Ошондогу помидордун ширини ай!.. Талгагынан улам дос тапкан келиндин ак жарыгы

© Sputnik / Екатерина Лызлова / Медиабанкка өтүүВ Сочи возобновили работу продовольственные рынки
В Сочи возобновили работу продовольственные рынки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Sputnik агенттиги окурманга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет. Бул ирет редакцияга келген катка көңүлүңүздөрдү буруп, бейтааныш адамдын жакшылыгынын артынан дос, тууган тапкан үй-бүлөнүн баянын сунуштайбыз.

Международная выставка Мир свадьбы и Выпускной бал - Sputnik Кыргызстан
Жездем алып берген туфли багымды ачты. Туңгуюкта калган балдыздын ыраазычылыгы
Сиздердин жарык чачкан, жакшы маанай тартуулаган "Ак жарыгыңыздарды" такай окуп турам. Жаз келип күн жылыганы, жашылча-жемиштердин бышар убагы жакындаган сайын мен дагы жаш кезимдеги бир окуяны эстеп, сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм.

Университетти бүтүп турмушка чыккан убак. Шаарда туруп калдык. Күнүмдүк жашообуз кадимки жаш бүлөнүкүндөй эле өтүп жатты, бирде бар, бирде жокко ток болуп жашап жатканда боюма бүтүп, кубанганыбызды айтпа.

Кош бойлуу мезгилде аялзатынын абалын сүрөттөп бербесем да түшүнүктүү болуш керек. Баш айланып кускандан тарта көңүлүң каалаган тамакка табит ачылганга чейин бир далай учурду башыңан өткөрөсүң. Мен да бул убактан өтүп, алты-жети ай болуп калган кезим.

Жумуштан чыгып алып Ош базары тараптан келе жаткам. Жолдо кыпкызыл болгон жаңы чыккан помидорлорду сатып жаткандарын көрүп алып шилекейим куюлду, түрү турат, алайын десем жанымда акча жок. Кетким да келбейт, жыты буркурайт. Ары-бери өткөндөрдөн тааныш издеп коем, бирөө-жарым чыгып калса сатып берчи деп суранайын дейм. Кашайып эч ким чыкпайт, менин болсо чыдамым кетип, эмне кыларымды билбей алдастап басып жүрөм. Кош бойлуу кездеги бул абал наристе жытын искеген энелерге тааныш болушу керек.

Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан
Бар-жогун да билбейм... Ажалдан алып калган бейтааныш адамдын ак жарыгы
Бир убакта эле жаныма бир бейтааныш адам келип, жанатан бери мени байкап турганын, жардам керек эмеспи деп токтогонун билдирди. Мен болсо жакын адамымды тапкансып, сүйүнүп кеттим. Дароо ага помидор жегим келип жатканын айтып, алайын десем акчам жетиштүү эмес экенин билдирдим. Так ушул чоң, кызыл, ширеси көп помидорду каалап жатканымды түшүндүрсөм, каткырып күлүп, "жүрүңүз" деп помидор саткан жакка барып тандап салып, пакетти колума карматты. Мен бир килограмм помидорду ошол эле жерден тазалап алып элдин көзүнчө суусун агызып, тамшана жедим. Ал убакта азыркыдай тааныш эмес адамдан коркуу сезими болгон эмес окшойт. Жолдо карай эски тааныштардай сүйлөшүп, таанышып калдык. Ал келинчеги экөө экинчи перзентин күтүп жатканын айтып, мага ата-эне болуу ырахатын саймедиреп, тажрыйбасы менен бөлүшүп баратты. Ошентип менин эңсөөм аткарылып, жаңы дос тапканыма кубанып, бактылуу болуп үйгө келгем.

Кийин уулум төрөлгөндө ал таанышым келинчеги экөө көрүп келип, ошол убакта ал акыркы акчасына помидор алып бергенин, шаардын аркы четиндеги үйүнө жөө жеткенин айтып берип аябай күлгөн элек. Эркек башы менен мени түшүнүп, көксөгөн, жегим келген азыгымды алып берип, талгагымды кандырган таанышыма ыраазымын. Андан бери канча жыл өтсө да бул жакшылыгын такыр унута албайм, жылмаюу менен эстеп жүрөм. Ошол күнкү бейтааныш адам кийин жолдошумдун кыйышпас досуна айланды, мен болсо бир тууган таптым.

Жаңылыктар түрмөгү
0