Медет Садыркуловдун кызы Эсеп палатасынын жетекчисинин милдетин аткарат

© Фото / пресс-служба ЖКЭсеп палатасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Айжан Садыркулова
Эсеп палатасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Айжан Садыркулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Садыркулова Эсеп палатасындагы аудитордук ыйгарым укуктары аяктаганга чейин мекемени тескеп турмакчы.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Айжан Садыркулова Эсеп палатасынын жетекчисинин милдетин аткарат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
© Фото / пресс-служба счетной палаты КРАйжан Садыркулова
Исполняющая обязанности председателя Счетной палаты КР Айжан Садыркулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айжан Садыркулова
Кызматка дайындоо боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Президент Марипов башында турган өкмөт мүчөлөрүн дайындады
Садыркулова Эсеп палатасындагы аудитордук ыйгарым укуктары аяктаганга чейин жетекчинин милдетин аткарат. Ал 2016-жылдын апрель айында беш жылдык мөөнөткө аудитор болуп дайындалган.
Айжан Садыркулова - 2009-жылы киши колдуу болгон Медет Садыркуловдун кызы. Атасы президенттин администрациясынын жетекчиси болгон.
Эсеп палатасынын төрагалык кызматы Улукбек Марипов премьер-министр болуп кеткенден кийин бош турган.
Жаңылыктар түрмөгү
0