БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Быйылкы кышта Нарын шаарына жалпы жонунан 10 555 тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Андан тышкары, шаар аймагындагы кампаларда сатыкка коюлган 478 тонна көмүр бар. Азыркы тапта 1 тонна көмүр 3500 сом, бир кабы 180 сомдон сатылууда.
Нарын шаарында көмүр сатылып жаткан кампалардын даректери:
1. Городок аймагы. Кара-Кече көмүрү. Баасы 3500 сом.
2. Военкомат аймагы. Турук көмүрү. Баасы 3500 сом.
3. Шадыманов көчөсү 15А. Турук көмүрү. Баасы 3500 сом.
4. Көтөрмө аймагы, Боогачы көчөсү №19. Турук көмүрү. Баасы 3500 сом.
5. Борбор аймагы, Финансылык бөлүмдүн жаны. Турук көмүрү. Баасы 3500 сом.
6. Интернат аймагы. Турук көмүрү. Баасы 3500 сом.
7. МДС аймагы. Кара-Кече көмүрү. Баасы 3500 сом.
8. Борбор аймагы. Айгыр-Жал №21. Кара-кече көмүрү. Баасы 3500 сом.
9. Москва аймагы. Май куюучу станциянын жаны. Турук көмүрү. Баасы 3500 сом.
10. Городок аймагы, Ипподром отканасы. Кара-Кече көмүрү. Баасы 3500 сом.