https://sputnik.kg/20210406/bishkekte-aziya-zhana-okeaniya-chempionaty-bashtalat-1052017146.html
Бүгүн Бишкекте Азия жана Океания чемпионаты башталат
Бүгүн Бишкекте Азия жана Океания чемпионаты башталат
Sputnik Кыргызстан
Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтмөкчү. Чемпионат олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында турат. 06.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-06T09:23+0600
2021-04-06T09:23+0600
2021-12-15T22:52+0600
жаңылыктар
кыргызстан
спорт
олимпиада
дзюдо
чемпионат
https://sputnik.kg/img/103653/62/1036536266_0:23:4828:2754_1920x0_80_0_0_d1e77a8dde41ce9e772dd4d9258c22c5.jpg
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкекте бүгүн старт ала турган дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында күч сынаша турчу өлкө спортчуларынын тизмеси белгилүү болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Ага 32 мамлекеттин спортчулары катышат.Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтмөкчү. Чемпионат олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында турат.Турнирге катышчу дзюдочу балдар:Мелдеште күч сынашчу дзюдочу кыздар:Белгилей кетсек, чемпионатта медалдын 15 топтому ойнотулат. Спорт агенттиги мелдеш көрүүчүсү жок өтөрүн, бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталарын билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103653/62/1036536266_0:0:4828:3034_1920x0_80_0_0_8e0d2be1830781026e49ab1d9cfcfcda.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, олимпиада, дзюдо, чемпионат
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, олимпиада, дзюдо, чемпионат
Бүгүн Бишкекте Азия жана Океания чемпионаты башталат
09:23 06.04.2021 (Жаңыртылды: 22:52 15.12.2021) Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтмөкчү. Чемпионат олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында турат.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкекте бүгүн старт ала турган дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында күч сынаша турчу өлкө спортчуларынын тизмеси белгилүү болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Ага 32 мамлекеттин спортчулары катышат.
Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтмөкчү. Чемпионат олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында турат.
Турнирге катышчу дзюдочу балдар:
- Айбек Кубанычбек — 60 кг;
- Отар Бестаев — 60 кг;
- Артур Те — 66 кг;
- Байбол Саламат уулу — 66 кг;
- Бексултан Султанов — 73 кг;
- Владимир Золоев — 81 кг;
- Эрлан Шеров — 90 кг;
- Юрий Краковецкий — 100 килограммдан жогору;
- Бекболот Токтогонов — 100 килограммдан жогору.
Мелдеште күч сынашчу дзюдочу кыздар:
- Айсулуу Мусакунова — 48 кг;
- Жанар Жолдошева — 48 кг;
- Сауле Алмазова — 52 кг;
- Адина Кочконбаева — 57 кг;
- Ксения Бельдягина — 57 кг;
- Ажар Исаева — 63 кг;
- Айжан Кадырбекова — 63 кг;
- Нагира Сарбашова — 78 килограммдан жогору.
Белгилей кетсек, чемпионатта медалдын 15 топтому ойнотулат. Спорт агенттиги мелдеш көрүүчүсү жок өтөрүн, бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталарын билдирди.