https://sputnik.kg/20210225/den-sooluk-a-vitamininin-zhetishsizdigin-tolturuu-1051576030.html
Организмде A витамининин жетишсиздигин толтура алган азыктар аталды
Организмде A витамининин жетишсиздигин толтура алган азыктар аталды
Sputnik Кыргызстан
Дарыгер А витаминин ченеми менен колдонбосо ден соолукка кайра кедергисин тийгизерин айткан. Айрымдар витаминди азыктардан эмес, дары же кошулма катары көп... 25.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-25T10:33+0600
2021-02-25T10:33+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
витамин
дарыгер
боор
рак
https://sputnik.kg/img/07e4/09/14/1049673463_0:195:2963:1861_1920x0_80_0_0_59f3724c8a94da44c74924ffc175bfa8.jpg
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Елена Малышева A витамининин жетишсиздигин толтура алган азыктарды атап бергенин РИА Новости жазды.Малышева A витаминин треска балыгынын боорунан, кургак паприкадан, тоңдурулган петрушкадан жана сабизден алууга болорун билдирген. Бирок азыктардын суткалык нормасы 100 граммдан ашпашы керек.Медик А витамининин чоңдорго, балдарга, аялдарга жана эркектерге карата өзүнчө микрограммдары бар экенин белгилеген."Бул витаминди көп колдонуу өмүргө коркунуч жаратат. Адатта А витаминин биологиялык активдүү кошулма (БАД) же дары түрүндө көп колдонгондо зыянын тийгизет. Анын айынан өпкө рагы пайда болуу коркунучу жаралат. Бөтөнчө тамеки чегип жүргөндөр витаминди ашепке ичүүдөн абайлашы керек", — деген дарыгер.Малышева A витамини теринин жаңыланышына жана көздүн көрүүсүнө жардам берерин кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20210202/organizmge-d-vitamininin-azdygy-simptom-1051305785.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/09/14/1049673463_110:0:2841:2048_1920x0_80_0_0_b569d060914443962c7a85bbfc2c6845.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, витамин, дарыгер, боор, рак
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, витамин, дарыгер, боор, рак
Организмде A витамининин жетишсиздигин толтура алган азыктар аталды
10:33 25.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Дарыгер А витаминин ченеми менен колдонбосо ден соолукка кайра кедергисин тийгизерин айткан. Айрымдар витаминди азыктардан эмес, дары же кошулма катары көп алып коерун белгилеген.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Елена Малышева A витамининин жетишсиздигин толтура алган азыктарды атап бергенин
РИА Новости жазды.
Малышева A витаминин треска балыгынын боорунан, кургак паприкадан, тоңдурулган петрушкадан жана сабизден алууга болорун билдирген. Бирок азыктардын суткалык нормасы 100 граммдан ашпашы керек.
"Дени соо адам ушунун бардыгын жей берсе болот. Кош бойлуу аялдар алгачкы үй айда тресканын боорун жана A витамини өтө көп азыктарды жебей эле койгону оң. Деги эле боюнда барлар витаминдер боюнча дарыгери менен кеңешиши керек", — деген Малышева.
Медик А витамининин чоңдорго, балдарга, аялдарга жана эркектерге карата өзүнчө микрограммдары бар экенин белгилеген.
"Бул витаминди көп колдонуу өмүргө коркунуч жаратат. Адатта А витаминин биологиялык активдүү кошулма (БАД) же дары түрүндө көп колдонгондо зыянын тийгизет. Анын айынан өпкө рагы пайда болуу коркунучу жаралат. Бөтөнчө тамеки чегип жүргөндөр витаминди ашепке ичүүдөн абайлашы керек", — деген дарыгер.
Малышева A витамини теринин жаңыланышына жана көздүн көрүүсүнө жардам берерин кошумчалаган.