https://sputnik.kg/20210304/salyk-kyzmaty-myjzamsyz-tashuu-1051660921.html
Салык кызматы жер семирткич, канаттуу этин мыйзамсыз ташыгандарды аныктады
Салык кызматы жер семирткич, канаттуу этин мыйзамсыз ташыгандарды аныктады
Sputnik Кыргызстан
Импорттоочулардын бардыгында коштоочу документтер жана товар ташууга салык органынын уруксат берген маалым каты болгон эмес. 04.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-04T10:50+0600
2021-03-04T10:50+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
мамлекеттик салык кызматы
чек ара
мыйзамсыз
товар
https://sputnik.kg/img/07e5/03/04/1051660933_0:189:2965:1857_1920x0_80_0_0_baa811a5385fd6e244cb9e935712f3ab.jpg
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден товар ташып кирүүдө мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.Ага ылайык, мыйзам бузуу фактылары чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктуларында катталган.Импорттоочулардын бардыгында коштоочу документтер жана товарды ташууга уруксат берген салык органынын маалым каты жок экени айтылды.Мыйзам бузуу фактылары боюнча материалдар чара көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүп берилген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/04/1051660933_118:0:2847:2047_1920x0_80_0_0_a254b462d4f993a49d1d4f12f4fc968a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, мамлекеттик салык кызматы, чек ара, мыйзамсыз, товар
жаңылыктар, коом, кыргызстан, мамлекеттик салык кызматы, чек ара, мыйзамсыз, товар
Салык кызматы жер семирткич, канаттуу этин мыйзамсыз ташыгандарды аныктады
10:50 04.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Импорттоочулардын бардыгында коштоочу документтер жана товар ташууга салык органынын уруксат берген маалым каты болгон эмес.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден товар ташып кирүүдө мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, мыйзам бузуу фактылары чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктуларында катталган.
"Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө пунктунан 40 тонна аммофос (жер семирткич), 20 тонна суу эмульсиясы, 19 тонна чала фабрикат, 20 тонна тоок этинен жасалган фарш, 20 тонна канаттуунун этин алып өтүү аракети аныкталды. "Чалдовар" көзөмөл-өткөрмө пунктунда 70 куб метр пиломатериалдын, "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда 20 тонна полиэтилендин мыйзамсыз ташылып кирүүсү катталды", — деп айтылат маалыматта.
Импорттоочулардын бардыгында коштоочу документтер жана товарды ташууга уруксат берген салык органынын маалым каты жок экени айтылды.
Мыйзам бузуу фактылары боюнча материалдар чара көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүп берилген.