ӨКМ Баткендин кооптуу аймактарында жашаган тургундарына эскертүү берди

© Фото / пресс-служба МЧС КРОползень с селе Папан Кара-Суйского района
Оползень с селе Папан Кара-Суйского района - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Баткен районунун төрт айыл аймагында кооптуу тилкеде жашаган үйлөрдү башка жакка көчүрүү үчүн түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен районунун жаратылыш кырсыгы болушу мүмкүн делген аймагында жашаган тургундарына эскертүү берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Баткен районундагы Дара, Кыштут, Төрткүл жана Кара-Бак айыл аймактарындагы кооптуу тилкеде жайгашкан үйлөрдү башка жакка көчүрүү үчүн түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада ар бир үй-бүлөгө жана айыл өкмөт башчыларына эскертүүлөр берилген.
Баткен районунун айланасында кооптуу болгон жер көчкү, сел жана таш кулоо участкаларында 48 турак үй бар экени кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0