00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Участие и роль ЕАБР в развитии Евразийского региона
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Айыл чарба тармагында бул жылы аткарылган ат көтөргүс иштер
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
От импорта к производству: как меняется мукомольная отрасль Кыргызстана
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын билим берүү: система жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Парламентте гендердик квотаны 50 пайызга жеткириш керекпи? Серепчи менен маек
13:05
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аймактарга барчулар өз каражатына тест тапшыруусу керекпи? Штабдын чечими

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЛабораториядагы коронавируска экспресс-тест. Архив
Лабораториядагы коронавируска экспресс-тест. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Ысык-Көл облусуна кирүүдө жарандар экспресс-тест тапшыргандыгы тууралуу маалым кат көрсөтүшү керек болгон. Мындай чечимди облустук штаб кабыл алган.

БИШКЕК, 7-май – Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмдик иш-аракеттерге дал келген учурларды эске албаганда, бир дагы жарандан облус, шаар, район же айылга кирүүдө коронавируска тест тапшыргандыгы тууралуу маалымдама талап кылынбашы керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары штаб кабыл алган чечимдерди толук аткарышы керектигин белгиледи.

“Ар бир жетекчи жеке жоопкерчилик алат. Ошол эле учурда жоопкер жактар штабдын чечимдерине карама-каршы келген ашыкча алдын алуу чараларга жана өзү билемдикке жол бербеши керек. Чечимдер объективдүү, колдо болгон шарттарга жана мүмкүнчүлүктөргө ылайык кабыл алынып, кандайдыр бир коррупциялык тобокелдиктерге шарт түзбөшү зарыл. Мындай окуяларга экинчи жол берилбесин”, — деди Боронов.

Биринчи вице-премьер айылдардагы жергиликтүү бийлик органдарынын же жергиликтүү тургундардын чечими боюнча орнотулган карантиндик посттордун ишине дагы көңүлүн бурду.

Блокпостто турган кайгуул милициянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке кирип-чыгуу боюнча чектөөлөргө Республикалык штаб үн катты
“Айылдардагы карантиндик постторго байланыштуу көптөгөн нааразычылыктар жана арыздар түшүүдө. Посттор аркылуу айылдарды аралап өтүүдө жарандарды кармап, өткөрбөй жаткан учурлар бар экен. Райондордун акимдери укук когоо органдары менен биргеликте посттордун ишин тартипке келтирүүсү зарыл. Керек болгон учурда алардын ишине тийиштүү көзөмөл жүргүзүү үчүн милиционерлер тартылсын”, — деди Боронов.

Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен облуска кирип-чыгууга тыюу салынган болчу. Мындан сырткары, аталган аймакка кирерде жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү жөнүндө маалым кат талап кылынган. Бирок анализди жеке клиникалардан тапшыруу баасы 2000 сомдон жогору болгондуктан эл арасында нааразычылык жаралган. Ал эми Республикалык штаб чечим макулдашылбай чыгарылганын маалымдап, облус башчысына эскертүү берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0