КР менен РФтин билим берүү министрлери кызматташуу боюнча план бекитишти

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан менен Россиянын өкүлдөрүнүн ортосунда документтерге кол коюу. Архив
Кыргызстан менен Россиянын өкүлдөрүнүн ортосунда документтерге кол коюу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстанда орус тилдүү 44 мектеп-интернаты курулары белгилүү болгон. Аталган маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов келген.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россиянын Агартуу министрлигинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча атайын план бекитилди.
Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн, 15-мартта, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен агартуу министри Сергей Кравцов протоколго кол коюшту. Анда төмөнкү маселелер камтылган:
Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги менен Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча биринчи кезектеги иш-аракеттер планы;
Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын билим берүү стандарттарын ишке ашыруучу биргелешкен билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча биринчи кезектеги иш-аракеттер планы.
© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев
Визит министра просвещения РФ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев
"Биздин президентибиздин Россияга жасаган иш сапарынан кийин сүйлөшүлгөндөр боюнча иш баштагандардын алгачкысы Агартуу министрлиги болгону айгине. Билим берүү платформасы боюнча иш биз үчүн абдан маанилүү. Кыргыз тарап тыгыз кызматташууга, кызматташуунун жаңы барагын ачууга даяр", — деди Бейшеналиев.
Ал эми Сергей Кравцов кыргызстандык кесиптешине жылуу маанайда тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын агартуу министри Сергей Кравцов
Визит министра просвещения РФ Сергея Кравцова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов
"Биздин кызматташтыгыбыз Кыргызстан үчүн да, Россия үчүн да пайдалуу болоруна ишенем. Ортодо көптөгөн жалпы нерселер бар, сиздердин айылдык мектептер, улуттук тил маселелери боюнча тажрыйбаңыздар бизге абдан кызык. Биз өз ара кызматташууга, окуу китептеринин сапатын жана мазмунун баалоого, эл аралык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, мугалимдерди даярдоо маселелерин жана жалпы эле билим берүүнү башкаруу системасындагы иштелмелерибизди көрсөтүүгө даярбыз. Россия башталгыч мектептер үчүн PIRLS эл аралык изилдөөсүндө биринчи орунда турат. Москвадагы PIRLS жана PISA боюнча жыйынтыктарды Сингапур жана Түштүк Корея менен салыштырууга болот, жыйынтык абдан жогору. Бүгүнкү күндө Россия Федерациясында балдардын эс алуусун уюштурууга, тарбиялоого көп көңүл бөлүнүүдө. Биз чоң программаны – тарбиялоо иши боюнча кеңешчилерди уюштурууну баштап жатабыз", — деди министр.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда орус тилдүү 44 мектеп-интернаты курулары айтылган. Аталган маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0