Баш-аягы көрүнбөгөн карыз. Тарых музейинин ачылбай жаткан себептери айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековРеконструкция государственного исторического музея в Бишкеке
Реконструкция государственного исторического музея в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Реконструкция иштери эбак бүтүп, ичи жаркырап оңдолгону менен музей али күнгө чейин ачыла элек. Себебин Sputnik Кыргызстан агенттиги сурап көрдү.

Маданият, маалымат жана туризм министри "Тарых музейи жакын арада ачылат" деп айтканына бир жылдан ашты. Ал эми 2018-жылдын башында Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштери менен таанышып, ал 2018-жылдын март айында ачыла турганын кабарлаган. Тилекке каршы, азыркыга чейин музейдин эшиги кардарлар үчүн жабык.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, музей жетекчилиги жана бир катар компаниялар менен байланышып, себебин билди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Иштери аяктап калганда, 2018-жылдын май айында, ЖК депутаттары музейди реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары наркын ачыктаган
Баш-аягы көрүнбөгөн карыз. Тарых музейинин ачылбай жаткан себептери айтылды - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Иштери аяктап калганда, 2018-жылдын май айында, ЖК депутаттары музейди реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары наркын ачыктаган

Бүтпөгөн сот иштери

Мамлекеттик тарых музейинин жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүков маданий жайдын ачылбай жатканына биринчи кезекте сот иштери себеп экенин айтты.

7 млн. сомго оңдолгон Горький паркынан кемчиликтер табылууда. Сүрөт

Эске салсак, Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Иштери аяктап калганда, 2018-жылдын май айында, ЖК депутаттары музейди реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп чыгып, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары наркын ачыктаган. Музейди реконструкциялоодон чыккан чырдан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштап, июлда Башкы прокуратура имаратты оңдоого жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгоп, иш сотко өткөн

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштаган
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштаган - Sputnik Кыргызстан
1/2
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштаган
© Sputnik / Табылды КадырбековБашкы прокуратура июль айында иш козгогон
Башкы прокуратура июль айында иш козгогон - Sputnik Кыргызстан
2/2
Башкы прокуратура июль айында иш козгогон
1/2
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштаган
2/2
Башкы прокуратура июль айында иш козгогон
"Өзүңөр билгендей, кылмыш иши козголуп, ал боюнча сот иштери бүтө элек. Иш райондук соттон шаардык сотко өткөн. Эми процедура боюнча Жогорку сотко барат. Анын баары аягына чыкмайынча ачылбайт өңдүү. Музей иштебей жатканына дагы бир себеп бар. Ал музейди реконструкциялоодо башкы буюртмачы болгон Мамкурулуш агенттиги менен аткаруучу компаниянын ортосундагы каржы маселеси", — деди Алмакүчүков.

Эмне болгон каржы маселе?

Тарых музейинин жетекчиси белгилегендей, музейди реконструкциялоо иштери толугу менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлгөн. Алар маданий жайдын ичин жасап, оңдоо иштерине немец компаниясын дагы тартып, ортодо чет өлкөлүк компанияга 19 миллион сомдун тегерегинде карыз болуп калган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз тарап менен немец тараптын каржы маселеси чечилмейинче музей иштебейт. Анткени анын ичине чет элдик компания жалаң мультимедиалык жабдууларды орноткон
Баш-аягы көрүнбөгөн карыз. Тарых музейинин ачылбай жаткан себептери айтылды - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тарап менен немец тараптын каржы маселеси чечилмейинче музей иштебейт. Анткени анын ичине чет элдик компания жалаң мультимедиалык жабдууларды орноткон
"Кыргыз тарап менен немец тараптын каржы маселеси чечилмейинче биз музейди иштете албайбыз. Анткени анын ичине чет элдик компания жалаң мультимедиалык жабдууларды орноткон. Анын бизде паролу да, ачкычы да жок. Карызды бермейинче жабдуулардын кандай иштей турганын айтпайбыз деп жатышат. Карыз төлөнгөн соң алар келип биздин кызматкерлерге техниканын чоо-жайын үйрөтүшү зарыл", — деди Алмакүчүков.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нурзат Ыбыкееванын айтымында, Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоого Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги башкы буюртмачы болгон. Бул боюнча 2016-жылы өкмөттүн атайын токтому да чыккан.

Тарых музейин реконструкциялаган "СМУ-3" ишканасы тууралуу 8 факты

"Мамкурулуш агенттиги музейди реконструкциялоо ишин аткаруу үчүн СМУ-3 компаниясына өткөрүп берген. Башкача айтканда, ал аткаруучу компания. Андан башка да субаткаруучулар бар. Ал эми немец компаниясы музейдин концепциясын иштеп чыккан. Булар бирдиктүү келишим түзүп иштешкен. Ал келишимде министрлик да, музей жетекчилиги да жок. Карызды ким төлөй турганы белгисиз", — деди Ыбыкеева. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАгенттиктин алдындагы Турак жай-курулуш департаментинин башкы инженери Жумабай Мандеев немец компаниясы менен келишимди СМУ-3 компаниясы түзгөнүн айтып, бирок алар деле каржы маселесин чече албайт деп божомолдоду
Баш-аягы көрүнбөгөн карыз. Тарых музейинин ачылбай жаткан себептери айтылды - Sputnik Кыргызстан
Агенттиктин алдындагы Турак жай-курулуш департаментинин башкы инженери Жумабай Мандеев немец компаниясы менен келишимди СМУ-3 компаниясы түзгөнүн айтып, бирок алар деле каржы маселесин чече албайт деп божомолдоду

Карызды ким, качан төлөйт?

Музейди реконструкциялоодо башкы буюртмачы болгон Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен байланышып, немец компаниясына карыз качан төлөнүп бүтө турганын сурадык.

Агенттиктин алдындагы Турак жай-курулуш департаментинин башкы инженери Жумабай Мандеев немец компаниясы менен келишимди СМУ-3 компаниясы түзгөнүн айтып, бирок алар деле каржы маселесин чече албайт окшойт деп божомолдоду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖумабай Мандеев: немец компаниясы боюнча ишке биз кийлигишкен жокпуз. Ооба, биз башкы аткаруучубуз, ага таптакыр тиешебиз жок деп айтууга да болбойт
Баш-аягы көрүнбөгөн карыз. Тарых музейинин ачылбай жаткан себептери айтылды - Sputnik Кыргызстан
Жумабай Мандеев: немец компаниясы боюнча ишке биз кийлигишкен жокпуз. Ооба, биз башкы аткаруучубуз, ага таптакыр тиешебиз жок деп айтууга да болбойт

Лейлектеги "Исфана" аэропорту реконструкцияланып бүттү. Сүрөттөр

"Немец компаниясы боюнча ишке биз кийлигишкен жокпуз. Алар СМУ-3 компаниясы менен келишим түзгөн. Ооба, биз башкы аткаруучубуз, ага таптакыр тиешебиз жок деп айтууга да болбойт. Каржы маселеси боюнча башкы аткаруучуга кат менен кайрылганбыз. Негизи бул маселени СМУ-3 компаниясы деле чече албайт го", — деди Мандеев.

Мындай жоопкерчиликти СМУ-3 компаниясы да мойнуна алган жок. Прораб Султан Барпиев компания жетекчиси бир ай мурда көз жумганын, немец компаниясын башкы буюртмачы Мамкурулуш агенттиги тапканын айтып, карыз, аны төлөө маселеси боюнча кайрадан Мамкурулуш агенттигине кайрылуубуз керектигин өтүндү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКеңешбек Алмакүчүков: немец компаниясы карызды бермейинче жабдуулардын кандай иштей турганын айтпайбыз деп жатышат. Карыз төлөнгөн соң алар келип биздин кызматкерлерге техниканын чоо-жайын үйрөтүшү зарыл
Баш-аягы көрүнбөгөн карыз. Тарых музейинин ачылбай жаткан себептери айтылды - Sputnik Кыргызстан
Кеңешбек Алмакүчүков: немец компаниясы карызды бермейинче жабдуулардын кандай иштей турганын айтпайбыз деп жатышат. Карыз төлөнгөн соң алар келип биздин кызматкерлерге техниканын чоо-жайын үйрөтүшү зарыл

Башкы сурообуз ошол боюнча жоопсуз калды. Тагыраагы, Тарых музейи качан ачыла турганын анын жетекчилиги дагы, министрлик дагы билбегени маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0