Жеңүүчү республикалар. Олимпиада-80де жеңишке ким жеткирген?

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүМосквада XXII Олимпиадалык оюндун ачылыш аземи. Архив
Москвада XXII Олимпиадалык оюндун ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл жайда Токиодо жайкы Олимпиада оюндары өтмөк. Профессионалдык спорт дүйнөсү ушул тапта өткөнгө кылчайып, 40 жыл мурун СССРде өткөн Олимпиаданы жылуу эскерип турат.

Асманга көтөрүлгөн мамалак менен учкан Олимпиада-80 спортту кадырлаган миллиондогон адамдардын алигүнчө жүрөгүн жылытат. Алар мекендештеринин ошондогу жеңишин күнү бүгүнкүдөй эргүү менен эскеришет.

Москвадагы оюндар эң оболу дүйнө жүзүндөгү атлетчилердин триумфалдык жеңиши менен элдин эсинде калган. Буга АКШ, Канада, Түркия, Корея Республикасы, Япония, Малайзия, ФРГ өңдүү спорттун жайкы олимпиадалык түрү боюнча күчтүү деп саналган 65 өлкөнүн спортчуларынын Олимпиада-80ге бойкот жарыялаганы да бөгөт боло алган эмес.

40 жыл мурда намыска жараган. Мамагенттик Олимпиада чемпиону Осмоналиевди куттуктады

Медалдык эсепте советтик курама командасы татыктуу түрдө жеңишке жеткен. Эки аптага созулган мелдештерде 80 алтын, 69 күмүш жана 46 коло медаль тагынган. Бардык союздук республикалардын спортчулары жеңишке жетүүгө укмуштуудай ынтызарлыкты көрсөткөн. Алар кынтыксыз даярдыгы менен көрүүчүлөрдү таң калтырып, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон күйөрман топтошкон.

Бир медалга алымсынмак эмес

Мекен топурагында өткөн Олимпиадада жеңишке жетүү — ар бир спортчунун тилеги. Трибунадагы жакындарынын көз алдында пьедесталдын жогорку тепкичине бир нече ирет чыгууну кыялдануу кишини чочулатса да керек. Бирок советтик атлетчилерге мунун тиешеси жок. Олимпиада-80де "биздикилер" ар кыл даражадагы үч, төрт, ал түгүл бештен медалга жетишкен. Маселен, гимнаст Александр Дитятин Москвада 3 алтын, 4 күмүш жана бир коло, ал эми сууда сүзүүчү Владимир Сальников үч аралыкта жеңишти багындырган. Гимнастчылар Николай Андрианов жана Александр Ткачев, сууда сүзүүчү Сергей Копляков, фехтовальщик Виктор Кровопусков жана башка көптөгөн спортчулар СССРдин курама командасына бирден ашык медалдарды алып келген.

Минскинин кулуну Владимир Парфенович Крылатскидеги Гребной каналында ардак пьедесталынын жогорку тепкичине үч жолу чыккан. 500 метрлик аралыкка байдарка менен жалгыздап жарышууда Олимпиада-80дин үч жолку бул чемпиону Сергей Чухрай менен жуп жарышта да жалпы эсепти эки алтын менен толуктаган.

Каныбек Осмоналиев Токиого барчу Тыныбекова жана Азисбеков менен жолукту. Сүрөттөр

Олимпиада-80дин эки жолку чемпиону Нелли Ким 1970-жылдары дүйнөнүн мыкты гимнастчыларынын бири болгон. 1980-жылы карьерасы аяктагандан кийин да Нелли Ким бир топ жыл спорттук гимнастика боюнча ар кандай улуттук курама командаларын машыктырып жүрдү. Ал эми 2004-жылы Эл аралык гимнастика федерациясынын конгрессинде ал бул уюмдун аялдар техникалык комитетинин президенти болуп шайланган. Спорттук гимнастикада судьялыктын жаңы системасын киргизүүнүн башкы демилгечилеринен болгон. Душанбелик күрөшчү Анатолий Старостин 20 жашында Москвадагы Олимпиаданын эки жолку чемпиону болгон. Жеке эсебиндеги алтынга командалык эсепте дагы бир алтын кошкон. Советтик ат спортчусу, Хабаровскинин кулуну, бирок тагдырдын эрки менен минскилик "Урожай" командасынын намысын коргогон Виктор Угрюмов командалык жарышта ардак пьедесталынын жогорку тепкичине чыгып, жеке жарышта коло медалга татыган.

Советтик сууда сүзүүчүлөр – Елгавадан чыккан Арсен Мискаров жана таллинндик Ивар Стуколкин да Олимпиадада бир медаль менен чектелбөөнү чечкен. Эки күмүш медалына Мискаров бир коло кошсо, ал эми Стуколкин Москвадан алтын жана коло тагынып кайткан. Ушул өңдүү көптөгөн мисалдар советтик спортчулардын жеңишке канчалык умтулганын айгинелейт. Ошол оюндардан бир топ жыл өткөндөн кийин курган маектеринде Олимпида-80дин эч бир каарманы кандайдыр боштук же алсыздык туурасында ооз да ачкан эмес.

1980-жылдагы Олимпиаданын чыныгы баатырлары өздөрүнүн стартына, даярдыгы жана көздөгөн максатына гана бүт дитин койгон. Союздун булуң-бурчунан келип катышкан атлетчилер жолундагы бардык тоскоолдорду жеңип, атаандаштарынан, ал тургай командадагы шериги менен жарышып калса да, алдыга озуп отурган... Бул боюнча дагы токтолобуз.

Күлүктөр, Ысык-Көл, "Арашан". Кыргыз ССРи Олимпиада-80дин конокторун таң калтырганда

Оюндун кызыгын курушкан

Азырынча командалык спорттун түрлөрү боюнча СССРдин курама топторунун артыкчылыгынан да кеп салалы. Москвадагы Олимпиадада Бүткүл Союздун мыктыларынан куралган советтик курамалары да ийгиликтүү оюн көрсөтүшкөнүн белгилөөгө болот. Баскетбол, волейбол, баскетбол жана сууда топ ойноодогу жеңиш биздин атлетчилердин анык деңгээлин көрсөткөн.

Волейболдук мелдеште советтик эки курама команда тең алтын тагынган. Эгер аялдар командасында өзбекстандык Лариса Попова жогорку чеберчилигин көрсөтсө, эркектер арасындагы волейболдо алтын медалды латвиялык Павел Селиванов да, эстониялык Вильяр Лоор да тагынган.

Сууда топ ойноо боюнча СССРдин эркектер курама командасы чындап союздук эле. РСФСРдин өкүлдөрү менен бирге бул топко Эстониядан Майт Рийсман, Грузиядан Георгий Мшвениерадзе, Өзбекстандан Эркин Шагаев, Казакстандан Сергей Котенко жана Тажикстандан Вячеслав Собченко кирген. Сегиз матчтын биринде да утулбай, советтик курама командасы татыктуу түрдө олимпиадалык чемпион болгон.

Эч унутпайм. Олимпиада-80де котормочу болгон Бишкектин кулуну Алмас Чукиндин маеги

Олимпиада-80дин дагы башка чемпиондору – литвалык баскетболчу Вида Беселене жана Ангеле Рушпене командадагы шериктери менен группалык турнирде мүмкүн болгон беш жеңишти толук багындырган, ал эми финалда Болгариянын курама командасын жеңген.

Дүйнөдө спорттун эң кеңири таралган түрү – футбол боюнча курама топту да эстебей койгон болбойт. Союзда өткөн Олимпиаданын макамын эске алып, футболчулардан алтындан башканы күтүшкөн эмес. Жыйынтыгындагы үчүнчү орунду көпчүлүк утулгандай эле кабылдаган. Оюнчулардын өздөрү деле маектеринде коло медалга маңдайы жарыла кубанбагандыктарын дароо белгилешет. Анткен менен Константин Бесковдун жетектөөсүндөгү жылдыздуу команда футбол күйөрмандарынын эсинде түбөлүккө сакталат. Ал топтун курамында Ринат Дасаев, Олег Романцев, Федор Черенков, ошондой эле армян Хорен Оганесян жана грузиндер Александр Чивадзе, Реваз Челебадзе жана Тенгиз Сулаквелидзе мыкты чеберчилигин көрсөтүшкөн.

Оюн "ээлери" накта кожоюндук көрсөткөндө

Спорттун айрым түрлөрүндө советтик спортчулар дээрлик бардык багыттарда медалга татып, өз атаандаштарынан кыйла жогорку орунда турган. Ошол жылкы Олимпиада "ээлеринин" эң таасирдүүсү күрөштө жана оор атлетикада байкалган. Казак ССРинен Жаксылык Ушкемпиров жана Шамиль Сериков, ошондой эле грузин Вахтанг Благидзе грек-рим күрөшүндө бардык атаандаштарынан күчтүү экендиктерин тастыктай алышкан.

Оор атлетикадагы 10 медалдын сегизи советтик спортчуларсыз ойнотулган эмес. Кыргыз ССРинен Каныбек Осмоналиев, Армян ССРинен Юрий Варданян, Беларуссия ССРинен Леонид Тараненко, Өзбек ССРинен Султан Рахманов Олимпиада-80де алтын медалга татышкан. Ал эми армян Юрий Саркисян жеңишке бир кадам гана жетпей калган.

Күмүш медалдар гана таза күмүштөн жасалган. Олимпиада-80деги сыйлыктар тууралуу

Сууга секирүүдө СССР атлетчилери бардык багыттарда спортчулардын ар бири медаль тагынган. Азербайжанда төрөлүп, бирок Минскинин атынан катышкан Александр Портнов 3 метрлик трамплинден секирүүдө алтынга татыган.

Беларуссия ССРинин дагы бир өкүлү Владимир Алейник 10 метрлик секиден секирүүдө алтынга жетсе, коло медалды да Армениядан келген дагы бир советтик атлет Давид Амбарцумян илип кеткен. Аялдар арасында ушундай эле бийиктикте күмүш медаль Армения ССРинин кулуну Сирвард Эмирзянга буюрса, коло медаль грузин кыз Лиана Цотадзеге тийген.

Өзгөлөрдү сестенткиң келсе, өзүңдүкүлөрдү аяба

"Кычкыл" жеңиш. Мындай сезим дээрлик ар бир спортчуга тааныш. Москвадагы оюндарда советтик атлетчилер алтын медаль үчүн чет элдик спортчулар менен гана тургай, команда ичиндеги шериктери менен да бет келишкен учуру көп болгон.

Кадыресе көрүнүш тура. Узак жылдар бою бир стартка ийиндеш дайынданып, бир дасторкондон даам сызып, балким, жыйындарда мейманкананын бир бөлмөсүндө чогуу күн өткөргөн спортчулар эң жооптуу учурда көз ирмем же саналуу сантиметр калганда жашооңдогу эң ынак досуңа жеңилесиң. Жогорку жетишкендиктеги спорт дүйнөсүндө мындай нерселер көп орун алат.

Олимпиада-80деги үч ирет секирүүдө дал ушундай болгон. Эстониялык Яак Уудмяэ жыйынтыктоочу протоколдо Сухумиден келген Виктор Санеевден болгону 11 сантиметрге узун натыйжа көрсөтүп, күмүш медалга татыган.

Кыргыз ССРинин намысын коргогон жеңил атлетчи Татьяна Колпакова 1980-жылдагы Олимпиада оюндарында узатасынан секирүү секторунда 7,06 жыйынтык менен алтын медаль тагынган. Дагы бир советтик спортчу Татьяна Скачко 7,01 көрсөткүч менен коло медалга алымсынган.

Олимпиада-80дин музыкасы кантип жаралган. Үнүн тааныбай калган Лещенко

Жаа атуу боюнча советтик спорттун тарыхында тун жана жападан жалгыз олимпиадалык алтындын ээси Грузиядан катышкан Кетеван Лосаберидзе Наталья Бутузованы артка калтырган.

Олимпиадада советтик сууда сүзүүчүлөр да алтын медаль үчүн таймашып калган учурлар көп болгон. Белоруссиялык Оршадан келген Сергей Копляков эркин стилде 200 метрлик аралыкта Андрей Крыловдон көз ирмемчелик убакыт гана ашып чыккан. Вильнюстук Робертас Жулпа 200 метрлик аралыкка жай (брасс ыкмасында) сүзүүдө латвиялык Арсен Мискаровдон озуп кеткен. Робертастын жердеши Лина Качюшите ушул эле ыкмада 200 метрлик аралыкта Светлана Варганова менен Юлия Богданованы артка калтырган.

Түбөлүк жеңүүчүлөр

Кандай медаль тагынбасын, спортчу машыгуу, көп нерседен куру калуу, өзүн жеңе билүүгө узак жылдарын сарптайт. Советтик спортчу уткан медаль өзүнчө мааниге ээ, өзүнчө кайталангыс. Ар бир медалдын аркасында спортчулардын, машыктыруучулардын, алардын жакындарынын эбегейсиз эмгеги турат. Алардын ар бири Москвадагы оюндардын жеңүүчүсүнө өз салымын кошкон, жетпегенин толуктаган. Натыйжада анын баары акталды. Айланасындагылардын ушундай колдоосуна арзыган спортчу сыймык менен колун жогору көтөрүп, качантан бери топтолуп турган, ойго келгис чыңалуудан улам көздөрүнө сүйүнүчтөн жаш тегеренет.

Таанышканда кайталап сурашат. Олимпиада аттуу кыргызстандыктар менен маек

Олимпиада-80деги жетишкендиктерди санап бүтө албайсың. Жылына бир эстеп коюш да аздык кылат. Канчалык тапталып бүткөн сөз болсо да, өткөнүбүздү баалай албасак, болочокту баркташ кыйын. Ал эми бул орток окуя биримдиктин, күч менен эрдиктин салтанатынын айкын далили болуп саналат. Мейли, аларды бир топ жылда бир эстешсин. Куттукташ үчүн деле эмес, болгону унутулбасын. Негизгиси, Олимпиада-80дин баатырларынын мекенинде улуу спортчулардын эрдиги элдин эсинде болсун. Алар кезегинде советтик спортко өз өмүрлөрүн сая чоң жеңишти алып келишкен, планетанын эң күчтүү атлетчилери экенин далилдей алышкан.

Чагыбызда мурунку кылымдын 80-жылдарына караганда жаш муун түздөнчү өрнөк болчуларды табыш алда канча татаал. Жайнаган азгырыктар, шарттары жакшырган жашоо деңгээли спортчуларды бузуп коёру айкын. Өздөрүн баатыр деп атоого акылуу спортчулардан келечек муунга баян салып, өткөндүн жеңиштерин сактоо жана эстен чыгарбоо да терең мааниге ээ.

Жаңылыктар түрмөгү
0