Пандемия тааныткан чындык: дарыгерлерге спорт менен машыгып жардам берүү зарыл

© AFP / ALFREDO ESTRELLAСтационардагы медицина кызматкери. Архив
Стационардагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорт менен машыгуу жана дене тарбия көнүгүүлөрүн күн сайын жасоону адатка айлантып, аны жашоонун бир образы катары кабыл алуу мезгил талабы болуп турат.

Коронавирус пандемиясы арабыздан көптөгөн адамды алып кетти. Буга вирус өзү, ал козгогон оорулар себеп болду. Ошентсе да эпидемия отуз жылдан бери эл турмуш түйшүгүнө баш-оту менен кирип, ден соолукту чыңдоону унутуп койгондугун көрсөтүп койду. Ар ким өзүнө өзү кам көрүшү, дары-дармекке, медиктерге адам өзү да жардамдашышы керектиги айкын болду.

Эки кадам ашыгыраак басып, көбүрөөк ийилип коюудан эринген элибиз азыр көнүгүүнүн түрүн өздөштүрүп, керилип-чоюлуп, кыймылдоого басым жасай баштагандай. Иш билги адистен баштап спорттон ого эле алыс адамдар да спорт жашоонун ажырагыс бөлүгү болууга тийиш экенин түшүнө баштады окшойт. Анын үстүнө коронавирус бир гана өпкөнү эмес, башка органдарды да жабыркатары маалым болду. Оорудан айыккан соң да адам өзүн жакшы карашы керектиги, реабилитациялык убакыт 20-30 күнгө созулушу мүмкүндүгү айтылууда.

Азыр спорттун түрү да, аны менен машыгууга шарттар да көп. Дене тарбияны жашоо образына сиңирүү үчүн спорт залга баруу милдет эмес. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы да ушул маселенин айланасында ой жүгүртүп, ар кайсы кесиптин ээлери менен баарлашкан.

Мектеп менен университеттерде да дене тарбия сабагы жакшы өтүлбөй калган

Спорттук иш-чараларды өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча "Жаштык" дирекциясынын директору Эркин Абдылдаев калк негизинен спорт менен машыгууну унуткандыгын айтып кейиди.

 

© Sputnik / Табылды КадырбековСпорттук иш-чараларды өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча "Жаштык" дирекциясынын директору Эркин Абдылдаев
Пандемия тааныткан чындык: дарыгерлерге спорт менен машыгып жардам берүү зарыл - Sputnik Кыргызстан
Спорттук иш-чараларды өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча "Жаштык" дирекциясынын директору Эркин Абдылдаев
"Союз учурунда ар бир клиника, мекеме жана заводдордо дарылоочу дене тарбия кабинеттери болор эле. Ден соолугу начарлагандарды кабинетте дарылап же дене тарбия көнүгүүлөрүн жасатып турушчу. Азыр андай жок. Негизи кечинде саат 5-6лар чамасында таза абада дем алып, ары-бери басып, турникке тартылуу пайдалуу. Ооруп калган адам дары, витаминдерди ичип эле толук жакшы болуп кетпейт, кыймыл, көнүгүүлөрдү да жасоо зарыл. Мен да пневмония менен ооруп сакайдым. Дене тарбия көнүгүүлөрүн тынбай жасап турдум. Сууда сүзүүнүн да көп пайдасы бар. Ал жүрөк оорусуна, кант диабетине, кыр аркалардын оорусуна, булчуңдардын иштешине, тизе муундарына, бел ооруларына жакшы. Ошондой эле үй ичинде ар кандай гимнастикалык таякчалар менен машыгып, скакалка менен секирип, килемчеге жатып ар кандай көнүгүүлөрдү жасоого болот", — деди Абдылдаев.

Ар бир жаран дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоону адатка айлантуусу керек

"Психоанализ" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков азыр Бишкекте эл дүрбөлөңгө көп түшпөй калганын айтты.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Психоанализ" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков
Пандемия тааныткан чындык: дарыгерлерге спорт менен машыгып жардам берүү зарыл - Sputnik Кыргызстан
"Психоанализ" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков

"Абал бир аз жакшыргандан бери көпчүлүк өзүбүздү-өзүбүз карашыбыз керек экен деп ойлоно баштады. Кээ бир ооруларга дары да жардам бербей калат экен. Биздин организм оору менен өзү күрөшсө болот турбайбы, бирок биз ушуга чейин аны эсепке албаптырбыз деген ой пайда болду. Вирус эл арасында спорт менен машыгуу керек деген чакыруулардын да жаралуусуна шарт түзгөнүн байкадым. Ден соолукту чыңдоо үчүн спорт менен машыгууну колго алуу зарыл. Бирок ошол спорттун пайдалуу түрүн да тандай билүү маанилүү. Илгерки заманда эркектер үй-бүлөсүн багуу үчүн аңчылыкка чыгып катуу чуркоого, аңдан секирип, зоокалардан өтүүгө машыккан. Бул турмуш талабы болчу. Азыр анын зарылчылыгы жок. Спорт менен машыгууда биринчи максат — ден соолукту чыңдап, тонусту көтөрүү", — деди психотерапевт.

Мени "тыңчы" атагандардын оюн билем. Лас-Вегастагы Валентина Шевченко менен маек

Ал белгилегендей, бүгүн бизге мушташ багытындагы спорттун түрү эмес, дене тарбия керек.

"Спорттун кээ бир түрү көп энергияны талап кылат. Мисалы, каалаган эле адам улак тарта албайт. Ага колдун каруусу, убакыт керек. Ар ким өзүнө ылайыктуусун тандап алганы туура. Велосипед тээп, чуркоого, тоого чыгууга, жөө басууга, сууда сүзүүгө болот. Анан туура тамактанууну да четте калтырбайлы. Мамлекет дене тарбия жана спорт тармагын өстүрүүгө, аны калктын жашоосуна киргизүүгө чоң аракеттерди жасашы зарыл. Элдин баарын эле спорт менен машыктыра албайбыз. Ар кимдин ден соолугу ар кандай, бирок дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоого баарынын мүмкүнчүлүгү бар. ЖМК аркылуу бул жаатта роликтерди тартып, жазып, чакырык жасай берсе эле элге сиңе баштайт", — деген пикирин билдирди Султанбеков.

Эң пайдалуусу - аралыкка чуркоо

Ош шаардык ооруканасынын дарыгери Талант Калыков спорттун эң жакшысы, ден соолукка пайдалуусу аралыкка чуркоо деп эсептейт.

 

© Фото / Талант КалыковОш шаардык ооруканасынын дарыгери Талант Калыков
Пандемия тааныткан чындык: дарыгерлерге спорт менен машыгып жардам берүү зарыл - Sputnik Кыргызстан
Ош шаардык ооруканасынын дарыгери Талант Калыков
"Аралыкка чуркаганда дене чыңалат, зат алмашуу активдешет, организм тазаланат. Спортчуларда спорт чуркоодон кийин башталат деген түшүнүк бар. Ошондуктан жөнөкөй адам да күнүнө эки–үч чакырым чуркоону адатка айлантышы абзел. Бул азыр да адамдын саламаттыгы үчүн керек болуп турат", — деди ал.

Жеңүүчү республикалар. Олимпиада-80де жеңишке ким жеткирген?

Дарыгер улгайгандар көбүрөөк жөө басышы керектигин, колдон келсе ылдам басуу пайдалуу экенин эскертти.

Атты көп мингендер аденома оорусуна чалдыкпайт

71 жаштагы журналист Жолдошбек Токоев өмүр бою велосипед тээп, ат минип, сууда сүзүп, жаш кезинде бокс менен да машыгып келген.

© Фото / из личного архива Жолдошбека ТокоеваЖурналист Жолдошбек Токоев (в центре)
Пандемия тааныткан чындык: дарыгерлерге спорт менен машыгып жардам берүү зарыл - Sputnik Кыргызстан
Журналист Жолдошбек Токоев (в центре)

"Адамдын кыймыл-аракетинин баары эле ден соолукка пайдалуу. Кыймыл — бул кан жүгүртүүнү жакшыртып, булчуң эттерди чыңдап, сөөк муундарын ийкемдүү кылат. Өпкө, жүрөктүн иштешин жакшыртат. Көп кыймылдабаган адамга гипертония, кант диабети өңдүү оорулар жабышат. Мен мисалга, жөө көп бастым, велосипед тээп жүрүп семирген жокмун. Ошентип көп илдеттен оолак болдум",— деди Токоев.

Анын айтымында, ат минүүнүн да адамдын ден соолугуна чоң пайдасы бар.

"Ат чапканда көңүл көтөрүлүп, организмге пайдалуу гормондор иштелип чыгат. Мындан тышкары, ат минген эркек аденома оорусунан алыс болот. Азыр жаштардын көбү бул илдетке чалдыккан. Менде андай жок. Себеби атты көп миндим. Ал эми велосипед тебүү өпкөнү жакшы иштетет",— деди ал.

Токоев аксакал тамеки чеккенди тыштай албай койгонуна өкүнөт.

"Тамекини көп тартып, бронхамды бузуп алдым. Өкүнөм, бирок айла жок. Ошентсе да үйдө атайын көнүгүүлөрдү жасап турам. Мурда көлгө барып же шаардагы бассейндерде сууда сүзчүмүн. Сууда сүзүү адамды сергек кылат. Мен сууда сүзүүнү 68 жашымда токтоттум. Себеби жашы өтүп калганда адамдын организми табигый түрдө бошой баштайт экен", — деди журналист Токоев.

Исмаилова: учурда коронавирустан дарылоонун жаңы протоколу даярдалууда

"Тибет" медицинасынын доктору, фитотерапевт Анархан Надирова кыймыл-аракет иммунитетти көтөрүүнүн бирден-бир жолу экенин белгилейт.

© Фото / из личного архива Анархан Надировой"Тибет" медицинасынын доктору, фитотерапевт Анархан Надирова
Пандемия тааныткан чындык: дарыгерлерге спорт менен машыгып жардам берүү зарыл - Sputnik Кыргызстан
"Тибет" медицинасынын доктору, фитотерапевт Анархан Надирова

"Советтер Союзунун маалында жумушчулар, студенттер иш үстүндө 15-20 мүнөт гимнастика жасап турушчу. Азыр да ошол көрүнүштү адатка айлантуу зарыл. Коронавирустун бирден-бир кесепети — кандын коюлуп кетиши болуп жатат. Аны алдын-алуу үчүн кыймыл керек. Мисалга мен 70 жашта болгонум менен 30 жылдан бери эртең мененкисин Бишкектеги ардагерлер паркында 5 чакырым жөө басам. Бул эң эле жөнөкөйү, буга эч кандай каражаттын да кереги жок. Баса албай калган жарандар да кыймылдап турушу зарыл. Кыймыл кан тамырларды кеңейтет, ал эми биз жеген азыктар каныбыз менен организмге барат. Экинчиден, ардагерлер ошол парктын өзүндө топ-топко бөлүнүп алып кытай гимнастикасы — тайчи менен алектенебиз. Бул жай кыймылдуу көнүгүүлөр аркылуу бүт органдарга керектүү кычкылтекти, микроэлементтерди жана энергияны жеткизе турган көнүгүү. Баспай калдым же алым жок деп жатып албаш керек, бармагыңды болсо да кыймылдатуу зарыл. Жашы өтүп калгандар "скандинавиялык жүрүш" — эки чыбык менен аралыкка жөө басабыз. Муун ооруларга жакшы", — деди Надирова.

Фитотерапевт убакытты көп талап кылбаган, өтө пайдалуу тайчи гимнастикасын өзгөчө жашы өтүп калган адамдарга сунуштайт.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 34 512ге жетти. Анын ичинен 23 343 киши ооруну жеңип, айыгышты. Тилекке каршы, коронавирус 1 347 кишинин өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0