Макулдашпай чечим чыгарган! Ысык-Көлдүн башчысы Осмоналиевге эскертүү берилди

© Sputnik / Евгений ОдиноковПолпред правительства в Иссык-Кульской области Акылбек Осмоналиев
Полпред правительства в Иссык-Кульской области Акылбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт облустук штабдын чечимдери Республикалык ыкчам штабдын сунуштамаларына жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген иш-аракеттердин алгоритмине дал келбей турганын айтты.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиевге чечимди макулдашпастан кабыл алганы үчүн эскертүү берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен облуска кирүүгө тыюу салынган болчу. Мындан сырткары аталган аймакка кирерде жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү жөнүндө маалым кат талап кылынган.

"Бул чечимдер Республикалык ыкчам штабдын сунуштамаларына жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген иш-аракеттердин алгоритмине дал келбейт. Тийиштүү алгоритмде каралган учурларды эске албаганда, жарандардан облуска, шаарга, районго жана башка калктуу конуштарга киргенде COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эмес", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктуруп алган 10 бейтаптын баары тең айыгып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0