Новиков азык-түлүктүн кымбатташын токтотууга өкмөттүн алы жетпей жаткандыгын айтты

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков өкмөттүн жыйынында
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков өкмөттүн жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Артем Новиковдун айтымында, өкмөт бир айдан бери күнүмдүк керектелүүчү азыктардын кымбатташын ооздуктоо боюнча иш жүргүзүүдө, бирок кырдаал жөнгө салынбай келет.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков күнүмдүк керектелүүчү азыктардын баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков күнүмдүк керектелүүчү азыктардын баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков күнүмдүк керектелүүчү азыктардын баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков күнүмдүк керектелүүчү азыктардын баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАл азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча жыйынга катышты
Ал азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча жыйынга катышты - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ал азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча жыйынга катышты
1/2
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков күнүмдүк керектелүүчү азыктардын баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди
2/2
Ал азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча жыйынга катышты

Ал азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча жыйынга катышты.

"Бир айдан бери күнүмдүк керектелүүчү азыктардын кымбатташын ооздуктоо боюнча иш жүргүздүк, бирок кырдаалды жөнгө сала албай жатабыз. Баа саясатына мониторинг жүргүзүү боюнча берилген тапшырмалардын, товарларды дүңүнөн сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жарманкелерди уюштуруу боюнча аткарылган иштердин негизинде акыркы жумаларда бааларды кармап турду. Бирок бул биз көздөгөн нерсе эмес", — деди Новиков.

Бааларды талдай келгенде социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн наркы аймактар боюнча ар кандай экени аныкталган.

Супермаркеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери кайсы товар канча пайызга кымбаттады
"Логистикалык чыгымдар бар экени түшүнүктүү, бирок анчалык деле чоң эмес. Мисалы, доллардын курсу жогору, бирок акыркы айларда туруктуу болууда. Баалардын мындай көтөрүлүшүнүн себеби эмнеде? Азык-түлүк коопсуздугун жана баалардын туруктуулугун камсыз кылышыбыз керек", — деди өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн Новиков товар ташып келүүдө ортомчу уюмдарды четтетип, өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү зарыл экенин айтты. Ошондой эле мыйзамсыз экспорттоону токтотуу керектиги кошумчаланды.

"Бодо малды мыйзамсыз экспорттоого тыюу салынганына карабай, эттин баасы арзандабай жатат. Бир аз төмөндөгөндөн кийин базардагы дүң баалар кайрадан көтөрүлдү. Бул белгиленген чектөөлөрдү айланып өтүү механизми бар экенинен кабар берет. Ошондуктан Финансы полициясы менен Салык кызматына социалдык маанилүү товарлардын дүң бааларына жараша чекене базардагы рентабелдүүлүк деңгээлине мониторинг жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди", — деди Новиков.

Мындан тышкары, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу ушул жумада пилоттук негизде соода борборлорунун аймагында жарманкелер башталарын эске салды.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын негизги көйгөйлөрүн кантип чечсе болот? Новиков менен маек
"Токомбаев көчөсүндөгү Globus жана Горький көчөсүндөгү "Фрунзе" супермаркеттеринин аймагында жарманкелер болуп, атайын баалар коюлат. Мисалы, уй эти 370-380 сомдон, жумуртка 85 сомдон (10 даана), өсүмдүк майы 115 сомго чейин (литр) сатылат. Бааларды фиксациялоо үчүн ар бир облустун жетекчиси өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүшү керек. алар макул болгондо, ушундай жарманкелер уюштурулат", — деди Новиков.

Ошондой эле Бишкек шаарында ар дем алыш күндөрү айыл чарба продукциясынын жарманкесин өткөрүү жана андагы баалар боюнча элге алдын ала маалымат берүү зарылдыгы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0