https://sputnik.kg/20210126/saadat-asylbaeva-supermodel-international-katyshat-1051232224.html
Модель Саадат Асылбекова Таиланддагы эл аралык сулуулук сынагына катышат. Сүрөт
Модель Саадат Асылбекова Таиланддагы эл аралык сулуулук сынагына катышат. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Саадат кесипкөй модель, боюнун узундугу 179 сантиметр. Эл аралык таймашка биринчи ирет чыгып жатат. 26.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-26T17:29+0600
2021-01-26T17:29+0600
2021-12-15T22:49+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
маданият
саадат асылбекова
сынак
модель
https://sputnik.kg/img/07e5/01/1a/1051231136_0:46:2731:1590_1920x0_80_0_0_292d5854e6b7fc103eb016b5fc9458cf.jpg
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 20 жаштагы модель Саадат Асылбекова Кыргызстандын атынан Таиландда өтө турчу Supermodel International — 2021 эл аралык сулуулук сынагына катышат. Бул тууралуу бьюти компаниянын Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү билдирди."Кыргызстан сулуусу" улуттук сынагы дирекциясы Supermodel International эл аралык сынагынын расмий өкүлү. Салтка айлангандай эле эл аралык конкурска "Кыргызстан сулуусу" аталган бийкеч катышат. Бирок дирекциянын чечими менен улуттук сынак быйылкыга жылдырылган. Ал арада дирекция эл аралык жарышка катышууга кастинг өткөрүп, натыйжада Саадат Асылбекова жеңип чыкты.Саадат — кесипкөй модель, боюнун узундугу 179 сантиметр. Борбор калаадагы моделдик агенттиктердин биринде иштейт. Ал алгачкы жолу 2016-жылы "Кыргызстан бикини сулуусу" сынагына катышып, жеңип алган.Ал эми эл аралык сынактарда өзүн биринчи ирет сынап жатат.Өткөн жылы аталган сынакка өлкө атынан Сайкал Токтогулова катышкан.Supermodel Internatiоnal — он жылдан бери өтүп келген моделдер арасындагы кесипкөй сулуулук сынагы. Ага дүйнөнүн 50гө чукул өлкөсүнөн катышат.Белгилей кетсек, ушундай эле сынакты Рыскүл Намазбекова дагы өткөрүп келет. Декабрда "Мисс Кыргызстан — 2020" финалы болуп, 20 жаштагы Лаззат Нуркожоева баш байгени алган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/1a/1051231136_0:0:2731:1717_1920x0_80_0_0_f0f7f27cbda762df2bf49f33a42b8692.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, маданият, саадат асылбекова, сынак, модель
жаңылыктар, коом, кыргызстан, маданият, саадат асылбекова, сынак, модель
Модель Саадат Асылбекова Таиланддагы эл аралык сулуулук сынагына катышат. Сүрөт
17:29 26.01.2021 (Жаңыртылды: 22:49 15.12.2021) Саадат кесипкөй модель, боюнун узундугу 179 сантиметр. Эл аралык таймашка биринчи ирет чыгып жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 20 жаштагы модель Саадат Асылбекова Кыргызстандын атынан Таиландда өтө турчу Supermodel International — 2021 эл аралык сулуулук сынагына катышат. Бул тууралуу бьюти компаниянын Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү билдирди.
"Кыргызстан сулуусу" улуттук сынагы дирекциясы Supermodel International эл аралык сынагынын расмий өкүлү. Салтка айлангандай эле эл аралык конкурска "Кыргызстан сулуусу" аталган бийкеч катышат. Бирок дирекциянын чечими менен улуттук сынак быйылкыга жылдырылган. Ал арада дирекция эл аралык жарышка катышууга кастинг өткөрүп, натыйжада Саадат Асылбекова жеңип чыкты.
Саадат — кесипкөй модель, боюнун узундугу 179 сантиметр. Борбор калаадагы моделдик агенттиктердин биринде иштейт. Ал алгачкы жолу 2016-жылы "Кыргызстан бикини сулуусу" сынагына катышып, жеңип алган.
Ал эми эл аралык сынактарда өзүн биринчи ирет сынап жатат.
Өткөн жылы аталган сынакка өлкө атынан Сайкал Токтогулова катышкан.
Supermodel Internatiоnal — он жылдан бери өтүп келген моделдер арасындагы кесипкөй сулуулук сынагы. Ага дүйнөнүн 50гө чукул өлкөсүнөн катышат.
Белгилей кетсек, ушундай эле сынакты Рыскүл Намазбекова дагы өткөрүп келет. Декабрда "Мисс Кыргызстан — 2020" финалы болуп, 20 жаштагы Лаззат Нуркожоева баш байгени алган.