Бүгүн 662 адам COVID жуктуруп алганы белгилүү болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкерлери. Архив
Лаборатория кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте күндөн-күнгө коронавирустан дарылаган ооруканалардагы бош орундар көбөйүүдө. Ошентсе да санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгы эскертилип келет.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өлкө аймагында бүгүн 662 адам коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу брифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, вирус илештирип алгандардын арасында 25 медицина кызматкери бар.

  • Бишкек - 221;
  • Ош – 52;
  • Чүй облусу – 42;
  • Ош облусу - 81;
  • Талас облусу – 22;
  • Нарын облусу – 13;
  • Ысык-Көл облусу – 82;
  • Жалал-Абад облусу – 102;
  • Баткен облусу - 47.

Ушуну менен вирус жуктуруп алып илдетке кабылган кыргызстандыктардын саны 35 805 кишиге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0