Саатына 155 чакырым! Аэромобилдик "Стрела" сооттолгон унаасынын арышы

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүү"Стрела" сооттолгон жеңил унаасы
Стрела сооттолгон жеңил унаасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык армиянын сооттолгон жаңы автомобилдеринин уникалдуу топтому ыкчам жүргөн "Стрела" унаасы менен толукталды. Мындай унаалар үчүн ойго келбеген ылдамдыкта, саатына 155 чакырымга чейин катуу жүрө алат.

Ылдамдыгы — көзгө басар өзгөчөлүгү, бирок бул Россия жана анын союздаштарынын коргонуу жөндөмүн, бүгүнкү күндөгү согуштук жаңжалдарда россиялык куралдын артыкчылыгын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берген жалгыз мүнөздөмөсү эмес экенин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.

"Аскердик өнөр жай компаниясы" ишканасынын башкы директору Александр Красовицкий РИА Новости агенттигине "Стрела" сооттолгон жеңил автомобилинин дүйнөдө теңдеши жоктугун билдирген. Техника АК-74, АКМ автоматтары жана СВД мылтык окторун өткөрбөс баллистикалык коргоого ээ.

Минага каршы коргоосу сооттолгон унаанын дөңгөлөгү алдында мина жана эки килограммга чейинки тротилдик эквиваленттеги кубаттуулуктагы жардыргыч заттардын жарылуусунан да экипаж мүчөлөрүн сактоого кепилдик бере алат.

Абадагы алгыр учак! "МиГ-31дин" өзгөчөлүктөрү

Машинанын салмагы 4,7 тонна, бул аны тактикалык аба десантынын курамында Ми-8 (Ми-17) тик учагына илип жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Салыштырсак, "Тигр" сооттолгон унаасы андан эки эсе оор, 600 граммга чейинки тротилдик эквиваленттеги жардыргычка да "солк" этип койбойт. "Стрела" сыртынан күчтүү жардыргыч заттардан заманбап калканч, корпустун геометриясы менен корголгон. Ал эми ичинде азыр жарылуу толкуну соккусунан сактай турган орундуктары орнотулуп калган.

Сирияда жаңы россиялык сооттолгон автомобилдеринин пайдаланылышы мындай типтеги конструкциялардын ынанымдуулугун ырастады, жардырууларда унаа ичиндеги адамдар өлүмгө учураган жок.

"Стрела" сооттолгон жеңил унаасы атайын бөлүктөрдүн оперативдик-кызматтык ишмердигин камсыздоо, жогорку деңгээлдеги баллистикалык коргоо менен адамдарды жана ар кандай жүктөрдү ташууга багытталган. Салонуна айдоочу менен бирге сегиз чакты киши батат. Модулдук комплексти жана атайын жабдууларды орнотуу мүмкүнчүлүгү каралган. Аскердик унаа толугу менен россиялык материал жана тетиктеринен жасалган.

Курал жасоосулар ааламындагы өндүрүшчү компаниянын аброю дүйнөдөгү эң ыкчам сооттолгон унаанын жогорку сапатын жана анын эл аралык рыноктогу олуттуу экспорттук потенциалын кепилдейт.

Россиянын жаңы флоту: бир күндө дароо алты кеменин курулушу башталат

Чагылгандай "Стрела" аскер кызматкерлерин кайдыгер калтырбайт, себеби жогорку ыкчамдык – күч бөлүктөрүнүн бекемдигинин негизи. Эгер шосседе сооттолгон унаа саатына 155 чакырымга чейин катуулай алса, өңгүл-дөңгүл жерде саатына 80 чакырым да чек эмес.

Машинаны жасоодо перспективдүү түйүндөр жана агрегаттар жарандык автопромдун массалык өндүрүшүндө өздөштүрүлүшү мүмкүн. Ошондо Россияда дүйнөдөгү эң жолтандабас, ок өткөрбөс кроссовер, геолог, турист жана балыкчылардын самаган унаасы пайда болот.

Атайын багыттагы болиддер

Согуш талаасында сооттолгон автомобилдин кеңири спектринин мааниси айдан ачык. Ар кандай класстагы жана мүмкүнчүлүктөгү машиналар аскердик күчтөргө дифференцияланган түрдө коюлган милдеттерин аткарып, кырдаалды кылдаттык менен көзөмөлдөп, душмандын мизин октуу күч жана маневр менен кайтара алат.

Заманбап эл аралык курал рыногу Stryker (АКШ), LAV (Канада), (Швейцария), VBCI (Франция), Boxer (Германия – Голландия), Pandur (Австрия), Pars (Түркия) сооттолгон транспортерлорго тегин жерден толгон эмес. Бул тармакта жыл сайын миллиарддаган доллар "айланат", россиялык коргонуу-өндүрүштүк комплекси эч бир өлкөнү караандатпай, ынанымдуу түрдө ондогон жылдарга арышын керет.

2010-2017-жылдардын аралыгында эле 1206 россиялык машина 1,48 млрд долларга сатылган. Сооттолгон жаңы автомобилдер россиялык коргонуу позициясын дагы да бекемдейт.

"Стреланын" жакынкы атаандаштарынын тизмеси анчалык узун эмес. Салыштыруу үчүн ушундай эле корголгон чагылгандай тез сооттолгон жеңил машиналардын айрымдарын карап көрөлү. Renault Sherpa II тактикалык автомобили жол салынбаган шарттарда миссия аткарууга багытталган.

"Армата" экспортко чыгат: россиялык жаңы Т-14 танкын биринчи ким алат?

Ар кыл компоновкага ээ, ар кыл класстагы аскердик модулдарды (пулеметтор жана гранатометтор) ташыйт. 4,7 литрлик турбодизелдик 215-күчтүү кыймылдаткычтуу Sherpa II сооттолгон унаасы саатына 120 чакырымга чейин катуу жүрө алат.

Израилдик Plasan компаниясынын SandCat сооттолгон унаасы – минага туруштук бере алчу, жумшартылган орундуктары бар жеңил күзөт автомобили. Отургучтары түбүнөн миналардын жарылышынан кошумча коргоону камсыз кылат.

Корпусундагы алты порт десантка жүрүп баратып жеке куралынан ок чыгарууга мүмкүндүк берет. SandCat 330 ат күчүндөй бар кубаттуулуктагы 6,7 литрлик сегиз цилиндрлик кыймылдаткычка ээ. Сооттолгон машинанын эң жогорку ылдамдыгы – саатына 120 чакырым. КМШ мейкиндигинде мындай сооттолгон унаалар Азербайжан, Казакстан жана Түркмөнстанда бар.

Австралиялык армиянын Hawkei сооттолгон автомобили баллистикалык коркунучтардан жогорку деңгээлде корголгон, V-тибиндеги түбү жана жардырууну сиңирип койчу тутуму миналардан сактайт.

Сооттолгон унаада аралыктан башкарылган курал-жарак станциясы (5,56 мм, 7,62 мм, жана 12,7 миллиметрлик калибрдеги пулеметтор, автоматтык 40 миллиметрлик гранатометтор жана танкага каршы ракеталар) орнотулган. Hawkei алты цилиндрдик дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылып, саатына 130 чакырымга чейин ылдамдыкты күчөтө алат.

General Dynamics компаниясынын Flyer сооттолгон жеңил унаасы АКШнын атайын операциялар командачылыгы үчүн HWMVV (High Mobility Multipurpose Wheeled Vehicle — "жогорку кыймылдагы көп максаттуу дөңгөлөктүү транспорттук каражаттардан") алынгандардын негизинде түзүлгөн. Бул чалгындоо, рейд, чабуул, эвакуация жана башка миссиялар үчүн пайдаланылат.

Пайдасы жокпу? Америкалык Patriot комплексинин натыйжасыздыгы

Flyer 360 градусту камтыган курал тутуму менен жабдылган. Машинанын базасында 12,7 ммлик калибрдеги пулемет орнотулган. Сооттолгон унаа 150 ат күчүнө тете кубаттуулуктагы 1,9 литрлик кыймылдаткыч менен жабдылып, бул саатына 135 чакырым жүрүүгө мүмкүндүк берет. Мындай ылдамдык болушунча жеңилдетилген Flyer (калканчы жок) версиясы үчүн жетиштүү.

Paramount Group түштүкафрикалык аскердик-өндүрүштүк тобунун Mbombe-4 сооттолгон жеңил машинасы — жапжаңы үлгү. Алгач ирет Бириккен Араб Эмирлигинде өткөн IDEX-2019 көргөзмөсүндө элге тааныштырылган. Ичине 10 киши батат, 4х4 дөңгөлөк формуласына ээ. Күзөт милдеттерин аткарып, согуштук операцияларга катышат алат.

Автомобилдин туюк ширетилген сооттолгон корпусу 14,5 миллиметрлик көлөмдүү калибрдик патрондордон баллистикалык коргоону камсыздап, ошондой эле капталдан миналардын жарылышынан сактайт. Сооттолгон унаа 457 ат күчүндөй кубаттуулуктагы алты цилиндрдик дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган. Саатына 140 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрө алат.

Бул россиялык "Стреланын" эң ыкчам атаандашы, ал саатына эң катуу ылдамдыкта 155 чакырым жүрүп, виртуалдык мелдеште алдыга озгон. Бул дагы тегин жерден эмес.

"Аскердик-өндүрүштүк компания – ири россиялык дөңгөлөктүү сооттолгон техниканын иштеп чыгуучусу жана өндүрүшчүсү. РФ Жөө аскерлер күчтөрүнө жана дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүнө сооттолгон машиналарды тапшырат. Компаниянын эң белгилүү долбоорлорунун арасында "Тигр" сооттолгон автомобилдер тобу жана "Бумеранг" перспективдүү платформасы бар.

"Акыр заманга кадам". АКШ СНВ-3 келишиминен чыккандан кийин эмне өзгөрөт

Өндүрүмдүн баары айыгышкан согуш шарттарында текшерилет (анын ичинде Сирияда) жана макулдашылган мөөнөт ичинде кепилденген тейлөөдө болот. Эске салсак, россиялык курал өндүрүшчүлөр чынжырлуу сооттолгон техника жаатында кай убак болбосун моданы жаратуучу болуп саналышкан. Бирок көптөн бери РФ Аскердик-өндүрүштүк компания тек гана дөңгөлөктүү өндүрүшкө адистешип келди.

Мындай олуттуу жана ийгиликтүү "бүлөдө" иши оңунан чыкпаган долбоор болбойт, сооттолгон жеңил "Стрела" автомобилин аскердик күчтөрдө да, согуш талаасында да, эл аралык курал рыногунда да кең келечек күтөрү шексиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0