соттон кайра Биринчи май райондук сотуна өткөн. Бул иш аягына чыкмайын музей ачылбайт өңдүү. Мындан тышкары, музейди реконструкциялаган башкы буюртмачы менен аткаруучу компаниянын ортосундагы каржы маселеси чечиле элек. Качан ачыларын билбейбиз", — деди Алмакүчүков.
Ал музей жабык болгону менен кызматкерлери иштеп жатканын белгиледи.

Реконструкцияланган тарых музейинин таржымалы

Бул Өнөр айылы. Макеттер пластилинден жасалганы менен кудум кадимки айылды эске салат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Улуу элдин учун улай... Эскини эске салган интерактивдүү музейден 14 сүрөт

Эске салсак, Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Иштери аяктап калганда, 2018-жылдын май айында, ЖК депутаттары музейди реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп чыгып, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары наркын ачыктаган. Музейди реконструкциялоодон чыккан чырдан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштап, июлда Башкы прокуратура имаратты оңдоого жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгоп, иш сотко өткөн.

Дал ошол сот иштери али күнгө чейин аягына чыга элек. Бул ишке катыштыгы бар делген Сапар Исаковго карата Жогорку сот жакында эле Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромдун реконструкциясы боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Иш кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.
Музей жетекчиси сот иштеринен сырткары маданий жайдын ачылбай жаткандыгына башкы буюртмачы менен аткаруучу компаниянын ортосундагы каржы маселеси да себеп экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине буга чейин айткан.
Ош эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Башкы прокуратура: "Ош" аэропортун реконструкциялоодо мыйзам бузулган
Анда музейди реконструкциялоо иштери толугу менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлгөнү, алар маданий жайдын ичин жасап, оңдоо иштерине немец компаниясын дагы тартып, ортодо чет өлкөлүк компанияга 19 миллион сомдун тегерегинде карыз болуп калганы маалымдалган. Карызды төлөмөйүн чет элдик компания музейдин ичиндеги мультимедиалык жабдуулардын паролу менен ачкычын бербей турганын айтышкан. Белгилей кетсек, маданий жайдын ичинде жалаң мультимедиалык жабдуулар коюлган.
Бирок карызды ким төлөрү белгисиз. Мамкурулуш агенттиги жоопкерчиликти аткаруучу компания болгон СМУ-3кө жүктөгөн. Ал компания да жоопкерчиликти мойнуна алган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0