Мени "тыңчы" атагандардын оюн билем. Лас-Вегастагы Валентина Шевченко менен маек

© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоЧемпионка мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентина Шевченко
Чемпионка мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын сыймыгы Валентина Шевченко операциядан кийинки абалы, апрелде Бишкекке келем деп пландаганын, актриса Холли Берринин "сөөктөрүн кантип сындырганын" жана карантин кандай өтүп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маек курду.

Валентина Шевченко эжеси Антонина жана машыктыруучусу Павел Федотов болуп көп жылдан бери чет мамлекетте жашап, машыгып келишет. Учурда Лас-Вегаста. Аны менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы байланышып, соңку жаңылыктары тууралуу билди.

Эске сала кетсек, Шевченко 6-июнда Австралиядагы UFC 251 турниринин алкагында шотландиялык Жоан Калдервуд менен беттешиши керек болчу. 1-апрелде кыргызстандык мушкер промоутерлик компаниянын жетекчилигинен мелдештин мөөнөтүн жылдырууну өтүнүп, соңку беттешинде жаракат алган бутуна операция жасаткан. Спортчу бутун 8-февралда Хьюстондогу UFC 247 турниринде Кэтлин Чукагян менен беттешип жатып жабыркатып алганы айтылды. Турнирде кыргызстандык мушкер чемпиондук наамын коргоп калган. 

© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоАбсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) 57 килограмм салмактагы чемпиону Валентина Шевченко көп жылдан бери чет мамлекетте жашап, машыгып, беттештерге катышып келет.
Мени тыңчы атагандардын оюн билем. Лас-Вегастагы Валентина Шевченко менен маек - Sputnik Кыргызстан
Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) 57 килограмм салмактагы чемпиону Валентина Шевченко көп жылдан бери чет мамлекетте жашап, машыгып, беттештерге катышып келет.

— Азыр өзүңүздү кандай сезип жатасыз, операциядан кийинки калыпка келүү кандай болуп жатат? Дарыгерлер эмне деп кеңеш беришүүдө?

— Бардыгы жакшы, рахмат. Операция жасатканыма төрт жума болуптур. Акырындан бутумду кыймылга келтирип, баса баштадым. Күн сайын UFC уюмунун физиотерапевттери атайын көнүгүүлөр аркылуу менен булчуңду калыбына келтирүүгө жардам берип жатышат.

— Демек, сизге азыр үйдө машыкканга болбойт турбайбы?

— Азыр машыгуу менен эжем Антонина алектенип жатат. Анын беттеши карантинге байланыштуу апрелдин этегинен майдын аягына жылды. 

© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоШевченко: азыр машыгуу менен эжем Антонина алектенип жатат. Анын беттеши карантинге байланыштуу апрелдин этегинен майдын аягына жылды.
Мени тыңчы атагандардын оюн билем. Лас-Вегастагы Валентина Шевченко менен маек - Sputnik Кыргызстан
Шевченко: азыр машыгуу менен эжем Антонина алектенип жатат. Анын беттеши карантинге байланыштуу апрелдин этегинен майдын аягына жылды.

— Азыр Лас-Вегаста турбайсыздарбы, ал жакта пандемияга байланыштуу абал кандай?

— Карантинге байланыштуу кийим дүкөндөрү, ресторандар жабык. Азык-түлүк дүкөндөрү сегизге чейин иштейт. Кафелер жабык болгондуктан үйдөн тамактанабыз. Көбүнчө кыргыз жана орус ашканасындагы азыктарды даярдайбыз. Шорпо кайнатып, күрүч басканыбызда үйүбүз буркураган жытка толуп калат. Бул нерсе өзүнчө бир дем берет экен.

Ал эми кыймылга чектөө жок. Шаардын ичинде, сыртында же коңшу штаттарда ээн-эркин жүрө аласың. Андыктан биз жаратылышка чыгып, убактыбызды пайдалуу өткөргөнгө аракет кылып жатабыз. 

© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоВалентина: Биз апрелдин соңунда Бишкекке барууну ойлоп жатканбыз. Менин жаракатыма байланыштуу ишке ашпай калды.
Мени тыңчы атагандардын оюн билем. Лас-Вегастагы Валентина Шевченко менен маек - Sputnik Кыргызстан
Валентина: Биз апрелдин соңунда Бишкекке барууну ойлоп жатканбыз. Менин жаракатыма байланыштуу ишке ашпай калды.

— Мурда жылып кеткен беттешиңиз качан болот деп жатышат? Ал турнирден кийин ким менен күч сынашасыз? Спорт сүйүүчүлөрү кытайлык Вейли Жанг же бразилиялык Аманда Нуньес болушу мүмкүн деп жатышат.

— Беттештин так убактысы белгисиз. Мен азыр Калдервуд (шотландиялык мушкер) менен гана беттешүүнү ойлоп жаткандыктан, андан кийинкилерин караштырган жокмун. Негизи өзүм маңдайыма келген бардык атаандаш менен беттешүүгө даярмын.

— Жакында эле UFC мушкери Бен Аскрендин сизди "россиялык тыңчы" деп атап, "ага маанилүү тапшырма берилгендиктен, турнирге катышуудан баш тартты" деп айтканы тууралуу кабарыңыз болсо керек. Анын сөзүнө кандай баа бересиз? 

— Ооба, уккам. Буга чейин да ушундай эле сөздөрүнө жооп кайтаргам.

Машыктыруучубуз Павел Федотов бизди сокку узатканды, күрөшкөндү билген ар тараптуу спортчу болушубуздан сырткары инсан катары өнүгүп-өсүп турушубузга салымын кошконго далалат кылат. 

© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоВалентина: Машыктыруучубуз Павел Федотов бизди ар тараптуу спортчу болушубуздан сырткары инсан катары өнүгүп-өсүп турушубузга салымын кошконго далалат кылат
Мени тыңчы атагандардын оюн билем. Лас-Вегастагы Валентина Шевченко менен маек - Sputnik Кыргызстан
Валентина: Машыктыруучубуз Павел Федотов бизди ар тараптуу спортчу болушубуздан сырткары инсан катары өнүгүп-өсүп турушубузга салымын кошконго далалат кылат

Ал бизге мылтык жана тапанчадан ок атууга үйрөттү. Азыр эжем Антонина экөө авиация менен алектенип, жеңил моторлуу учактарды айдап жатышат. Ошондой эле унаанын түрүн, мотоцикл жана моторлуу кайыктарды айдаганды билебиз. 

© Фото / Валентина ШевченкоВалентина: Павел бизге мылтык жана тапанчадан ок атууну үйрөттү. Азыр эжем Антонина экөө авиация менен алектенип, жеңил моторлуу учактарды айдап жатышат.
Мени тыңчы атагандардын оюн билем. Лас-Вегастагы Валентина Шевченко менен маек - Sputnik Кыргызстан
Валентина: Павел бизге мылтык жана тапанчадан ок атууну үйрөттү. Азыр эжем Антонина экөө авиация менен алектенип, жеңил моторлуу учактарды айдап жатышат.

Соңку 15 жылдагы саякаттарыбыз бизди түрдүү адамдардын жашоосу менен тааныштырып, чет тилдерди тереңдетишибизге салымын кошту. Мен, мисалы, испан жана англис тилдеринде эркин сүйлөйм. Ошондой эле коштоочусу жок дарыялар аркылуу Амазонканын Перу токойлорунун алыскы айылдарына жете алам. Дарыядан пираний, океандан тунец балыктарын кармагам. Ошондой эле акуланы кантип кармап, аны жагымсыз жытын жок кылып бышырганды билем. Саякат көп нерсени үйрөтөт.

Мен маектеримде "Агент 007" Жеймс Бонд — бул болгон нерсени билген жоокер деп айтып келем. Чыныгы жашоодо биз илим жана искусствонун бардык түрүн түшүнө албайбыз. Бирок бир жерде токтоп калбаш үчүн өзүң кызыккан нерселерди өнүктүрүүгө умтулса болот.

Кинодогу универсалдуу каармандар адатта агенттер же тыңчылар. Ошондуктан Бен Аскрен мени ушул багытта тыңчы деп тамашалап айтты. 

© Фото / Валентина ШевченкоШевченко: атаандаш тандабайм, маңдайыма келген бардык мушкер менен беттешүүгө даярмын.
Мени тыңчы атагандардын оюн билем. Лас-Вегастагы Валентина Шевченко менен маек - Sputnik Кыргызстан
Шевченко: атаандаш тандабайм, маңдайыма келген бардык мушкер менен беттешүүгө даярмын.

— Сиз менен "Сабалган" ("Оскорбленная") тасмасына тартылган голливуд жылдызы Холли Берри жакында эле маектердин биринде "сөөктөрүн сындырып салганыңызды" айтты. Бул кандайча болду эле?

— Фильмдин тартылышына Нью-Йорктун Манхэттенинде даярданганбыз. Эки ай ичинде күнүнө алты сааттан машыгып, октагондон чыккан жокпуз. Тартуу иши Атлантик-Ситиде уланганда күнүнө 12 саат иштеп жаттык. Аныбыз таңкы беште башталып, түн бир оокумда бүтчү.

Дублдар көп болду. Соккунун ылдамдыгы менен катуулугу да улам күчөй берди. Анан чарчаганыбыз да билинди. Мушташкан кадрларды тарткандар темпти ылдамдатууну талап кылышты. Бир убакта сокку жана андагы кулоо кадрлары көзөмөлдөн чыгып кетти, бирок Холли чыныгы жоокердик сапатын көрсөттү. Денеси ооруганына карабастан, кетип калбай, ошол күнү кечке чейин иштеди.

© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоВалентина Шевченко голливуд жылдызы Холли Берри менен "Сабалган" ("Оскорбленная") тартылды
Чемпионка мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
1/2
Валентина Шевченко голливуд жылдызы Холли Берри менен "Сабалган" ("Оскорбленная") тартылды
© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоТасма ушул жылдын аягында экранга чыгышы күтүлүүдө
Чемпионка мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
2/2
Тасма ушул жылдын аягында экранга чыгышы күтүлүүдө
1/2
Валентина Шевченко голливуд жылдызы Холли Берри менен "Сабалган" ("Оскорбленная") тартылды
2/2
Тасма ушул жылдын аягында экранга чыгышы күтүлүүдө

— Мекениңиз Кыргызстанга келип кеткенден бери бир жыл өтүптүр. Жакында эле архивдик сүрөт, видеолорду соцтармактан бөлүштүңүз. Кайра качан келейин деп жатасыз?

— Биз апрелдин соңунда Бишкекке барууну ойлоп жатканбыз. Беттештерге Кыргызстандан даярданабыз деген олуттуу план бар болчу. Ал убакта Антонина дагы беттешип бүтмөк. Бул менин жаракатыма байланыштуу ишке ашпай калды. Бирок Кыргызстанга быйыл барууну самап жатам.

© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоШевченко: жашоодо биз илим жана искусствонун бардык түрүн түшүнө албайбыз. Бирок бир жерде токтоп калбаш үчүн өзүң кызыккан нерселерди өнүктүрүүгө умтулса болот.
Мени тыңчы атагандардын оюн билем. Лас-Вегастагы Валентина Шевченко менен маек - Sputnik Кыргызстан
Шевченко: жашоодо биз илим жана искусствонун бардык түрүн түшүнө албайбыз. Бирок бир жерде токтоп калбаш үчүн өзүң кызыккан нерселерди өнүктүрүүгө умтулса болот.

Ал ортодо былтыркы сапар мага сонун, жаркын бир эскерүүлөрдү тартуулап жатат. Кыргызстанда жакында бардыгы ордуна келип, элдин ден соолугу чың болуп, жай айын ойдогудай өткөрөт деген ниеттемин. 

Жаңылыктар түрмөгү
0