Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сарыбаев: жүрөк оорусунун пайда болушуна көбүнчө атеросклероз себепкер

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акбай Сарыбаев
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акбай Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акпай Сарыбаев жүрөк ооруларынын пайда болушуна 90 пайыз кан тамырдын атеросклероз оорусу себепкер экенин айтты.
Сарыбаев: жүрөк оорусунун пайда болушуна көбүнчө атеросклероз себепкер

Республикада жүрөк-кан тамыр оорулары орчундуу илдеттердин сап башында. Кыргызстандагы жалпы өлүмдүн дээрлик 52 пайызы ушул илдеттин кесепетинен болуп жатат. Бул тууралуу Акпай Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

COVID пандемиясынан кийин жүрөк оорулуулар көбөйүшү мүмкүн

Анын айтымында, ар бир адам кан басымын, салмагын, боюнун узундугун, канындагы холестеринди, канттын көлөмүн билип, аны көзөмөлдөп турушу керек.

"Инсульт, инфаркт, жүрөктүн алсыздыгы  — калк арасында көп кездешкен илдеттер. Бул оорулардын пайда болушуна 90 пайыз кан тамырдын атеросклероз оорусу себепкер. Атеросклероз — бул артериялык кан тамырларынын биринин май менен бүтөлүп, кандын сызылып аз өтүп, бара-бара кан тамырдын ичкериши. Мындай учурда кайсы орган болбосун кан жетишпегендиктен ооруй баштайт. Эгер жүрөк болсо инфаркт, мээ болсо инсульт болот. Ал эми атеросклероздун пайда болушунун үч башкы себеби бар. Биздин өлкөдө биринчи орунда жогорку кан басым же гипертония, экинчиде тамеки чегүү, үчүнчүсү канда холестериндин көп болушу. Мындан кийинки факторлор ашыкча салмак, аз кыймылдоо, кант диабети, стресс жана спирт ичимдиктерин ичүү. Статистиканы алып карасак, Кыргызстанда 21 жаштан өйдө адамдардын 47,8 пайызы гипертония менен жабыркайт. Ошону менен бирге бизде 18 жаштан баштап ар бир төртүнчү адам тамеки чегет. Элдин 26 пайызында ашыкча салмак маселеси бар. 30 пайыздан ашыгы ичимдикти көп ичет жана 80 пайызы аз кыйлмылдайт. Ушуну баары жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет", — деди Сарыбаев.

Кардиолог туура тамактануу, көп кыймылдоо жана ден соолуктун абалын көзөмөлдөп туруу жүрөк ооруларын алдын аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0