00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
15:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Поддержка молодёжных инициатив – о конкурсах для молодых творческих школьников и студентов от АНО «Евразия»
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жасалма интеллект жана дүйнөлүк экономика. Саресеп
17:04
35 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Выход из тени и послабления для бизнеса — как 2025 год прошел для предпринимателей КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Фергана өрөөнүндөгү кыргыз кыз-келиндеринин косметикалары. Тарыхчы менен маек
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Лыжа, сноуборд тебүүдө эмнени эске алуу керек? Пайдалуу кеңештер

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЭс алуучулар тоо лыжа базасында. Архив
Эс алуучулар тоо лыжа базасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм департаменти муз тебердин алдында шаймандарды текшерип, лыжаны жаңы үйрөнүп жаткандарга инструктор менен иштөөнү сунуштаган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти кышкы эс алуу учурунда тоодо лыжа, муз тебүүдө этият болууну эскертип, бир катар эрежелерди эске салды.
Билдирмеге караганда, лыжа жана сноуборд спорттун экстремалдык түрү болуп эсептелет. Мындан улам ар бир адамдын ага даярдыгы болушу шарт.
Лыжа жана сноуборд тебүүдөгү кеңештер:
  • Тоого барардан мурда лыжа базаларында жазылган эрежелерди толук окуп чыгуу керек. Эгер үйрөнчүк болсо, анда алгач инструктордун жардамы керектелет;
  • Лыжа же сноуборд тебүү үчүн колдонулган шаймандардын абалы жакшы, ал эми лыжа же сноуборддун формасы бузулбаган, жаракасы жок болушу керек;
  • Трассада аралыкты сактоо зарыл. Кагылышкан учурда ар дайым өйдөдөн түшүп келе жаткан тарап күнөөлүү экенин унутпоо зарыл;
  • Түшүп бара жатканда тоо бооруна жана трассалардын этектеринде токтобоо зарыл;
  • Жыгылып калган учурда жолдон мүмкүн болушунча эртерээк четке чыгып, жолду бошотуу керек. Эгерде тосмо болсо, тезирээк көрүнүүгө аракет кылган оң;
  • Эгерде жаракат алсаңыз, анда инструкторго же куткаруучуга окуя жөнүндө кабарлоо зарыл. Куткаруучулар келгенге чейин жаракат алган жерге тийбей, ал жердеги канды колдо бар каражаттар менен токтотуу чараларын көргөнүңүз оң;
  • Балдар лыжа же чана тебүү учурунда сөзсүз түрдө инструктордун же ата-энелердин көзөмөлүндө болушу абзел. 12 жашка чейинкилерге татаал жерде лыжа тебүүгө тыюу салынат.
Тоо боорунда муз тебүүдө жүрүм-турум эрежелери:
  • Кар же муз тебүү үчүн өйдө жакка тепкич менен гана чыгуу керек. Башкалар муз тээп түшүп келе жаткан аянтчадан чыгууга тыюу салынат;
  • Муз тээп түшкөндөн кийин аянтчанын түбүндө кармалып калбаӊыз, мүмкүн болушунча ал жактан эртерээк кетиңиз;
  • Муз жолун чуркап кесип өтпөңүз;
  • Туруп алып же чалкалап жатып муз тебүүгө тыюу салынат;
  • Эгерде дөӊсөөдө алдыӊыздан киши өтүп бара жатса, ал өткөнчө күтүп, андан кийин гана ылдый түшүңүз;
  • Бети тегиз эмес дөӊсөөдөн муз тебүүдөн алыс болуңуз;
  • Аябай үшүп кетсеңиз же өзүңүздү начар сезсеңиз, анда дароо муз тебүүнү токтотуңуз.
Туризм департаменти ата-энелерге балдар муз тээп жаткан жайды текшерип коюуга чакырат.
"Адегенде өзүңүз дөӊсөөдөн ылдый түшүп, байкап көрүңүз. Эгер балаӊыз буга чейин муз тебүүнү өздөштүрүп тээп жүрсө, анда ага көз салып туруңуз. Эң жакшысы чоңдордун бири өйдөдөн карап турса, ылдый жактан бирөө балдарды тосуп алып, жолду бошотуп турууга жардам бергени оң", — деп айтылат маалыматта.
Департамент татаал лыжа жолу жогорку кооптуулук жайы экенин эске салат.
Жаңылыктар түрмөгү
0