00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Онлайн олимпиадалык резерв: «Тунгуч» мектеби негизиндеги жаңы даярдоо модели кантип иштейт?
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Прощай, Pornhub: как в Кыргызстане начали официально блокировать порносайты
12:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Никеге чейинки медициналык текшерүү: бул демилгенин пайдасы жана тобокелдиктери эмне?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Меняющие мир
Почему детям скучно в школе и может ли образование измениться
14:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где сдать анализы и зачем нужна прививка: гид по туберкулёзу к 24 марта
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
+24% дел о насилии в КР: почему женщины перестали терпеть и начали заявлять
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Жусуп Баласагын Х кылымда эле азыркы илимий көрүнүштөрдү айтып койгон философ
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Энергетическая ловушка: почему дешевый свет обходится Кыргызстану слишком дорого
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Япония менен Тажикстанга каршы ойной турган КР футболчуларынын тизмеси

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдыдагы оюндарга катыша турган команданын курамында 22 оюнчу бар. Дагы эки футболчу жаракат алгандыгына байланыштуу командага жардам бере албайт.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясы 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтө турган оюнга чыкчу курамды жарыялады.

Япония менен Тажикстанга каршы беттеш борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 14 жана 19-ноябрда өтөт.

Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Павел Матяш, Кутман Кадырбеков (бардыгы "Дордой" клубунан);

Коргоочулар: Валерий Кичин ("Динамо-Минск", Белоруссия), Виктор Майер ("Виденбрюк", Германия), Азамат Байматов, Александр Мищенко, Мустафа Юсупов ("Дордой"), Тамирлан Козубаев (ПКНС, Малайзия), Акрамжон Умаров ("Алай");

Улакчы Манас, Байыш жана Баяман Ниязовдор - Sputnik Кыргызстан
Улакчы Ниязовдор, балбан Изабековдор... Спортко берилген үй-бүлөлөр. Сүрөт
Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов ("Алай"), Алимардон Шукуров ("Болуспор", Түркия), Ахлидин Исраилов (клубда эмес), Бахтияр Дүйшөбеков ("Башундхара Кингз", Бангладеш), Эдгар Бернхардт ("Кедах", Малайзия), Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Жыргалбек уулу Кайрат ("Дордой"), Гүлжигит Алыкулов ("Неман", Белоруссия).

Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Ульм 1846", Германия), Мирлан Мурзаев ("Дордой").

Жарым коргоочу Айзар Акматов ("Дордой") менен Турсунали Рустамов ("Худжант", Тажикстан) жаракат алганына байланыштуу командага жардам бере алышпайт.

Ушул эле курам Өзбекстан менен 9-ноябрда Ташкентте достук беттеш өткөрөт.

Баса, үйдө өтө турган оюндарга күйөрмандар келер-келбеси азырынча белгисиз. Себеби Футбол федерациясы FIFA уюмунун дисциплинардык уюмунун комитетинин чечимин күтүп жатат.

10-октябрда Кыргызстан — Мьянма командаларынын оюну учурунда талаага бир күйөрман чуркап чыгып, футболчулар менен учурашып кирген. Анын айынан федерацияга айып салынып, стадиондо болчу оюндарды күйөрмансыз өткөрүү талабы коюлушу ыктымал болуп жатат.

2015-жылы дагы FIFA КР федерациясын 28 миң долларлык айыпка жыккан. Буга талаага чуркап чыккан фанат, трибуналардын ашыгы менен толушу жана күйөрмандардын бактарга чыгып оюн көргөнү себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0