Касым Тыныстанов — өмүр баяны

© Sputnik / Азат АкаевКнига про кыргызского ученого и государственного деятеля Касыма Тыныстанова
Книга про кыргызского ученого и государственного деятеля Касыма Тыныстанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Касым Тыныстанов 1901-жылы 10-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Чырпыкты айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Билими:
Тилчини атасы Тыныстан сегизге чыкканда айылдагы молдодон билим алууга жөнөтөт. Диний мектепте үч жыл арабча тамга тааныган соң Касым Тыныстанов Сазановка айылында башталгыч мектепте окуп баштаган. Бирок болочоктогу илимпоз үчүн айыл жергесиндеги жөнөкөй мектептер берген билим жетишсиз эле. Мындан улам 1914-жылы өз мезгилинин эң алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Каракол шаарындагы жергиликтүү орус мектебине кабыл алынат. Бул жерде орус тили, география, арифметика жана тарыхтан сабак алган.
1916-жылы эл менен кошо Тыныстанов да Үркγндүн запкысын тартып, ата-энеси менен Кытайга качкан. Бөтөн жерде жергиликтүү байларга жалданып иштеп, эки жыл жүргөн соң 1918-жылы өз мекенине кайтып келишет. Тыныстанов билим алууну улантууну каалагандыктан Ысык-Көлдүн Тепке айылындагы таякелеринин жанында калат. Бирок бул жердеги окууга ичи чыкпай, Ташкенттеги Агартуу институтунун даярдоо бѳлүмүндө окуган.
Эмгек жолу:
Төрөкул жана Нагима Айтматовдор уулары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2018
Жүрөккө ок жеп, жашыруун көмүлгөн. Төрөкул Айтматов тууралуу 17 факты
Тыныстановдун илимий ишмердиги жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезинде эле башталган. 1920-жылы казак тилинде чыккан "Жаңа Өрис" гезитине бөлүм башчы болуп дайындалат. Бирок бул кызматта бир жыл турган соң катуу ооруп, кичи мекени Караколго жөнөөгө аргасыз болгон. Кичи мекенинде жөн отурбай драматург катары талантын сынап, Кыргызстандагы алгачкы театр труппасын түзгөн. Дартынан айыккан соң окуусун улантуу үчүн кайрадан Ташкентке сапар алып, ал жерде "Ак-Жол" гезитинде, "Жас Кайрат", "Сана" журналдарында иштеген. Аталган басылмаларда кыргыз тилиндеги материалдарды уюштуруп, алардын басмага берилүүсүнө жооптуу болгон. Ошол эле маалда Түркстан АССРинин Агартуу комиссариатындагы Кыргыз илимий комиссиясынын мүчөлүгүнө кабыл алынып, институтту 1924-жылы бүтүргөн.
Тыныстанов 1925-жылы 24 жашында Кыргыз автономиялуу облусундагы Академиялык борбордун кыргыз бѳлүмүнүн катчылыгына дайындалган. Кийин Кыргыз педагогикалык институтунда мугалим болуп иштеп, студенттерге сабак берип жүрүп 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессорлук наамын алган. Өлкөдөгү мугалимдердин санынын өсүүсүнө анын салымы көп. Тыныстанов азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, окуу китептерин, алгачкы грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн. Кыргыз тилин алгач араб алфавитине, андан соң латынчага жана акыркы болуп орус тамгаларына ылайыкташтырууга алгачкылардан болуп үндөгөн.
Эмгектери:
Ал — "Окуу китеби", андан соң "Чоңдор үчүн алиппе", "Эне тил", "Социалдык-экономикалык сѳздүк", "Кыргыз тилинин морфологиясы" жана "Кыргыз тилинин синтаксиси" аттуу эмгектердин автору.
Сынган кылыч туурасында 12 кызыктуу факты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2016
Төлөгөн Касымбеков — өмүр баяны
Тыныстанов көп өмүрүн мамлекеттик жана илимий иштерге сарптаган. Бирок адабият үчүн да кошкон салымы зор. Ал 1922-жылы "Ала-Тоо" аттуу ыры жарык көргөн. Ошондой эле "Мариям менен көл боюнда" чыгармасы да бар. Анын "Касым ырларынын жыйнагы" 1925-жылы Москвада басылган. Жеке чыгармачылык менен гана чектелип калбай, кыргыз элине таандык оозеки эмгектерди, "Манас" эпосун жыйноого зор көңүл бөлүп, бул жаатта бир нече көлөмдүү илимий макалаларды жазган. Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси болгон. Ага кошумча, Тыныстанов тунгуч көркөм котормочу катары да белгилүү. Ал орус жазуучусу Иван Крыловдун тамсилдерин жана Коммунисттик партиянын гимни "Интернационалды" биринчилерден болуп кыргызчага которгон. Ошондой эле орус революциячыл ырларын "Өзгөрүштүн ырлары" деген ат менен которуп, китеп кылып чыгарган.
Касым Тыныстанов жаш кезинде кургак учук менен ооруп, айыккандан кийин ага "эл душманы" деген жалаа жабылат. Буга ошол кездери театрда коюлуп жаткан Тыныстановго таандык "Академиялык кечелер" спектакли негиз болот. 1933-жылдын башында жазуучу Аалы Токомбаев "Кызыл Кыргызстан" гезитине "Академиялык кече тууралуу" жана "Академиялык кеченин тыянагы" деген эки макала жазат. Анда Тыныстановго карата катуу сын айтылып, улутчулдукка, панисламчыл, пантүркчүл идеяларына сугарылган, эски заманды, бай-манаптарды мактаган деген айыптар тагылат. Ошондой эле жаш кезинде "алаш ордочулар" (1917-20-жылдардагы Казакстан менен түндүк Кыргызстандагы саясий кыймыл) менен санаалаш болуп, алардын пикирлерин колдогон деген күнѳѳ да коюлган.
Тыныстанов 1938-жылы 5-ноябрда СССР Жогорку Аскер сотунун жабык жыйынында күнөөлүү деп табылып, атууга чечим чыгарылат. Өкүм эки күндөн кийин, 7-ноябрда, аткарылган.
Үй-бүлөсү
Касым Тыныстанов менен жубайы Турдубүбү эки уул, эки кызды тарбиялашкан. Алар балдарына Теңдик, Эркиндик, кыздарына Бирдик, Кишимжан аттуу ысымдарды берген.
Прозаик Түгөлбай Сыдыкбеков жана жазуучу Чынгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2016
Түгөлбай Сыдыкбеков — өмүр баяны
Жубайлардын тун уулу Теңдик туугандарынын эскерүүсүнө караганда, атасын тарткан өткүр, зээндүү бала болгон. Ал Улуу Ата Мекендик согуш башталганда кан майданга аттанып, ал жактан башына ок тийип, жарадар болуп келет. Ага карабай дарыгер болууну самап, медициналык окуу жайга тапшырат. Бирок дарт коё бербей, 1947-жылы энесинин колунда кыйналып жатып каза табат. Агасынын жетпей калган кыялын экинчи уулу Эркиндик орундатат. Ал хирургия бөлүмүн аяктап, бир нече райондук ооруканаларда башкы дарыгер болуп иштеп, медицина илимдеринин кандидаты, доцент наамдарын алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0