"Азаттыктын" операторунун каракталышы. Экспертизалар дайындалып тергөө жүрүүдө

© Sputnik / Максат ЭлебесовМультимедийный пресс-центр Sputnik Кыргызстан
Мультимедийный пресс-центр Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаардык милициясынын бүгүн, 30-сентябрда, тараткан билдирүүсүндө эки күн мурун болгон окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. "Азаттыктын" оператору Айбек Кулчуманов 28-сентябрда Ош шаарында атайын иликтөө үчүн дрон менен видео тартып жүргөн учурунда белгисиз бирөөлөр кол салып, техникасын тартып алганын аталган маалымат каражаты жазган.

Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков выступает на медиафоруме стран ШОС Роль средств массовой информации в развитии Шанхайской организации сотрудничества в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ЖМК үчүн жабык тема жок! Жээнбеков сөз эркиндиги тууралуу
Ага ылайык, техниканын ичинде ошол маалда асманда учуп жүргөн дрондун пульту да болгон. Каракталган жабдыктардын суммасы 1 миллион 580 миң 100 сомду түзөт. "Азаттыктын" жазышынча, жабдууларды Матраимовдорго байланышы бар делген кишилер тартып алган. 

Ош шаардык милициясы бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин 4-бөлүгү ("Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык") беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ош шаардык милициясынын бүгүн, 30-сентябрда, тараткан билдирүүсүндө 28-сентябрда болгон окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат. 

"Бүгүнкү күндө мурда катталган үч арыздын алкагында иликтөө иштери жүрүп жатат. "Азаттык" радиосунун оператору өз арызында белгилеген видеоаппаратураларды тартып алган жарандар аныкталып, алар тергөө кызматына өз көрсөтмөлөрүн берип жатат. Алынган видеоаппаратура ал жарандар тарабынан акт негизинде тергөө кызматына өткөрүп берилди. Тергөө иштеринин алкагында алынган далил буюмдарга ээлеринин катышуусу менен кароо жүргүзүлөт жана тартылып алынган видео-фото тасмалар болсо экспертиза дайындалат", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, Айбек Кулчумановдун жараатынын оор-жеңилин аныктоо үчүн экспертиза дайындалган. Ушундай эле башына дрон түштү делген жаранга дагы экспертиза дайындалып, Супаналиев көчөсүнүн жашоочулары күбө катары көрсөтмө берүүдө.

"Азаттыктын" операторунун каракталышы боюнча "Эркин Европа/Азаттык" (RFE/RL) радиосунун президенти Жейми Флай тез арада тергөө жүрүп, каракталган жабдуулар бошотулушу керектигин Twitter баракчасына жазды.

Андан сырткары, Кыргызстандагы бир катар медиа уюмдар болгон окуя боюнча тынчсыздануусун билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0