Аба бекеттин аңырайган аянтында каз катар тизилген учактардын арасында барар багытын билбей, Стамбулга сызсамбы же Москвага зуу койсомбу деп ыргылжың абалда турган бирөө да жок. Ар биринин камдалып, сүйлөшүлүп, чечилген таризи так, ошондон чыкпайт. Белгиленген мерчемдерин мээлеп, тетиктери текшерилип, кайкып учууга камдуу. Ошон үчүн адамдар аларга ыңгайлашат. "Түштөрдө", "кечтерде", "эмки жумаларда" чала гой, бара калам" дешпейт. "Чыга көрөбүз", "бара билербиз" деп көңүл кош, тоотпос мамиле жасабайт. Дал эле ошол сыяктуу ким максатын таап, өмүрүн туура мерчемдесе, иш-аракети ийги, басыгы бараандуу болот. Башкалар анын ыгына көнөт, нугуна түшөт жана ыргагына баш иет. Антпесе өзүнүн шору.
Эмне үчүн? Анткени самолеттон мурда убактыңды, аны менен кошо мүмкүнчүлүгүңдү колдон учурдуң... Ага ааламда бир гана күнөөлүү — өзүң. Тайып жыгылса жолду, чалынып чыгылса тепкичти күнөөлөгөнгө маш кул пенде, албетте, айыпты ар жактан издеп көрөт, керек болсо табат, бирок чындык ушул, кептин баары өзүңдө...
Эчкиге төө жана экинчи шанс
Кийинки самолетко билет аларсың. Бирок кошумча бөөдө чыгымдан чөнтөгүң бир топ бөксөрөт. Барчу жагыңда тариздеген иштериңдин көбү артка жылат, кээ бири, балким, эч качан чечилбес түйүндөй байланат. Мисалы, далайдан издеп тапкан инвесторуң менен макулдашкан убактыңда жолуга албасаң ишенимден чыгасың. Ишеним менен бирге инвестор өзү артын карабай кетет, анткени убакытка кыянат кылган жан — адамга, биргелешкен ишке, ортодогу мүлккө, келишимге аяр болору күмөн деген күдүк сезим көөдөнүнө тык этпей койбойт.
Турмуш самолет эмес...
Ошондуктан, тууганым, максатыңды убактысы менен кошо аныкта. Мээ, туйгу сезим так, конкреттүү маалыматты кабылдайт. Чар жайыт, бозомтук, бүдөмүк абстракция акылга сиңбейт, демек, сени жеңиштерге жетелеп, ийгиликке түртпөйт. Балага "шоктонбо", "жакшы жүр", "тиякка бар" деген менен майнап чыкпайт. Алар — жалпы сөздөр. Шоктонбо деген — сууну төкпө, дубалга сызба, кагаз-калемди чачпа, табакты таңкылдатпа, кыйкырба, секирбе ж.б. деп чечмелениши мүмкүн. Тиякка бар дегенди — уктоочу бөлмөгө кир, аянтка чыгып ойно, апаңдын жанында отур, ашканага жөнө, сиңдиңе кошулуп сүрөт тарт деп даанала. Ошол сыяктуу эле, бир жерге барам деп айтуу — сөз, ойлонуу — ниет, ал эми билет алуу — максат. Анткени билетте убакыт, маршрут жана шайман так көрсөтүлгөн. Аракет сөзсүз ошого жараша жүрөт. Болгону, убакыттан уттурба.
Бирок турмуш самолет эмес. Экинчи жолу билет алууга дайыма эле мүмкүнчүлүк тартууланбайт...