https://sputnik.kg/20200503/tunduk-koreya-tushtuk-koreyanyn-aryshuu-1048134246.html
Түштүк жана Түндүк Кореянын чек арасында атышуу болду
Түштүк жана Түндүк Кореянын чек арасында атышуу болду
Sputnik Кыргызстан
Эртең мененки саат 07.41де Түштүк Кореянын көзөмөл постун көздөй ок атылган. Ал жактагы аскерлер эрежеге ылайык жооп катары эки жолу ок чыгарышты. 03.05.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-05-03T13:29+0600
2020-05-03T13:29+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103142/89/1031428993_0:167:4470:2694_1920x0_80_0_0_e76bf2dc592cd82d01715285d3c6d024.jpg
түндүк корея
түштүк корея
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103142/89/1031428993_185:0:4470:2694_1920x0_80_0_0_0297de5e6b99fccd7adbb7f1297f3102.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, окуялар, дүйнөдө, түндүк корея, түштүк корея
жаңылыктар, окуялар, дүйнөдө, түндүк корея, түштүк корея
Түштүк жана Түндүк Кореянын чек арасында атышуу болду
13:29 03.05.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Эртең мененки саат 07.41де Түштүк Кореянын көзөмөл постун көздөй ок атылган. Ал жактагы аскерлер эрежеге ылайык жооп катары эки жолу ок чыгарышты.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын чек арасында атышуу болду. Бул тууралуу Рёнхап агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Эртең мененки саат 07.41де (Бишкек убактысы боюнча саат 4.41) Түштүк Кореянын көзөмөл постун көздөй ок атылган. Ал жактагы аскерлер эрежеге ылайык жооп катары эки жолу ок чыгарышты", — деп айтылат кабарда.
Жабыркагандар жок. Бирок Түштүк Корея мындай аракеттерге жооп берүүгө толугу менен даяр турганы кошумчаланды. Учурда эки өлкөнүн аскерий байланыш линиялары аркылуу окуянын чоо-жайы такталып жатат. Ошондой эле бүгүнкүдөй көрүнүшкө келечекте жол бербөө сүйлөшүлүүдө.
Корея жарым аралындагы эки өлкө формалдуу түрдө согуш абалында турат. Корея 1945-жылы япониялык колониядан куткарылгандан кийин экиге бөлүнгөн. Түндүгүндө СССРдин кароосу менен социалисттик Корей Элдик Демократиялык Республикасы, ал эми түштүгүндө АКШнын колдоосу менен капиталисттик Корея Республикасы негизделген.
1950-1953-жылдардагы согуштан кийин тынчтык келишими эмес, өз ара ынтымакка келүү келишимине кол коюлган.