Аны театрда "Манастын улуу Семетей", "Тумар Ханыша", "Чыңгыз хандын ак булут", "Саманчынын жолу" спектаклдеринен, тасма талаасында "Бешкемпир", "Нонсенс", "Көпөлөк", "Мегатой", "Чак түштөгү чагылган", "Саякбай", "Ата" жана башка тасмалардан табасыз.
Имашова тасмаларда урушчаак кыз-келиндердин ролун аткарганы менен жашоодо алда канча жумшак, жоопкерчиликтүү жана бир аз уялчаактык жайы бар.
— Альбина, жакында эле улуу актрисалар — Сабира Күмүшалиева менен Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сыйлыкка ээ болдуңуз. Чыгармачылыгыңыздын азыркы абалына кандай баа бересиз?
— Өнөргө карай жолум 1997-жылы режиссер Актан Арым кубаттын "Беш кемпир" тасмасына тартылуу менен башталды. Анда мектепте 8-класста окучумун. Актриса болом деп ак эткенден так этип, борбордогу Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун кино бөлүмүнө тапшырдым. Студент кезимен тарта кыргыз улуттук драма театрында иштедим. 20 жыл ичинде киного да тартылып, театрда да роль жаратып келем. Кандай десем… кыялыма тепкич менен жетип баратам. Кудайга шүгүр, чыгармачылык кризиске учурабадым. Баары өз нугунда. Акыркы алган сыйлыктарымды баш көтөрбөй кылган эмгегимдин үзүрү деп билем.
— 20 жылды чыгармачылыкка арноо оңой эмес. Актрисалык жолдо атаандаштык күч деп угабыз…
— Улуу актрисалардын оозунан "убагында ролумду тарттырып ийгем, бут тосушкан" деген сөздөрдү укчубуз. Мага азыр атаандаштык жоктой сезилет. Себеби ар биринин театрдан тышкары жумушу чачтан көп, баарыбыз көр тирилик деп тытынып чуркап жүрөбүз. Тескерисинче, бошобой калсак бири-бирибизге ролдорубузду бере калабыз. Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт. Ар бир актрисанын сахнада өзүнүн өзгөчөлүгү, күтүп көргөн күйөрманы, сулуулугу бар. Ушул убакка чейин эч бир актрисанын ролун тартып алган эмесмин, меникине да эч ким ээлик кыла элек.
— Тасмада урушчаак жана өз курагыңыздан улуу айымдардын ролун ойнойсуз. Жашоодогу мүнөзүңүз кандай?
— Жоопкерчилик үчүн кандай кадамдарга бардыңыз эле?
— Экинчи кызым жети айлык боюмда бар кезде эки режиссердон эки башка тасмага сунуш түштү. Абалымды түшүндүрсөм режиссерлор күтөбүз дешти. Көз жаргандан 12 күн өткөндөн кийин Геннадий Базаровдун "Нонсенс" тасмасында көчөдөгү кыздын, 20 күндөн кийин Руслан Акуновдун "Перегон" кыска метраждуу тасмасы үчүн Суусамырга барып эненин ролун аткарып бергем. Төрөттөн кийин шишигеним эле болбосо, эки тасма тең мыкты чыгып, бир топ сыйлыктарга татыды.
— Театрдын айлыгы түшүнүктүү. Тасма менен клиптерде эмгек акыны ойдогудай эле аласызбы?
— Мен го театрдан 6100 сом алам, 2000, 4000 алып иштегендер бар, ишенесизби? Бир айда эки миң сом эмнеге жетет? Ойлонуп отуруп бизди эмне кармап турат дейсиң. Тушалган аттай эле кете албай айланып жүрөбүз. Театрдын тузу оор деген чын экен. Даамын бир таткандан кийин басып кетүү оор. Биз баскан жерде өнөрдүн дөө-шаалары, алптары, сулуулары талантын ташкындаткан. Ошолордун изинде жүргөнүбүзгө курсантпыз. Өзгөчө спектаклдин премьерасын күтөбүз. Андагы миңдеген кол чабуу бизге миллион акчага барабар.
Тасмадагы каражат сүйлөшкөнгө жараша. Анын үстүнө театр негизги жумушум, киного убактыма карап тартылам. Режиссерлор менен соодалашканды деле билбейм. Айрымдарына жардам катары бекер түшүп берип койгон учурлар болот.
— Кыз кишиге эркек кишинин колдоосу маанилүү дейт. Аялдык турмушуңуз тууралуу кеп салсаңыз?
Жолдошум Арнис Кыдырмышев таланттуу актерлордун бири. Экөөбүз сахнада эне-баланын ролун аткарып калган учур болот. Сүйүшкөндөрдү али ойной элекпиз. Менин колдогон да, сындаган да ошол. Бизде казан-аяк чыгармачылыктан кагышат. Чай үстүндө отурганда "жана минтип ойносоң" болмок деп баштайт. Жолдошум түшүнүктүү болбосо өнөрлүк жолум кандай болмок деп калам. Учурда эки кызыбыз бар. Алма сабагынан алыс түшпөйт дегендей, балдарымдын да талантын байкап калам.
— Ата-энеңиз сиз менен абдан сыймыктанса керек?
Мектепте окуп жүргөндө эле тасмага тартылдым деп калбадымбы. Ошондо үйдөгүлөргө айтпай эле макулдугумду бергенде мугалимим таң калган. Чыгармачыл чөйрөнү сүйсөм да эмнегедир гуманитардык сабактарга эмес, так сабактарга жакын болчумун. Мектектип жакшы аяктадым.
— Алдыңкы айларда эмне менен алектенесиз?
— Англиядан келген режиссер Сара Бержер менен Уильям Шекспирдин "Макбет" драмасын сахналаштырып жатабыз, анын премьерасын майдын башында тартуулайбыз. Элет жерин көтөрүү жылынын алкагында Каракол шаарында көрүүчүлөргө "Рамаяна", "Саманчынын жолу", "Гоголдун үйлөнүүсү", "Боромбай бий" спектаклдерин тартуулайбыз. Июнда Астанада "Коркут Атаны" көрсөтөбүз. Андан ары эмгек өргүүсүнө чыгам.