Түндө жоголгон 12 бала табылды. Милициянын билдирүүсү

© пресс-служба мэрии города БишкекПраздничный концерт 31 декабря на площади "Ала-Тоо" Бишкека
Праздничный концерт 31 декабря на площади Ала-Тоо Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо кызматкерлери ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп, жоголгон балдарды таап жакындарына аман-эсен тапшырган.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. 31-декабрдан 1-январга караган түнү "Ала-Тоо" аянтында башкы балатына көрүүгө келгендердин ичинен 12 бала жоголгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, милиция кызматкерлеринин майрамдык иш-чарада ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп, ал балдардын бардыгын таап, жакындарына аман-эсен өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0