Sputnik Кыргызстан агенттиги жашоосу оор кыйынчылыктар менен коштолгон агартуучуну кызыктуу фактылар менен эскерет. Бул үчүн кабарчыбыз изилдөөчүнүн кызы Чынара Бектенованы сөзгө тартты.
Дарыгердин уулу. Зияш Бектенов 1911-жылы 29-октябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы Үркүн окуясына туш келип, кичинекей бала жакындары менен Кытайга качып барган. Анда ал жакшы сүйлөп, тың баса да алчу эмес экен. Атасы Бектен Верныйдагы (азыркы Алматы шаары) училищени аяктап, элетте фельдшер болуп иштеп, эл арасында "Доктор Бектен" лакап атына ээ болгон. Жаш Зияш сабатсыздыгын ошол эле кыштактагы мектептен жоюп, 1925-жылы аны аяктаган. Аны айылдашы, атактуу окумуштуу, тилчи Кусейн Карасаев байкап калып өзү борборго окутканы алып кеткен.
30-жылдардагы Дүйшөн. Өткөн кылымдын 30-жылы болочоктогу илимпоз Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумду бүткөн соң Ош облусунда агартуучулук менен алектене баштаган. Анын аракети менен азыркы Баткен облусундагы бир катар калк жашаган аймактарда иштеген баштапкы мектептердин саны элүүгө жеткен. Көп өтпөй Москвадагы борбордук, Фрунзедеги мамлекеттик басмаканада жогорку кызматтарды аркалаган.
Кыргыз тилине жан үрөгөн илимпоз. Мамлекеттик кызмат, агартуучулукту бирге алып кеткен иш билги жаш адис кыска убакыт ичинде бир нече китеп жазып, окурмандарга сунуштаганга да үлгүргөн. Ал биринчилерден болуп 1933-жылы "Эне тили: Башталгыч мектептердин 4 жылы үчүн эне тили сабактары", 1935-жылы "Кыргыз тили: Грамматика жана жазуу эрежелери. 3-класс үчүн", 1938-жылы "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү" китебин Ташым Байжиев менен бирге жазып, кыргыз филологиясынын түптөлүшүнө зор салым кошкон.
Казакстанга айдалган изилдөөчү. Улуу Ата мекендик согуш башталганга чейин Бектенов Пржевальск шаарындагы институтта иштеп, 1942-жылы советтик армиянын катарында Иранга жөнөтүлгөн. Аскердик кызматын ал жакта 1946-жылга чейин өтөп, мекенине аман-эсен кайтып келген. Андан соң борбор калаадагы Улуттук илимдер академиясында 1950-жылга чейин "Манас" эпосунун түрдүү варианттарын изилдөө менен алектенип, аны кара сөз түрүндө жазып чыккан. Бирок бул аракети ошол кездеги бийликке жакпай, ак жеринен улутчул делип 10 жылга кесилип кеткен. Бала-чакалуу илимпоз Карагандадагы лагерге замандаштары Ташым Байжиев, Тазабек Саманчин менен чогуу айдалган. Бектенов оор күндөрдү башынан өткөрүп, ал жакта беш жыл, беш ай, беш күн болгон. Бул убакыт аралыгында жубайы Ракыш Найзабек кызы тамак-ашын, жылуу кийим-кечесин даярдап, поезд менен жолдошуна барып турган. Ал жолдошун аяп, чарчап калган баласы тууралуу суук кабарды да узак мезгилге чейин угузган эмес. Илимпоз Сталиндин өлүмүнөн кийин жакындарына тирүү келип, 1955-жылы толугу менен акталган.
Ата мекендеги азап. Агартуучу чыгармачылык жолунда Николай Гоголь, Денис Фонвизин, Максим Горький, Александр Фадеев, Александр Островский, Назым Хикметтин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ал реабилитация болгондон кийин башка тилдеги повесть, романдарды эне тилине көп которо баштаган. Анткени лагерден келгенден кийин Бектеновду жогорку кызматтагылар көпкө чейин жумушка албай, ага карата жасалган куугунтук токтогон эмес. Ошондон улам үй-бүлө башчысы балдарын ачка калтырбаш үчүн котормочулук менен алектенген.
Улуу устат. КРдин эмгек сиңирген профессору 1961-жылдан өмүрүнүн аягына чейин мугалимдикти аркалаган. Ал Улуттук илимдер академиясынын мурдагы президенти Абдыганы Эркебаев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын учурдагы төрагасы Назаркул Ишекеев сыяктуу ондогон шакирттерди тарбиялаган.
Үлгүлүү ата. Зияш Бектенов байбичеси менен эки уул, беш кызды тарбиялап өстүргөн. Алардын көпчүлүгү татыктуу билим алып, ар кыл тармактарда эмгектенген. Бир баласы эгемен Кыргызстандын байланыш министри болгонго чейин жетишсе, калгандары дарыгер, экономист болуп иштеген. Окумуштуунун өмүрүнүн соңунда эки көзү көрбөй калып, 83 жашында көз жумган. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө, эки жыл мурда кайтыш болгон байбичесинин жанына коюлган.