Данияр Үсөнов менен Лукашенконун сүрөтү. Бишкекте ТИМ Беларусь элчисин чакыртты

© AFP / JACQUESCOLLETКыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов. Архив
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беларусь элчисине Данияр Үсөнов жана башка адамдар боюнча алардын кадамы эки өлкөнүн буга чейинки достук мамилесине доо кетирери айтылган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстан Беларустан Данияр Үсөновдун коомчулукка ачык пайда болушун талап кылып, ТИМ аталган мамлекеттин Бишкектеги элчисин чакырды. Бул тууралуу тышкы иштер ведомствосунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда кыргыз тарап Беларустагы мамлекеттик иш-чарада Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн жана сыртынан соттолгон Данияр Үсөновдун катышканы боюнча түшүндүрмө сурады.

Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт

Беларусь элчисине мындай кадам эки өлкөнүн буга чейинки достук мамилесине доо кетирери айтылган.

"ТИМ мындан улам элчиге тиешелүү нота тапшырып, аталган адамдын, Беларустагы ага тиешеси барлардын токтоосуз кармалышына чара көрүп жана Кыргызстанга экстрадиция кылууга чакырды", —  деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, сөз болуп жаткан сүрөт президенттин сайты менен РИА Новостиге жарыяланган. Анда Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагы кишилерге таякча менен бир макетти көрсөтүп түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

© Фото / сайт президента БеларусиӨзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты
Данияр Үсөнов менен Лукашенконун сүрөтү. Бишкекте ТИМ Беларусь элчисин чакыртты - Sputnik Кыргызстан
Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты

Маалыматта Лукашенко Минск облусуна иш сапары менен барып, Пухович районундагы жогорку технологиялуу агроөнөр жай өндүрүшүн толук циклде уюштуруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышары айтылат.

ЖМК Бакиевдер менен Урицкийдин Белоруссиядагы миллиондогон бизнестери тууралуу

Данияр Үсөнов Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде анын администрациясын жетектеп келип, 2009-жылдын январь айынан тарта өкмөт башчы болгон. 2010-жылы эл бийликке нааразы болуп чыккан акцияда Үсөнов да качып кеткен. Кийин ага кылмыш иши козголуп, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Кийинки анын сүрөтү интернет айдыңында жарыяланып, ал Даниил Урицкий деген ат менен чыга баштаган.

Белгилей кетсек, Беларуста экс-президент Курманбек Бакиевдин дагы жашап жүргөнү белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0