Чүйдүн токой аянттарын кеңейтип, өсүмдүктөрүн көбөйтүү тапшырылды

© Sputnik / Геннадий ЗакировПятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие
Пятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактагы токой чарбанын жалпы аянты 33 миң 560 гектарды түзөт. Алты токой чарбачылыгы менен жүз миңден ашуун өсүмдүгү бар алты питомник иш алып барат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы Мирслав Аманкулов Чүй облусунун токой аянтын көбөйтүүгө, ал жакка мөмө бере турган жана кооздук тартуулай алган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө тапшырма берди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Аманкулов өкмөт өкүлдөрү жана мекемедеги бөлүмдөрдүн жетекчилери менен биргеликте Чүйдүн токой чарбасын текшерип, бир катар милдеттерди койгон. Алар Кегети токой чарбачылыгына барышкан.

"Токой аянттарын көбөйтүү зарылдыгы белгиленди. Мөмө бере турган, кооздук тартуулаган жана башка токой өсүмдүктөрүн өстүрүү тапшырмасы берилди. Питомниктердин абалын да жакшыртуу сунушталды", — деп айтылат маалыматта.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экологияны өзгөчө кырдаалда эле эстейбиз. Боронов токой чарба агенттигин сындады
Аманкулов сапарынын алкагында Чүй токой чарбасынын аймагында жайгашкан Жердев-Сад питомниги менен таанышкан.

"Питомниктин жалпы аянты 25 гектарды түзөт. Учурда бул жерде миңден ашык гүлдүн түрлөрү, 300 миңден ашык мөмө жана токой өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү отургузулду", — деп айтылат билдирмеде.

Чүйдүн токой чарбасынын жалпы аянты 33 миң 560 гектарды түзөт. Анын 12 миң 840 гектары токой. Бул жакта алты токой чарбачылыгы жана алты питомник бар. Питомниктердин жалпы аянты 23,8 гектар. Учурда ал жакта токой жана жемиш бере турган 100дөн ашык өсүмдүктүн түрү өстүрүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0