Энергетиктер Өкмөт үйүнө келип Садыр Жапаровдун чыгуусун талап кылышууда
Энергетиктер Өкмөт үйүнө келип Садыр Жапаровдун чыгуусун талап кылышууда
Sputnik Кыргызстан
"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери жаңы дайындалган директорго каршы болуп жатышат. Буга чейин алар Улуттук энергетикалык холдингдин алдына топтолушкан. 30.10.2020, Sputnik Кыргызстан
"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери жаңы дайындалган директорго каршы болуп жатышат. Буга чейин алар Улуттук энергетикалык холдингдин алдына топтолушкан.
БИШКЕК, 30-окт. – Sputnik. Чыгыш, Батыш жана Аламүдүн РЭСинин митингге чыккан кызматкерлери Өкмөт үйүнүн алдына келип, Садыр Жапаровдун чыгышын талап кылып жатышат.
Буга чейин Улуттук энергетикалык холдингдин жанына 40ка жакын адам чогулган. Алар "Түндүк электр" ишканасынын директорлор кеңеши компаниясынын жетекчиси кылып Улан Астаркуловду дайындаганына нааразы болуп жатышат. Митингчилердин айтымында, Астаркулов кылмыш иштин фигуранты болуп саналат.