Ким Чен Ындын жубайынан тарта жанар тоонун атылышына чейин. Апта ирмеми

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан узаган аптадагы урунттуу окуяларды чагылдырган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Аптанын башында узакка созулган оорудан кийин Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова 82 жашында каза болду. Маркум менен коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп, мыктылар аныкталды.

Күнүмдүк тамак-аш табуу үчүн башкалардын көңүлүн бурдуруу максатында күмүш түскө боёнуп алган туугандар. Алар Күмүш адамдар атыккан топко киришет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
"Канга" боёлгон көчөдөн тарта жумушсуз калган тук-туктарга чейин. Апта ирмеми
Москвада жаан-чачын айлык нормадан ашык жааган. Эртең Россиянын баш калаасында акыркы 65 жылдан бери биринчи жолу эң суук аба ырайы катталары болжолдонуп жатат. Аяздын күчү 27 градуска жетери күтүлүүдө.

Европадагы эң ири делген Этна жанар тоосу атылды. Жарылуу кубаттуу лава фонтандары жана вулкан күлүнүн бийикке сапырылышы менен коштолду.

Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын жубайынын коомчулукка чыгышы аптанын дагы бир маанилүү окуясы болду. Ал акыркы жолу бир жыл мурда көрүнүп, анын дайын-дареги тууралуу көптөгөн кеп-сөз айтылган.

 

© REUTERS / ASANKA BRENDON RATNAYAKEСерена Уильямс Мельбурндагы (Австралия) теннис боюнча Австралиянын ачык чемпионатында Арина Соболенко менен беттешүү учурунда
Серена Уильямс Мельбурндагы (Австралия) теннис боюнча Австралиянын ачык чемпионатында Арина Соболенко менен беттешүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
1/16
Серена Уильямс Мельбурндагы (Австралия) теннис боюнча Австралиянын ачык чемпионатында Арина Соболенко менен беттешүү учурунда
© REUTERS / UESLEI MARCELINOГенетикалык оорудан улам колунан ажыраган 16 жаштагы балерина Витория Буэно Бразилиянын Санта-Рита-ду-Сапукай театрынын сахнасында бийлеп жатат
Генетикалык оорудан улам колунан ажыраган 16 жаштагы балерина Витория Буэно Бразилиянын Санта-Рита-ду-Сапукай театрынын сахнасында бийлеп жатат - Sputnik Кыргызстан
2/16
Генетикалык оорудан улам колунан ажыраган 16 жаштагы балерина Витория Буэно Бразилиянын Санта-Рита-ду-Сапукай театрынын сахнасында бийлеп жатат
© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАлександра Солдатова көркөм гимнастика боюнча "Москва 2021 Гран-при" мелдешинин ачылыш аземинде катышып жатат
Александра Солдатова көркөм гимнастика боюнча Москва 2021 Гран-при мелдешинин ачылыш аземинде катышып жатат - Sputnik Кыргызстан
3/16
Александра Солдатова көркөм гимнастика боюнча "Москва 2021 Гран-при" мелдешинин ачылыш аземинде катышып жатат
© REUTERS / VALENTYN OGIRENKOУкраинанын Острог шаарына жакын жердеги Хмельницкий атомдук электр станциясынын суу сактагычынын жээгинде адамдар ак кууларга жем чачып жатышат
Украинанын Острог шаарына жакын жердеги Хмельницкий атомдук электр станциясынын суу сактагычынын жээгинде адамдар ак кууларга жем чачып жатышат - Sputnik Кыргызстан
4/16
Украинанын Острог шаарына жакын жердеги Хмельницкий атомдук электр станциясынын суу сактагычынын жээгинде адамдар ак кууларга жем чачып жатышат
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүНовосибирск шаарындагы күнөсканада өстүрүлгөн жоогазын бүчүрү
Новосибирск шаарындагы күнөсканада өстүрүлгөн жоогазын бүчүрү - Sputnik Кыргызстан
5/16
Новосибирск шаарындагы күнөсканада өстүрүлгөн жоогазын бүчүрү
© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын аскерлери Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын портретин алып бара жатышат. Маркум менен коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. 82 жашында көз жумган актрисанын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Улуттук гвардиянын аскерлери Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын портретин алып бара жатышат. Маркум менен коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. 82 жашында көз жумган актрисанын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. - Sputnik Кыргызстан
6/16
Улуттук гвардиянын аскерлери Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын портретин алып бара жатышат. Маркум менен коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. 82 жашында көз жумган актрисанын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
© AFP / YASUYOSHI CHIBAКениядагы чегирткелердин уюгу
Кениядагы чегирткелердин уюгу - Sputnik Кыргызстан
7/16
Кениядагы чегирткелердин уюгу
© AFP / KCNA VIA KNSТүндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жубайы Ли Соль Чжу менен Пхеньяндагы "Мансудэ" театрында Ким Чен Ирдин туулган күнүнүн урматына уюшулган концертте
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жубайы Ли Соль Чжу менен Пхеньяндагы Мансудэ театрында Ким Чен Ирдин туулган күнүнүн урматына уюшулган концертте - Sputnik Кыргызстан
8/16
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жубайы Ли Соль Чжу менен Пхеньяндагы "Мансудэ" театрында Ким Чен Ирдин туулган күнүнүн урматына уюшулган концертте
© AFP / INTI OCONМанагуада Ыйык Валентин күнүндөгү массалык үлпөт тоюндагы келиндер
Манагуада Ыйык Валентин күнүндөгү массалык үлпөт тоюндагы келиндер - Sputnik Кыргызстан
9/16
Манагуада Ыйык Валентин күнүндөгү массалык үлпөт тоюндагы келиндер
© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын финалы. Эки күндүк мелдеште өлкө боюнча 239 мыкты балбан ат салышты.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын финалы. Эки күндүк мелдеште өлкө боюнча 239 мыкты балбан ат салышты. - Sputnik Кыргызстан
10/16
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын финалы. Эки күндүк мелдеште өлкө боюнча 239 мыкты балбан ат салышты.
© AP Photo / Dmitri LovetskyРетро поезд Карелиядагы Сортавала станциясынан жолго чыккан учуру
Ретро поезд Карелиядагы Сортавала станциясынан жолго чыккан учуру - Sputnik Кыргызстан
11/16
Ретро поезд Карелиядагы Сортавала станциясынан жолго чыккан учуру
© AP Photo / Salvatore AllegraСицилиянын (Италия) чыгыш жээгиндеги Этна жанар тоосунан атырылып чыккан ысык лаванын агымы. Этна — Европадагы эң бийик вулкан. 2013-жылы ал ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Сицилиянын (Италия) чыгыш жээгиндеги Этна жанар тоосунан атырылып чыккан ысык лаванын агымы. Этна — Европадагы эң бийик вулкан. 2013-жылы ал ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. - Sputnik Кыргызстан
12/16
Сицилиянын (Италия) чыгыш жээгиндеги Этна жанар тоосунан атырылып чыккан ысык лаванын агымы. Этна — Европадагы эң бийик вулкан. 2013-жылы ал ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
© REUTERS / ERIC GAILLARDКоргоочу маска кийген аял Ниццада (Франция) коронавирустун жаңы сүрөтүн чагылдырган карнавал аянтчаны сүрөткө тартып жатат
Коргоочу маска кийген аял Ниццада (Франция) коронавирустун жаңы сүрөтүн чагылдырган карнавал аянтчаны сүрөткө тартып жатат - Sputnik Кыргызстан
13/16
Коргоочу маска кийген аял Ниццада (Франция) коронавирустун жаңы сүрөтүн чагылдырган карнавал аянтчаны сүрөткө тартып жатат
© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАкыркы жылдардагы калың кар түшкөндөн кийинки Москва шаарынын көрүнүшү
Акыркы жылдардагы калың кар түшкөндөн кийинки Москва шаарынын көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
14/16
Акыркы жылдардагы калың кар түшкөндөн кийинки Москва шаарынын көрүнүшү
© AP Photo / Kiichiro SatoФудзисавада (Япония) Фудзи тоосунун тушунда пляждан чыгып бара жаткан серфинг оюнчусу
Фудзисавада (Япония) Фудзи тоосунун тушунда пляждан чыгып бара жаткан серфинг оюнчусу - Sputnik Кыргызстан
15/16
Фудзисавада (Япония) Фудзи тоосунун тушунда пляждан чыгып бара жаткан серфинг оюнчусу
© AP Photo / Charlie RiedelАКШнын Аризона штатынын Финикс шаарындагы "Папагайо" паркындагы чокудан саякатчылар күндүн батып бара жатканын карап турушат
АКШнын Аризона штатынын Финикс шаарындагы Папагайо паркындагы чокудан саякатчылар күндүн батып бара жатканын карап турушат - Sputnik Кыргызстан
16/16
АКШнын Аризона штатынын Финикс шаарындагы "Папагайо" паркындагы чокудан саякатчылар күндүн батып бара жатканын карап турушат
Жаңылыктар түрмөгү
0