Баасы асмандаган азык-түлүк... Алакан жайган аткаминерлер себеби тууралуу

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүКиши гипермаркетте. Архив
Киши гипермаркетте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасы декабрдан тарта байкаларлык кымбаттады. Өкмөт баанын өсүшүн токтотууга алы жетпей жаткандыгын айтты.

Баалардын өсүшү калктын капчыгын кадимкидей бошотту. Эл, өзгөчө айлык акы менен жашагандар, тапкан кирешеси тамак-ашка араң жетип жатканын айтышууда.

17-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Новиков азык-түлүктүн беш түрү боюнча запас ашыгы менен бар экенин айтып, күнүмдүк керектелүүчү товарлардын кымбатташына жол бербөө үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Анткен менен өкмөт башчы бир айдан кийин, 16-декабрда, баалардын жогорулашы боюнча жыйын өткөрүп, азык-түлүктүн кымбатташын токтотууга өкмөттүн алы жетпей жаткандыгын мойнуна алды.

Барган сайын баасы асман чапчыган азык-түлүктөр

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Бишкектеги "Ош" базары менен "Орто-Сай" базарына жана "Фрунзе", "Глобус" сыяктуу чоң-чоң гипермаркеттердеги азык-түлүктүн баасын билип келди.

"Ош" базары менен "Орто-Сай" базарындагы бааларда 5-6 сомдук айырма бар экени байкалды. Ал эми гипермаркеттердеги нарк дээрлик бирдей болуп чыкты.

Сатуучулар менен шаар тургундары акыркы аптада негизги керектөөдөгү товарларга болгон баа көтөрүлүп, даараткагаздан бери кымбаттап кеткенин билдиришти.

Өзгөчө өсүмдүк майы, кумшекер жана эттин баасы кескин жогорулап кеткен. Бишкектеги базарлардын биринде сатуучу болуп иштеген соодагер Тургунай Муратова өткөн жылдын ушул мезгилинде литри 85 сомдун тегерегинде болгон өсүмдүк майын ушул күндөрү 145 сомдон сатып жатканын айтты. Эсептей келгенде 60 сомго кымбаттаган.

Алакан жайган аткаминер

Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков кымбатчылыкты доллардын наркынын өсүшүнө жана тышкы жагдайларга байлады.

© Sputnik / Табылды КадырбековМонополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков
Баасы асмандаган азык-түлүк... Алакан жайган аткаминерлер себеби тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков
"Кымбаттоо сырткы жагдайларга байланыштуу болууда. Мисалы, учурда баасы кескин өскөн суу майынын 85 пайызы сырттан ташып келинет. Аларды алып келүүдө ишкерлер келишимди доллар менен түзгөнү үчүн баалардын кымбатташына чет элдик валюта курсунун өсүшү дагы таасир этти. Сырттан 120 сомдон алып келинген өсүмдүк майын биз кантип 90 сомго түшүрмөк элек?" — дейт алакан жайган аткаминер.

Анын айтымында, аталган ведомство иштеш үчүн кымбаттоо аныкталган бир чекке жетиши керек.

"Эгерде бир айдын ичинде маанилүү товарлардын наркы 20 пайызга көбөйсө бааларды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасын колдонуу боюнча бизге тапшырма берилет. Учурда эч бир товарга болгон баа бир айдын ичинде 20 пайызга өсө элек. Ага карабай биз баалардын туруктуулугун кармоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз", — деди Тайлаков.

Россия, Украина жана Беларустан айыл чарба товарларын өлкөгө ташып келген компаниялардын биринин жетекчиси Рыскүл Акимжанова баалардын кымбатташын мындайча чечмеледи.

Капка салынган картошка жана пияз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Өзбекстандан айыл чарба азыктарын ташыгандардын базасы түзүлөт
"Бизде азык-түлүктүн көбү өзүбүздө өндүрүлбөйт. Өзгөчө учурда кымбаттап жаткан күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баары сырттан ташылып келет. Кымбаттоого бир нече себеп бар. Алардын негизгиси — сырткы өлкөлөрдүн өзүндө өндүрүм аз болуп жатат. Дагы бир жагдай — Кытайдан өлкөгө ташылып келген жүктүн азайып кетиши. Ал да кымбатчылыктын жаралышына себеп болду", — деди Акимжанова.

Деген менен кымбаттоо сырттан алып келинген товарларга гана тиешелүү эмес дешти. Акыркы бир ай ичинде өлкөдө өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын дагы баасы көтөрүлгөн. Мунун себебин билүү үчүн Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат боюнча башкармалыгынын жетекчиси Насирдин Шамшиевди кепке тарттык.

© Sputnik / Усенбаева ТаалайгульЭкономика министрлигинин макроэкономикалык саясат боюнча башкармалыгынын жетекчиси Насирдин Шамшиев
Баасы асмандаган азык-түлүк... Алакан жайган аткаминерлер себеби тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат боюнча башкармалыгынын жетекчиси Насирдин Шамшиев
"Баанын көтөрүлүшүнө ички факторлордун да таасири бар. Биринчиден, жазында үшүк жүрүп, дыйканчылык аймактарда мөмө жана жашылча-жемиштерди үшүк алып кетти. Андан кийинки кургакчылык дагы түшүмдүүлүктүн көлөмүн азайтты. Буга пандемиядан улам чек аралардын жабылышын, жер семирткичтердин жетиштүү деңгээлде келбей калышын жана доллардын көтөрүлүшүн дагы кошсок болот. 2020-жылы кант кызылчасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз айдалып, учурда аны импорттоп жатабыз. Ошол себептен кумшекерге болгон баа көтөрүлдү", — деди Шамшиев.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги буга чейин негизги азык-түлүктөрдүн эң көп пайдаланылган беш түрү сырттан келерин билдирген. Өсүмдүк майынын 85 пайызын жана дан эгиндин жарымы да импорттолорун айткан. Мындан башка кант, жумуртка жана эт менен өзүбүздү толук камсыздай албай башка өлкөлөрдөн киргизүүгө аргасызбыз.

Жарманкелер бааны ооздуктоого жардам береби?

Ошентип өкмөт баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча жума сайын жарманке өткөрүүнү баштамай болду.

16-декабрда Новиков азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча жыйын өткөрүп, өкмөт мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Эми ар бир жекшемби күндөрү Бишкектин эки жеринде жарманке уюштурулуп, атайын коюлган баалар менен айыл чарба продукциялары сатыкка коюлуп турмакчы.

Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Бишкектин эки жеринде жарманке өтүп, азык-түлүк арзан баада сатылат
2008-жылы өкмөт "Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр белгилүү бир мөөнөткө жете тургандай шартта мамлекеттик резервдердин кампаларында сакталып, сактоо мөөнөтү өткөндө жаңыланып турушу керек.

Анткен менен акыркы күндөрү АКШ доллары кескин түшө баштады. 17-декабрдын акыркы маалыматтарына таянсак, кечинде АКШ долларынын сомго карата курсу 81 сомду (сатуу) түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0