Улакчы Ниязовдор, балбан Изабековдор... Спортко берилген үй-бүлөлөр. Сүрөт

© Фото / из личного архива семьи НиязовыхУлакчы Манас, Байыш жана Баяман Ниязовдор
Улакчы Манас, Байыш жана Баяман Ниязовдор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп учурда спортчулардын үй-бүлөсү тууралуу сураштыра келсең, алардын ата-теги, тууган-уругу бул тармактан алыс эмес адамдар экендигин билесиң. Спортко кокусунан келип калгандар дагы жок эместигин четке кага албайбыз.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөдө таанымал спорттук үй-бүлөлөрдү тизмектеди. Бул адамдардын арасында балдары менен теңтайлаша мелдештерге катышып келе жаткан аталар, жубайынан кем калбай карьерасын уланткан спортчулар дагы бар.

Балбан, гимнаст Изабековдор

© Фото / предоставлено Назирой АйдаровойБалбан Чынарбек Изабековдун балдары эркин күрөш, гимнастика жана футбол менен алектенет. Жубайы Назира Айдарова КРдин Көркөм гимнастика федерациясынын вице-президенти.
Улакчы Ниязовдор, балбан Изабековдор... Спортко берилген үй-бүлөлөр. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Балбан Чынарбек Изабековдун балдары эркин күрөш, гимнастика жана футбол менен алектенет. Жубайы Назира Айдарова КРдин Көркөм гимнастика федерациясынын вице-президенти.

Үй-бүлөнүн атасы Чынарбек Изабеков белгилүү балбан. Ал 2016-жылы Польша шаарында өткөн ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча алтын байге алган. Бир жылдан кийин Болгариядагы дүйнө биринчилигинде күмүш байге уткан. Быйыл Грузиядагы дүйнө чемпионатында дагы экинчи орунга ээ болду. Спортчунун аялы Назира Айдарова КРдин Көркөм гимнастика федерациясынын вице-президенти. Жубайлардын кызы Айша көркөм гимнастика боюнча Азия кубогунун коло медаль ээси. Уулдары Нарбек жана Атай Изабековдор эркин күрөш боюнча КРдин бир нече жолку чемпиону жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүлөрү. Андан кийинки баласы Бекбол футбол менен машыгат.

Эже-сиңди Шевченколор

© Фото / из личного архива Валентины ШевченкоБир тууган спортчулар Антонина жана Валентина Шевченколор Кыргызстанга гана эмес, дүйнө жүзүнө таанымал адамдар. Спортчулардын энеси Елена Шевченко КРдин Тайбокс федерациясын жетектейт.
Улакчы Ниязовдор, балбан Изабековдор... Спортко берилген үй-бүлөлөр. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бир тууган спортчулар Антонина жана Валентина Шевченколор Кыргызстанга гана эмес, дүйнө жүзүнө таанымал адамдар. Спортчулардын энеси Елена Шевченко КРдин Тайбокс федерациясын жетектейт.

Бир тууган спортчулар Антонина жана Валентина Шевченколор Кыргызстанга гана эмес, дүйнө жүзүнө таанымал адамдар. Экөө тең тайбокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиондору. Соңку жылдары аралаш мушташта карьераларын улантып, Америкадагы беделдүү делген UFC уюму менен келишим түзүшкөн. Былтыр кичүүсү Валентина аталган уюмдун 57 килограмм салмактагы чемпиону болгон. Улуусу ушул эле дивизиондо күч сынашат. Мушкерлер көп жылдан бери чет мамлекетте. Спортчулардын энеси Елена Шевченко КРдин Тайбокс федерациясын жетектейт. Жаш кезинде таэквондо менен алектенип, кара кур тагынганы маалым.

Ата-бала килемге түшүп...

© Фото / из личного архива Калмиры Билимбек кызыӨспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Калмира Билимбек кызы атасы жана машыктыруучусу Билимбек Капарбек уулу менен.
Улакчы Ниязовдор, балбан Изабековдор... Спортко берилген үй-бүлөлөр. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Калмира Билимбек кызы атасы жана машыктыруучусу Билимбек Капарбек уулу менен.

Кыргызстандагы өспүрүм балбан кыздардын эң эле ийгиликтүүсү жана таанымалы деп Калмира Билимбек кызын тартынбай айтууга болот. Спортчу Нарындын алыскы айылында машыгып эле дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды. Биринчилик үстүбүздөгү жылдын 3-августунда Болгарияда өткөн. Күрөш федерациясынын маалыматы боюнча, Калмира Билимбек кызы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшүп, күмүш медаль алган экинчи кыргызстандык кыз.

Балбан кыз Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жашап, Тайлак баатыр атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде, өзүнүн атасы Билимбек Капарбек уулунун колунда машыгат.

Балбан кыздын атасы дагы спортту таштабай, мелдештерге катышып келет. Жакында Билимбек Капарбек уулу Грузияда өткөн ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге алды.

Улакчы Ниязовдор

© Фото / из личного архива семьи НиязовыхБул үй-бүлөнүн эң эле таанымалы Манас Ниязов. Манастын агасы Байыш, Кыяз жана иниси Баяман Ниязовдор дагы улакка түшүп, мелдештерден алдыңкы орундарды бербей келет.
Улакчы Ниязовдор, балбан Изабековдор... Спортко берилген үй-бүлөлөр. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бул үй-бүлөнүн эң эле таанымалы Манас Ниязов. Манастын агасы Байыш, Кыяз жана иниси Баяман Ниязовдор дагы улакка түшүп, мелдештерден алдыңкы орундарды бербей келет.

Бул үй-бүлөнүн эң эле таанымалы Манас Ниязов. Ал 26 жашта, Орто Азиядагы көк бөрү сүйүүчүлөрүнө аты белгилүү мыкты улакчылардын бири. Ош облусунун "Достук" командасынын негизги чабуулчусу. Кыргызстандын курама командасында дагы ойнойт. Бир нече ирет "Мыкты чабуулчу", "Мыкты улакчы" аталган. Ал ойногон "Достук" Кыргызстандагы күчтүү командалардын сап башында турат. Манастын агасы Байыш, Кыяз жана иниси Баяман Ниязовдор дагы улакка түшүп, мелдештерден алдыңкы орундарды бербей келет.

Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон ата

© Фото / Самарбек Сабыржан уулуМашыктыруучу Эрали Аскарбек уулу Эржигит жана Азамат деген уулдары менен дүйнө чемпионатынан байгелүү кайткан.
Улакчы Ниязовдор, балбан Изабековдор... Спортко берилген үй-бүлөлөр. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Машыктыруучу Эрали Аскарбек уулу Эржигит жана Азамат деген уулдары менен дүйнө чемпионатынан байгелүү кайткан.

Быйыл 17-18-май күндөрү Чехиянын Прага шаарында жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионаты болду. Мелдештин алкагында кыргызстандык машыктыруучу Эрали Аскарбек уулу өзүнүн баласы Эржигит экөө алтын байге алышкан. Мындан сырткары, экинчи уулу Азамат дагы бир күмүш медаль уткан.

47 жаштагы Эрали Аскарбек уулу Бишкектеги спорт клубдардын биринде жиу-житсу, грэпплинг боюнча машыктыруучу. Мурда эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана дзюдо менен алектенген.

Жиу-житсучу ага-ини

© Фото / предоставлено Абдурахманхаджи МуртазалиевымБир туугандар Муртазали менен Абдурахманхаджи Муртазалиевдер өлкөдө жиу-житсунун бразилиялык версиясын түптөөчүлөрдүн бири.
Улакчы Ниязовдор, балбан Изабековдор... Спортко берилген үй-бүлөлөр. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бир туугандар Муртазали менен Абдурахманхаджи Муртазалиевдер өлкөдө жиу-житсунун бразилиялык версиясын түптөөчүлөрдүн бири.

Бир туугандар Муртазали менен Абдурахманхаджи Муртазалиевдер өлкөдө жиу-житсунун бразилиялык версиясын түптөөчүлөрдүн бири. Алар 2012-жылдан тарта спорттун бул түрүн жайылтуу үчүн аракеттерди көрө баштаган. Учурда Абдурахман КРдин Жиу-житсу федерациясын жетектейт. Сентябрь айында Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге утту. Спортчу жиу-житсу боюнча Азия чемпиону, жабык имараттагы Азия оюндарынын алтын байге ээси, ачык имараттагы Азия оюндарынан коло медаль алган.

Ал эми агасы Муртазали Муртазалиев быйыл Абу-Дабиде өткөн дүйнө чемпионатында спорт чеберлери (мастер) арасында алтын байге уткан. 2018-жылы Индонезиядагы Азия оюндарында коло байге алган. Ошондой эле ал жиу-житсуда бийик даражаны билдирген кара кур тагынган биринчи кыргызстандык экендиги ЖМКларда айтылат.

Жөө күлүк бүлө

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандык түгөйлөр Илья Тяпкин жана Мария Коробицкая белгилүү жеңил атлеттер. Экөө тең 2016-жылы өткөн Рио-де-Жанейро Олимпиадасына катышкан.
Улакчы Ниязовдор, балбан Изабековдор... Спортко берилген үй-бүлөлөр. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык түгөйлөр Илья Тяпкин жана Мария Коробицкая белгилүү жеңил атлеттер. Экөө тең 2016-жылы өткөн Рио-де-Жанейро Олимпиадасына катышкан.

Кыргызстандык Илья Тяпкин жана Мария Коробицкая белгилүү жеңил атлеттер. Бир үй-бүлө болуп түтүн булатып келишет. Экөө тең 2016-жылы өткөн Рио-де-Жанейро Олимпиадасына катышкан. Бир катар эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, эл аралык класстагы спорт чеберлери.

Эгиз балбан Царёвдор

© Фото / из личного архива Руслана ЦареваЭгиз балбандар Руслан жана Роман Царёвдер бала кезинен бери грек-рим күрөшү менен алек болуп келишет.
Улакчы Ниязовдор, балбан Изабековдор... Спортко берилген үй-бүлөлөр. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Эгиз балбандар Руслан жана Роман Царёвдер бала кезинен бери грек-рим күрөшү менен алек болуп келишет.

Спортчулар бала кезинен бери грек-рим күрөшү менен алек болуп келишет. Алар 1991-жылы Казакстанда төрөлүшкөн. Руслан Царёв эл аралык класстагы спорт чебери, Кыргызстандын жети жолку чемпиону. Азиянын чемпиону жана бир нече жолку байге ээси. 2016-жылы Рио-до-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарына катышкан. Ал эми Роман Царёв КРдин спорт чебери, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, Азия жана дүйнө чемпионаттарынан байге алган.

Петрашовдордун династиясы

© Фото / Нурпери СадырбековаБелгилүү сууда сүзүүчү Денис Петрашов атасы жана машыктыруучусу Евгений Петрашов менен.
Улакчы Ниязовдор, балбан Изабековдор... Спортко берилген үй-бүлөлөр. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү сууда сүзүүчү Денис Петрашов атасы жана машыктыруучусу Евгений Петрашов менен.

Таанымал сууда сүзүүчү Денис Петрашов спортчулардын үй-бүлөсүнөн. Анын чоң атасы Георгий Петрашов велоспорт боюнча СССРдин спорт чебери, 1973-1986-жылдары Кыргыз ССР курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон. Атасы Евгений Петрашов Кыргызстанга эмгеги сиңген машыктыруучу.

Денис Петрашов 2016-жылы Рио-до-Жанейро Олимпиадасына катышып, 38-орунду алган. Быйыл сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону аталды. Ошондой эле Түштүк Кореядагы дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен 2020-жылы Токио Олимпиадасына жолдомо алган.

Касеновдордун үй-бүлөсү

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от EDIL KASENOV OFFICIAL (@edil_kasenov_official)

Эдил Касенов 2015-жылдары "Спорттук курулуш жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" (СКСКБ) мамлекеттик ишканасын жетектеген. Учурда үй-бүлөсү менен АКШнын Флорида штатында жашайт. Касенов ден соолугун чыңдоо үчүн спорттун бир нече түрү менен машыгат. Анын кызы Эдель гимнаст, бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Андан кийинки уулу Даниэль жиу-житсу, ушу-саньда менен машыгып, футбол ойнойт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от DANIEL_KASENOV (@daniel_kasenov)

Жаңылыктар түрмөгү
0