Укуругу узарган Мамытов менен Новиков жолукту. Талкууланган маселелер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков жолугушу
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков жолугушу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда Новиков Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, аны вице-премьер Максат Мамытканов жетектей турганын айткан.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча маселелерди талкуулашты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча маселелерди талкуулашты
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча маселелерди талкуулашты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча маселелерди талкуулашты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖолугушууда Мамытов бүгүнкү күндө президенттик шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү биринчи кезектеги маселелердин бири экенин белгиледи
Жолугушууда Мамытов бүгүнкү күндө президенттик шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү биринчи кезектеги маселелердин бири экенин белгиледи - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жолугушууда Мамытов бүгүнкү күндө президенттик шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү биринчи кезектеги маселелердин бири экенин белгиледи
1/2
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча маселелерди талкуулашты
2/2
Жолугушууда Мамытов бүгүнкү күндө президенттик шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү биринчи кезектеги маселелердин бири экенин белгиледи

Жолугушууда Мамытов бүгүнкү күндө президенттик шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү биринчи кезектеги маселелердин бири экенин белгиледи.

Андан соң Новиков Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, аны вице-премьер Максат Мамытканов жетектей турганын айтты.

"Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу учурда макроэкономикалык туруктуулукту, азык-түлүк коопсуздугун жана өлкөдө ишкерлердин активдешүүсүнө түрткү берүүчү чараларды камсыз кылууга биринчи кезекте көңүл буруу керектигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Новиков азык-түлүктүн баасын арзандатуу чараларын маалымдаган.

Мурунку премьер-министр жана президенттикке талпакер Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жапаров дайындаган кадрлар. Кызматка келген достору, үзөңгүлөштөрү
"Социалдык маанилүү товарларды сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу боюнча токтом долбоорлору даярдалып жатат. Ошондой эле алардын зарыл болгон корун түзүү үчүн импорттоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Азык-түлүктүн беш түрүнүн кору ашыкчасы менен бар. Баалардын жогорулашына жол бербөө үчүн ири сатуучулар менен социалдык маанидеги товарларга жеткиликтүүлүк механизми иштелип жатат. Өлкөдө азык-түлүк менен камсыздоо эч кандай үзгүлтүккө учурабайт", — деди Новиков.

Ошондой эле ал коронавирусту ооздуктоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу кабардар кылып, зарыл болгон дары-дармектердин жана жабдуулардын үч айлык кору түзүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0