"Өлбөс полкко" жасалган хакердик чабуул: майрамга эч ким көлөкө түшүрө албайт

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүХакер. Иллюстративдик сүрөт
Хакер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер хакердик чабуулду токтотуп, анын кайдан жасалганын билүүгө аракет кылган. Карай келгенде алар Европа өлкөлөрүнөн, Түндүк Америка жана Азиядан жасалганы аныкталган.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. "Өлбөс полк" долбоорунун онлайн түрү көптөгөн кишилердин жүрөгүнөн түнөк тапты. Бирок ага хакердик чабуул кылгандар да болду. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Эске салсак, иш-чара 9-майда башталып, дагы эки жумага уланат. Ага 3 миллиондон ашык адам катышууда.

"Мындай маанай көтөргөн тараптын тескейи да болду. Майрамдык датанын алдында түз алып бере турган сайты жана "Өлбөс полк", "Жеңиш ыктыярчылары" кыймылынын сайттары, акция боюнча иштеп жаткан түз телефондор бир нече ирет хакердик чабуулга тушукту. Учурда онлайн-жүрүштү үзгүлтүккө учуратуу аракетин алдын алдык, ал эми акцияны 7,5 миллиондон ашык адам көрдү", — деп айтылган маалыматта.

Акциянын өнөктөштөрү — "Сбербанктын" онлайн-платформасын иштеп чыккандар бир нече жагдайларды карап чыгып, ресурсту болушунча коопсуз кылууга аракеттенди. Адистер бир эле учурда көп суроо-талап түшкөндүктөн сайт көтөрө албай калсын деген маанайда жасалган чабуулдун мизин кайтарган.

"9-май күнү Москва убактысы боюнча саат 6-9дун арасында жүрүштүн түз алып берүүсүн үзгүлтүккө учуратууга аракет болгон. Ошол эле маалда сайтка кириш үчүн 9 миллион сурам жасалып, секундасына сурам-чабуулдардын саны 18 500гө жеткен. Ал эми анын жеткен чеги саат эртең мененки 7.50дө катталган", — деп билдиришти уюштуруучулар.

Мунун кесепетинен техникалык маселе жаралып, колдонуучулар үчүн сайтка кирүү кыйын боло түшкөн.

Адистер чабуулду токтотуп, иштен чыгып кете турган жерлерин күчтөндүрүп, сайттын ишин тез эле калыбына келтирип коюшкан. Андын сырткары бул кимдин колунан келгенин билүүгө кызыгып көрүшкөн.

Жүрөктү эзип... Бишкекте өткөн Өлбөс полк — онлайн акциясынан видео - Sputnik Кыргызстан
Жүрөктү эзип... Бишкекте өткөн "Өлбөс полк — онлайн" акциясынан видео
"Өлбөс полкту" иштен чыгаруу үчүн 646 уникалдуу IP даректен аракет жасалган. DDOS чабуулга катышкан серверлердин 64 пайызы Европа өлкөлөрүндө жайгашкан. 27 пайызы Түндүк Америкада, ал эми 3 пайызы Азияда экени белгилүү болду.

Саат 11лерде чабуул дагы бир катуу толкун менен келген. Алдын ала көрүлгөн чаралардан улам бул ирет сайттын ишине эч кандай таасирин тийгизе алган эмес.

Уюштуруучулар "Онлайн Өлбөс полк" жүрүшүн кадимкидей, үзгүлтүккө учурабай өтүшү жана ага эч ким көлөкө түшүрбөшү үчүн болгон аракетин көрүүдө. Андан сырткары адистерге мындай олуттуу чабуулга туруштук берген коопсуздук системасын иштеп чыкканы үчүн ыраазылыгын билдирет.

Кыскача маалымат:

9-майдан тарта онлайн-жүрүш "Okko" онлайн-кинотеатрларында, РИА Новости менен Sputnik эл аралык агенттиктеринде, албетте "Россиянын Өлбөс полку" polkrf.ru, "Эл аралык Өлбөс полк" polk.press сайттарынан бериле баштады.

"Өлбөс полк — онлайн" долбоорунун уюштуруучусу — "Россиянын Өлбөс полку" коомдук бирикмеси. Өнөктөштөр: "Сбербанк" банкы, Mail.ru Group, Бүткүл россиялык "Жеңиш ыктыярчылары" кыймылы.

Маалыматтык өнөктөштөр: "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги, ТАСС маалымат агенттиги, Sputnik эл аралык маалымат агенттиги, "Аргументы и факты" басылмасы, Мегафон жана Tele2 уюлдук операторлору, "Okko", Море.тв, Ivi.ru онлайн-кинотеатрлары, СТС, "Победа" телеканалдары.

Жаңылыктар түрмөгү
0