Жумушта, үйдө, тойдо да чогуубуз. Издешпей табышкан Альбина менен Арнис

© Фото / Медиастар Продакшн Актриса театра и кино Альбина Имашова с мужем
Актриса театра и кино Альбина Имашова с мужем - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Издешпей табышкандар" — Sputnik Кыргызстан агенттигинин жаңы рубрикасы. Анда чыгармачыл, эл көзүндөгү жуптардын сүйүү баяны, үй-бүлөдөгү баалуулуктары, чыгармачылыгы, балдары тууралуу сөз болот.

Актриса Альбина Имашева жана актёр Арнис Кыдырмышев — бактысын театрдан тапкан түгөйлөр. Кезинде алар "кандай кырдаал болбосун, кандай турмуш болбосун, кол кармашып өтөбүз" деп бири-бирине ант беришкен. Берген антына жубайлар бекем турушарын айтты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгармачыл жубайлардын маегин сунуштайт.

— Альбина эже, кош бойлуу экенсиз. Канчанчы балаңыздарды күтүп жатасыздар?

Альбина Имашова: — Үчүнчүбүз. Эки кызыбыз бар. Улуусу 16га чыкты, экинчиси 8де.

— Кыздарыңыз да кубанып жаткан турбайбы. Куттуктайбыз! Иштеп жатасызбы же эс алууга чыктыңызбы?

А.И.: — Рахмат! Театр ремонтко жабылып турганы менен биз иштеп жатабыз. Сезондун ачылышына карата көп жылдан бери коюлбай калган "Адам жана Азезил" деген спектакли тартууланганы турат. Темасы азыркы мезгилде өтө актуалдуу.

Арнис Кыдырмышев: — Туура, театрдын ачылышына катуу даярдык менен кирип баралы деп жатабыз.

— Экөөңүздөр тең бир театрда иштейсиздер. Башыңарды бириктирген да ушул чөйрө болсо керек.

А.К.: — Ооба, өмүр бою Кыргыз драма театрында чогуу иштеп келе жатабыз. Альбина экөөбүз Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство окуу жайында бирге окуганбыз. Ошол жактан таанышып, табышканбыз. Башында "бою бир аз узунураак экен" деп койдум эле (күлдү).

Кыргыз эл артисти Алтынбек Максутов жана жубайы эмгек сиңирген артист Таалайкан Абазова балдары менен - Sputnik Кыргызстан
Издешпей табышкандар. Алтынбек Максутов менен Таалайкан Абазова
А.И.: — Курсташтар чогуу театрларды кыдырып жүрө берчүбүз. Чыгып алып, ар бир спектаклдерди талкуулап кызыктуу күндөр көп өттү. Башында Арнис экөөбүздүн ортобузда достук мамиле болчу. Баарыбыз жатаканада жашайбыз. Арнис биринчи кабатта, мен беште. Өзү тамак жасап, камыр жайганды билсе деле сүйлөшкүсү келип "камыр жайып берчи" деп чакыра берчү. Ошентип жүрүп достугубуз бара-бара сүйүүгө айланды. Андан кийин кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. Ошондо тааныштардын көбү таң калган (күлдү).

А.К.: — Чын эле тааныштарыбыздын көбү боюбузду айтып таң калды. Мен болсо "эмнеге эркектердин эле бою узун болушу керек, кыздардыкы деле узун болсо эч нерсе болбойт" деп тамашалап койчумун.

А.И.: — Арнис өзү чечкиндүү, тамашакөй адам. Кандай учур болбосун, тамашалап чыгып кетет. Мен Арнистин боюна караган жокмун. Ал мени чечкиндүүлүгү, жоопкерчилиги менен арбап алган. Бир жылдай сүйлөшүп, бири-бирибизге түтөрүбүзгө, мүнөз-кыялыбызды көтөрө аларыбызга көзүбүз жеткенден кийин баш коштук. Азыр ойлосом биз баш кошкондо жапжаш экенбиз. Мен 20да, Арнис 22де. Бирок алган айлыгыбызды чогултуп, нике шакегибизди, аз болсо да азык-түлүктү өзүбүз алып барганбыз.

Арнис ата-энесине чалып "үйлөнөм" дегенде алар шок болуп калышкан. Кычыраган кышка карабай баш кошконбуз. 

© Фото / из семейного архива КыдырмышеваАльбина Имашова: бир жылдай сүйлөшүп, бири-бирибизге түтөрүбүзгө, мүнөз-кыялыбызды көтөрө аларыбызга көзүбүз жеткенден кийин баш кошконбуз.
Жумушта, үйдө, тойдо да чогуубуз. Издешпей табышкан Альбина менен Арнис - Sputnik Кыргызстан
Альбина Имашова: бир жылдай сүйлөшүп, бири-бирибизге түтөрүбүзгө, мүнөз-кыялыбызды көтөрө аларыбызга көзүбүз жеткенден кийин баш кошконбуз.

— Театр кызматкерлеринин айлыгы аз эмеспи. Финансы, каражат маселеси сүйүүңөргө кедергисин тийгизген эмес беле?

А.К.: — Иштеген жерибиз борбордо, жатакана болсо кичи райондордо эле. Ал кезде маршрутка деген жок, троллейбус менен гана жүрчүбүз. Сиз айткандай акча аз. Аны коротпой кээде Альбина экөөбүз жол киребизге лепешка алып жеп баралы деп жөө басчубуз. Эгер адам бири-бирин чындап жакшы көрсө, бири-бирин толуктап турса, курсак деле тоёт. Эң башкысы — жүрөгүң, көкүрөк тоюп туруш керек.

А.И.: — Жөө көп бастык. Азыр экөөбүздө тең автоунаа бар, ошол күндөрдү аябай сагынабыз. Көп нерсени ошондо талкуулачубуз, үйгө баратып алдыга максат коюп, пландарды түзчүбүз. "Пенденин оозунда болсо, Жараткандын кулагында" дегендей, ойлогон максаттарыбыз азыр акырындык менен аткарылып келе жатат. Баарлашуу, сүйлөшүү бул абдан жакшы нерсе. Аял менен күйөөнүн ортосундагы пикирлешүү, "кандай кылалы" деп кеңешүү үй-бүлөнүн түптөлүшүнө жардам берет экен. Экөөбүз кеңешип иш кылган сайын ишибиз илгерилеп, айтканыбыз аткарыларына көзүбүз жетти. Майда нерсе болсо да эрди-катын кеңешип оокат кылган жакшы деп ойлойм. Жаштарга, жаңы түтүн булаткандарга сабак болор. Бири-бириңер менен баарлашып, сүйлөшүүдөн эч коркпогула деп айткым келет.

— Буга чейин белгилүү бир алып баруучу "үйдө сөз бүтсө, анда ал трагедия" деп айткан эле. Арнис байке, бул пикирге сиздин көз карашыңыз?

А.К.: — Абдан туура айтылган кеп. Үй-бүлө деген бул чакан мамлекет да. Ал ар дайым жаңыланып турушу керек. Күн сайын, саат сайын алдыга жылып, изденип турганда гана өнүгөт. Үй-бүлөдө сөз бүтсө, анда ал бүлөнүн токтоп калганынан кабар берет.

— Көп учурда жубайлардын араздашуусу майда эле нерседен башталат эмеспи. Ушул майда нерсени деле өз убагында чечиш керек экен. Сиздер чарт-чурт болуп кеткен учурда кимиңер биринчи жазылып, абалды кантип жөнгө саласыңар?

А.К.: — Айтчы (каткырды).

А.И.: — Арнис экөөбүз тең эмоционалдуубуз. Бирок мен аял катары өз ордумду билем. Күйөөмдүн кандайдыр бир нерсеге жини келип, көңүлү толбой турганын байкасам, ошол нерсени жөнгө салганга аракет кылам. Кечиримди мен биринчи сурайм. Аялдар ушундай калк болот турбайбызбы. Кээде ойлонбой сүйлөп алабыз дагы, "меники туура" деп тура беребиз. Эркектер болсо жети өлчөп бир кесет.

Алып баруучу Мирхамид Токтогул жана эркин журналист, алып баруучу Шаакан Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Урушсак кат жазышып жарашабыз. Издешпей табышкан Мирхамид менен Шаакан Токтогул
Бизде эч ким көк бет эмес. Айлап, жумалап, үч күндөп таарынышып жүрө бербейбиз. Казан-аяк кагышса аны дароо жөнгө салып, жарашууга аракет кылабыз. Узакка созуп жүрө берүүнү Арнис да, мен да жаман көрөм. Бул нерседен чоң трагедия жаралып кетиши ыктымал. "Сен кыйынсың, мен кыйынмын" деп бири-бирибизге кыйын боло берсек, ал үй-бүлөгө кедергисин тийгизет. Урушканыбызды балдарга, башкаларга билгизбей ошол жерден чечүүгө аракет кылабыз. Тегерек столубуз бар. Ошонун четинде дароо чечебиз. Урушканда деле экөөбүз үйдөгү майда-барат нерсе үчүн эмес, жумуш үчүн чарт-чурт болобуз. Театрдагы бир нерселерди талкуулап жатып эле чартылдаша кетебиз.

— Альбина эже тасмаларда көбүнчө урушчаак аялдардын образын жаратат. Үйдө кандай?

А.К.: — Альбина — актриса. Ал кандай роль берилсе, ошону аткарат. Эл сөз кылып жатса, демек, берилген образын мыкты аткарып жатат деп билсе болот. Тасмада урушчаак аялдын образын аткарса, үйдө Альбина анын карама-каршысы. Таптакыр башкача. Оор басырыктуу, ойлонуп сүйлөйт, чечимди ойлонуп туруп чыгарат. Мындан тышкары, кыздарыма мээримдүү эне, жакшы жубай.

— Арнис байке, кызганчааксызбы?

А.К.: — Негизи табиятымда кызганчаак элемин. Бирок театрда, жумушта аялымды жөнү жок кызганбайм. Себеби мен бул тармакты жакшы билем, түшүнөм, өзүм ушул чөйрөдөнмүн. Ал эми сырт чөйрөдө эркек сүйгөн адамын албетте кызганат да. Кызганбаса сүйгөнү кайсы?

— Альбина эже, жолдошуңузга сиз кандай мүнөздөмө берет элеңиз. Үйдө кыздарыңыз атасына жакын болсо керек.

Залкар режиссер Болот Шамшиев жана актриса, Кыргыз эл артисти Айтурган Темирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым
А.И.: — Биздин үйдүн негизги адамы Арнис да. Кичүү кызым "биздин атабыз баарынан сулуу, ага эч ким жетпейт" деп көп айтат. Атабыз биз үчүн баа жеткис адам. Чечкиндүү, жоопкерчиликтүү. Талапты катуу коет, ошол эле учурда кыздарына мээримдүү ата. Мен кыздарды катуу кармайм, ал эми атасы алардын сырдашы. Мага айтпаган нерселерин атасына айтышат. Бул адам жок тамак да иче албай калабыз. Кээде жумуштарына байланыштуу кеч келип калса, тамак ичпей күтүп отура беребиз. Бул адам менен үйдө да, жумушта да, тойдо да, болгон жерде чогуу жүрөбүз.

— Ушул боюнча суроо берейин деп жаттым эле. Бир чөйрөдө да эмес, бир жерде чогуу иштейсиздер. Бул нерседен тажабайсыздарбы? Айрымдары "жубайлар бири-биринен алыстап, сагынып турушу керек" деп айтышат эмеспи.

А.И.: — Бул суроону көп адам берет. Биз, тескерисинче, беш мүнөт көрүшпөй калсак чыртылдашып кетебиз. Дароо чала калып "кайда жүргөнүбүздү" сурайбыз. Сагынышып кетебиз. Бири-бирибизден тажаган учур боло элек, кудай сактасын, андай болбой эле койсун. Арнис экөөбүз "неберелерди чогуу көрөбүз" деп башында эле максат коюп койгонбуз. Ошол максат-кыялга жетели! "Кандай кырдаал болбосун, кандай турмуш болбосун кол кармашып өтөбүз" деген бири-бирибизге берген антыбыз бар. 

© Фото / из семейного архива КыдырмышеваАрнис Кыдырмышев: менимче, биринчи кезекте балага дицсиплина керек го. Аларды тартипке кичине кезинен көндүрүш керек.
Жумушта, үйдө, тойдо да чогуубуз. Издешпей табышкан Альбина менен Арнис - Sputnik Кыргызстан
Арнис Кыдырмышев: менимче, биринчи кезекте балага дицсиплина керек го. Аларды тартипке кичине кезинен көндүрүш керек.

— Театрды таштап башка тармакка, мисалы, соода же бизнеске кетели деген ой келген эмес беле?

А.К.: — Бир жолу болгон. Чет жакка барып иштеп келүүгө аябай чыгынганбыз. Үйлөнүп, улуу кызыбыз төрөлгөндөн кийин жатаканадан чыгыш керек болду. Театрдын айлыгы аз, батирге чыгыш үчүн акча керек. Анан Альбинанын Якутияда иштеген таежеси бар эле. Ал киши "айлыгыңар эч нерсеге жетпейт, жатаканадан да чыгарганы жатса, биз жакка келгиле, жумуш жакшы болуп жатат. Жок дегенде жер алганга акча топтоп кетесиңер" деп сунуштады. Аргасыздан макул болууга туура келди.

Театр жана кино актриса Альбина Имашова - Sputnik Кыргызстан
Альбина Имашова: "стерва" менен улуу аялдардын ролун аткарганыма терикпейм
А.И.: — Айлыгыбыз 500 сом. Эки-үч айда жатаканадан чыгармак. Барар жерибиз жок. Арнис экөөбүз катуу ойлонуп, барып келели деп чыгындык. Бирок экөөбүздүн ал жакка барганга жол киребизге акча керек эле. Ар кимден карыздап тыйын сурай баштадык. Бирөө берем деп убадалап, бирок качан берерин айткан жок. Аны күтүп жүрсөк эле Франциядан режиссер аял келип "Теңгри" деген тасмага кастинг жарыялап калды. Мен ал кастингден өтүп кеттим. Эл аралык долбоор болгондуктан, анын акчасы жакшы эле. Тиги бизге акча берчү киши да бербей калганын айтты. Бул да болсо Кудайдын буйругу да. Ошентип кетпей калдык. Көп өтпөй Арниске Казакстандын режиссёрлорунан чогуу иштешүүгө сунуш түшүп, жолдошум ал жакта үч жыл иштеп келди. Ошону менен чет жакка барбай калганбыз. Кудай ошондо бизге чоң бир мүмкүнчүлүк берген деп ойлойм.

— Бала тарбиялоодо эмнеге көңүл бурасыздар?

А.К.: — Менимче, биринчи кезекте балага дицсиплина керек го. Аларды тартипке кичине кезинен көндүрүш керек. Жоопкерчилик деген нерсени сезе билгенди да үйрөтүү зарыл. Анан ар кандай ийримдерге жаздырып, жакшы билим алуусуна басым жасайбыз.

А.И.: — Үйдө тартип катуу. Эгер кыздарыбыз таңкы саат алтыда туруш керек болсо, анда биз алар менен кечки саат сегиз жарымда жатабыз. Бул бизде калыптанып калган график. Дем алыш күндөрү эс алышат. "Үйдө ар бир нерсе ордунда туруш керек" деген эрежени да катуу кармайбыз. Анткени баары үйдөн башталат. Кийин алар жумушка барат, окуйт. Ал жактан да үйдөн алган тарбия-таалим, жоопкерчилигин көрсөтөт да. Анан билимге басым жасайбыз. Арнис кыздарына "жакшы окугула" деп көп айтып, аларды текшерип турат.

— Бири-бириңерди эмне деп эркелетесиңер?

А.И.: — Арнис мени "Альфа" дейт. Мен Арнис эле дейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0